Баткен шаарынын чет жакасында кыргыз-тажик жаңжалында каза болгондордун жакындары үчүн чакан шаарча пайда болду. Президент Садыр Жапаров курулуш иштери менен таанышып, үйлөр эки жумага жетпей толук бүтө турганын айтып убада берди.
Анда уюмга мүчө бешилтиктин жана башка эки мамлекеттин премьер-министрлери катышты. Алты жылдай мурда түзүлгөн уюмда дагы деле болсо ондогон тоскоолдуктар калып келет.
Былтыр 5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда жаракат алгандардын көбү бийликке нааразы. Айрыкча көзүнөн, бутунан жараат алгандар каражат жоктугунан дарылана албай жатканын айтып жатышат.
Бишкектин борборундагы Байчечекей үйүндөгү 176-батирдин жашоочулары курулуш компаниясы алардын жанына мыйзамсыз үй куруп жатканын айтып митингге чыкты. Жашоочулар курулуш компаниясы спорт аянтчаларынын аймагын мыйзамсыз ээлеп алды деп, сотко кайрылып, бирок утулуп калган. Жерди сатып алгандар болсо
Бир кезде көк майсаң баскан жайлоолор төрт түлүк малдын эсепсиз көбөйгөнүнөн, жерди аңтарып кен-байлыктарын казуудан жана климаттын өзгөрүүсүнөн улам жылдан жылга кыскарууда.
"Туран" партиясынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынан алдында каршылык акциясын өткөрдү.
Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттин жубайы Вероник Гаррет "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда аткарып жаткан иштери, майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдик коомду жаратууга жасаган аракеттери тууралуу айтып берди. Ал ошондой өзүнүн жеке тажрыйбасы, кызы Флоренс жөнүндө да
Орусиядагы укук коргоочулар акыркы жылдары баңгизат ташууга айыпталып полициянын торуна түшкөн кыргызстандыктар күн санап көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагышууда. Орусияда баңгизат ташууга айыпталып абакта жаткан кыргызстандыктардын жакындары “Азаттык” радиосуна кайрылып, кыргыз бийлигинен ук
Катар мамлекетинин адистери Кыргызстанда 150 балага жасалма кулак жабдуусу - кохлеардык имплант тагып берет. Ар бир импланттын баасы 25 миң доллардан жогору, бирок, алар жабдууну акысыз тартуу кылышмакчы. Долбоор үч жыл ичинде ишке ашат. 24-июнда башталган бул операциялардын биринчи этабында беш жаш
Чыгаан жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматов тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Жубайы, Онкология улуттук борборунун директору Бактыгүл Султангазиева сыябан-маек курду.
Чүй облусунун үч районунун дыйкандары айдоо талаалары суу жетпей күйүп баратканын айтып, митингге чыгууда. Өкмөт болсо суу жылдагыдан аз келип жатканын айтып жатат. Мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деп эскерткендер да бар.
Үч тарабынан тажик айылдары курчап турган Достук айылынын тургундары чек арадагы кырдаал курчуган сайын айылдан качып чыгууга мажбур. Таш-Тумшук айылынын тургундары президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Лейлек районундагы Максат, Арка айылдарында жаңжалдан талкаланган үйлөр т
Максат айылындагы кыргыз-тажик жаңжалы учурунда өрттөлгөн имараттардын курулушу аяктап, жеке турак жайлардын пайдубалы түптөлүп бүттү. Эми сип-панел менен аянты 123 чарчы метр болгон үйлөр тургузулат. Жарандардын бир бөлүгү жеңил конструкциядагы турак жайлардын сапатына ыраазы болбой жатышат.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары чек арадагы кырдаал курчуган сайын айылдан качып чыгууга мажбур. Алар 4-июнда дагы үйүндө түнөгөн жок. Бул күнү Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында түшүнбөстүктөр жаралган эле. 29-апрелдеги жаңжалдан кийин айылдан көчүп кетүүнү каалгандар көп. Буга б
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан бери бир айдан ашык убакыт өтсө дагы Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюндагы Таш-Тумшук айылынын тургундары үйлөрүнө толук кайтып келе элек. Алар президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат.
"Азаттыктын" кабарчылары жаңжалдан жабыркаган Баткен облусундагы Ак-Сай, Достук айылдарында болуп, элдин жашоосу менен таанышып кайтты.
Кыргыз өкмөтү 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди. "Азаттыктын" журналисттери дагы кенди жеринен барып көрүп келди.
25-майда Улуттук филармониянын кичи залында пианист, Гнессин атындагы Орусиянын музыкалык академиясынын бүтүрүүчүсү Талгат Аракеев элге жеке концертин тартуулады. Фортепиано музыкасынын сүйүүчүлөрү үчүн бул жагымдуу жаңылык болду. Анткени Аракеев күйөрмандарына француз элинин мыкты делген композитор
"Кудук" маданий борбору Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетин чагылдырган "Аккорд" аттуу спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Анын автору согуштун айынан жетим өсүп, ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан сүрөтчү Диана Рахманова.
Дагы жүктөңүз