Чек ара: 17 миңдей киши үй-жайын таштап качууга аргасыз болду
Соңку чек ара чырында Достук айылына бир нече снаряд түшкөн. Чачырандысы үйлөрдүн чатыр, дарбазаларын тешип кеткен. 17 миңдей жаран үйүн таштай качып, 13-апрелде алардын бир бөлүгү кайтып барды. Кооптонуудан улам бир сыйра кийимин, документтерин камдап азыр да качканга даяр турганын айтып беришти.