Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралары кесилишкен Фергана өрөөнүндө суу - экологиялык, экономикалык же социалдык эле маселе эмес, геосаясий мүнөзгө да ээ. “Азаттык” радиосунун "Сел менен кургакчылыкка эмне себеп?" деп аталган атайын долбоорунун алгачкы чыгарылышын сунуш кылабыз.
"Азаттыктын" журналисттери Айбек Бийбосунов менен Бектур Стамкулов эки жылдан ашуун согуш жүрүп жаткан Украинадагы кырдаалды жеринен көрүп келишти.
Аймагынын 90% ашуунун тоолор ээлеген Кыргызстандын өзүндө альпинизмдин абалы кандай? Бийик тоолорду, ак чокуларды багынтуу кыялы менен келгендер үчүн Кыргызстан канчалык кызыктуу өлкө? “Азаттыктын” “Данисте” берүүсү бул жолу экстремалдуу спорт саналган альпинизм тууралуу кеп кылат.
30 жыл мурун Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайына академия макамы берилген. Окуу жай белгилүү айкелчи Тургунбай Садыковдун ысымын алып жүрөт. Сүрөт өнөрү кантип жашап жатат? Сүрөтчүлөрдүн негизги темасы эмне? “Данисте” ушул суроолорго жооп издеди
Кыргыз тайганы Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы ит тукуму катары белгилүү. Ал күлүк жана жытчыл болгондуктан, мурдатан эле аң уулоо үчүн колдонулуп келген. Соңку жылдары "Салбуурун" менен катар эле тайгандардын жарышына кызыгуу күчөп, атайын ушул максатта тайган таптагандар көбөйдү.
Кыргыз медицинасындагы кадр тартыштыгы, алыскы айыл жергесинде ак халатчандардын жоктугу ардагер дарыгерлерди эс алууга кетирбей иштөөгө аргасыз кылууда. “Азаттыктын” “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышында ардагер ак халатчандардын түмөн түйшүктүү ишин көрсөтөбүз.
Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры - Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири.
Алайку өрөөнү - облус борборунан обочолонгон, шарты катаал, жолу татаал аймак. 20 миңдей киши жашаган өрөөн Кытай менен чектешип, деңиз деңгээлинен 2300 бийик турат. “Данисте” бул жолу тоолуктардын турмушун көрсөтөт.
Кыргызстанга Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарынын саны өсүп жатканы айтылууда.
Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда көз карандысыз “Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим чыгарды.
Ысык-Көл дүйнөдө тоо арасында жайгашкан эң терең көлдөргө кирет. Кыргызстандагы туризимдин борборунун бири. Көлгө ондогон өзөн суулар келип куят. Соңку үч жылда көлдүн суусу 10 метрге чейин тартылып кеткен. “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышы Ысык-Көлдүн экосистемасына арналды.
Каракол шаарына жакын Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Пржевальск-Пристаны - совет доорун эске салган айылдардын бири.
Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири Кара-Кечеде ушу тапта иш кайнап жаткан учур.
Өткөн жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Баткендин Ак-Сай айылы катуу бүлгүнгөн. Беш миңдей тургун жашаган айыл Тажикстандын Ворух анклавына чектешип турат.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Андарак айылында быйыл 10 аял өз өмүрүнө кол салып, алтоо каза тапты. Төртөөнүн өмүрүн дарыгерлер сактап калган. “Азаттык” бир айылдын келиндери туш болгон каргашалуу окуялардын себептерин иликтеди.
Быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы. Жазуучунун дүйнөлүк адабияттан ордун тапкан чыгармаларындагы каармандар анын замандаштары, айылдаштары болгон. “Данисте” бул жолу Айтматовдун балалыгы өткөн Таластын айылдарын кыдырып, анын каармандары тууралуу айтып бермекчи.
Бишкектин Горкий гүлбагында 9-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы нааразылык акциясы өттү. Чогулгандар бийликке кайрылып, желекти өзгөртпөөгө, элдин пикирин угууга чакырышты. Акцияда тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду бошотуу талабы дагы айтылды.
Бир ай мурда Таласта зомбулукка каршы тынч жөө жүрүштөр өткөн. Быйыл жыл башынан бери облуста үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 200гө жакын аял милицияга кайрылган.
Чоң Кемин - Күнгөй Ала Тоо менен Иле Ала Тоосунун ортосундагы өрөөн.
Абдыкадыр Орозбеков – сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири. Бирок 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.
Дагы жүктөңүз