"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстанда көп аялдуулукка мыйзам жол бербегени үчүн бул боюнча расмий маалыматтар жок. Мындай тагдырга кабылгандар да турмушу тууралуу дээрлик үн катпай келет. “Данисте” бул берүүдө көп аялдуулукка туш болгондордун жашырынган жашоосун көрсөтөт.
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык башталды. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө жылына 5,6 млрд. КВт саат электр энергиясын өндүрөт. ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрге жетип, 5,4 млрд. кубдан ашуун суу чогултат.
“Азаттык” радиосунун “Данисте” программасында эски трактор менен бир айылга суу жеткирген мураптын тоодогу тиричилиги. Элдин жүгүн мойнуна алган акын Токмок шаарынын четиндеги дачаны айылга айландыргысы келет. Ош шаарында кыз-келиндердин укугу үчүн күрөшүп жүргөн жаш активисттин кыялы.
Талас облусунда ушул тапта 7000ден ашык күрт улутундагы тургундар жашайт. Көп улуттуу облуста кыргыздардан кийин эле саны боюнча күрттөр турат. Кыргыздар менен салт-санаа, жашоо турмушу окшош күрт элине Кыргызстан өз мекени болуп калды.
Учурда Таласта 400дөн ашуун немис улутундагы жарандар жашайт. Алардын айрымдары бир учурда Германияга кетип, кийин кайра кайтып келишкен. Жергиликтүүлөр менен жуурулушуп, салты аралашкан эл негизинен мал чарба менен алек. Арасында кыргыздар менен куда-сөөк болуп, очор-бачар болгондору да аз эмес.
"Данисте" түрмөгүнүн "Тагдырды өзгөрткөн мугалим" сериясынын каарманы Атыркүл Кутманова. Ал Чаткалдын алыскы айылдарынын биринде 30 жылдан бери математикадан сабак берет. Элеттик агартуучу алыскы айыл жериндеги миңдеген мугалимдин образын тасмада чагылдырып, дүйнөгө таанылган.
54 жаштагы Гүлжамал Калчабаева Алайдын Кабылан-Көл айылында мугалим. Ал пенсияга чыкканына карабай, мектептен кеткиси келбейт.Түмөн түйшүктүү кесип ээлеринин абалы көңүл жылытпайт. Буга чейин өкмөт мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн айткан. "Данисте" элеттик мугалимдин түйшүгүн көрсөтөт.
Казакстан пандемияга байланыштуу киргизилген чек арадагы чектөөнү алды. Эки жылдан бери кыргыз жарандары жакын турган коңшу өлкөгө учак менен гана каттап, мекенине айлап келе албай жаткан.
Кыргызстандык кыздар алгачкы жолу асманга нано спутник учурушту. Алар спутниктин моделин Казакстандын Алматы шаарында өткөн окууда даярдаган. Ал 3000 метр бийиктикке учуп, аба датчиктери боюнча маалымат чогултту.
Талды-Суу - Алайдагы алыскы айылдардын бири. Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан айылдын кышы узак, жашоо шарты шарты катаал. Эки жыл мурун кыргыз бийлиги бул айылга 80ден ашык Улуу жана Кичи Памирден кыргыздарды жайгаштырып, үй салып берген. "Данисте" Талды-Суу айылындагы памирлик кыр
29 жаштагы Эсен Ниязов Америкада он жылдай IT тармагында иштеп, Кыргызстанга кайтып келген. Ал Бишкекте жана жакында эле Москвада мекендештери үчүн IT кампусун ачты. IT мектебинде окуу акысы 12 миң сомдон башталат.
Улуттук макамга ээ болгон “Манас” театрына мамлекет тарабынан имарат берилди. Бул имарат Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган кезде жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн. “Манас” театрын
“WikiGap. Кыргызстандын айымдары” долбоорунун алкагында Википедия кыргызстандык мыкты жүз айымдын ысымы менен толукталды. Эми өз тармагында ийгилик жараткан айымдар тууралуу көпчүлүк кенен маалымат ала алат. Бул долбоордун максаты – ийгиликке жеткен кыргызстандык аялдар жөнүндө маалымат берүү аркыл
Нарын эки тоонун ортосунда орун алган чакан шаар. Ал Бишкек шаарынан 365 чакырым алыстыкта, Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 2024 метр бийиктикте жайгашкан. 150 жылдык тарыхы бар шаар эки чөлкөмдөн турат. Тоо койнунда жайгашкан чакан шаар эч кимге жүгүн артпай, тиричилигин жүргүзүп келе жа
Жекшембиде Ат-Башынын мал базарына Нарындын булуң-бурчундагы айылдардан эл келет. Калкынын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен тиричилик кылган нарындыктар үчүн мал базар - соодасын кылып, кем-карчын толуктаган же жолугуп, пикир алышкан жай.
Акыркы жылдары тигүүчүлүк Кыргызстанда суроо-талап жогору кесиптердин бирине айланды. Анткен менен оңой акча таба кое турган кесиптерге кирбейт. Каарманыбыз Жылдыз Абакирова он жылдан бери онго жакын тигүү цехтеринде иштеген.
Баткендик Көк-Таш айылынын тургуну Жалил Каработоев окко учкан уулун жерге бергенден кийин пайда болгон жалгыз көгүчкөндү баласынан келген белги деп жоруйт.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу жаңжалдар бат-бат катталып турат. Адатта чек ара чырында эркектер айылда калып, аялдар балдары менен эвакуация болот. Адистер чек ара чырлары өзгөчө аялдар жана балдар психологиясына таасир этип, алар стресске кабылары
2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын катары көбөйгөнү байкалган. Баткен облусуна Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын жалпы саны 1000ге жакын. Алардын теңи жарандык алуу үчүн арыз менен кайрылган.
Ушу тапта өлкөдө зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөткөн 17ге жакын кризистик борбор бар.
Дагы жүктөңүз