"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. 2015-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Баткендин Көк-Терек айылы бир жыл ичинде күлгө айланып, кайра түптөлдү. Тажикстан менен чектешкен айылда куралдуу жаңжалда бир да имарат соо калган эмес. Чек ара чырынан толугу менен жабыркаган айылдын азыркы турмушу кандай?
Быйыл Баткендин чек арага чектеш айылдары куралдуу жанжалды баштан өткөрдү. Жазындагы жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам каза болду. Кыргызстандык каза болгондордун жакындарына Баткен шаарынын чет жакасынан шаарча курулган. Ага Лейлекте каза болгон 12 жаштагы Мадинанын аты берлиген. "Аз
Лейлектин эң четки айылы Сада тууралуу быйылкы жаңжалдан кийин гана эл оозунда айтыла баштады. Сада - жазында кыргыз тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган айылдардын бири. Бул айылда онго жакын үй күйүп, тургундар мал-мүлксүз калган. Азаттыктын" кабарчысы Садалыктардын азыркы турмуш ти
Быйыл Баткендин чек арага чектеш айылдары куралдуу жаңжалды баштан өткөрдү. Кыргыз тажик чек арасындагы жаңжалда бир катар айылдарда 140тай үй күйүп, алардын ордуна жаңы имараттар курулду. Айрым айылдар толугу менен кыйрап кайра түптөлдү.
Мырзасейит Исаевдин үй-бүлөсү апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген. Ал азыр Бишкектин четинде батир ижарага алып, үч баласы менен жалданма жумуштарда иштеп жан багып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жашап келген Ис
Кыргызстанда расмий маалымат боюнча ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын саны 11 миңге жетти. Бул сандардын артында жакындарынын, коомчулуктун басымына кабылып, илдет менен жалгыз күрөшүп жаткан тагдырлар бар. "Данисте" берүүсүндө бул жолу ВИЧ жугузганы үчүн күйөөсүн сотко берген аялдын жана ВИЧ ста
Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Бул жердеги аялдардын 25% "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар.
Ак-Жар конушу Бишкектин борбордук аянтынан 10 чакырым алыс жайгашкан. 2005-жылкы ыңкылаптан кийин пайда болгон конушта эл турган жери, үйлөрүнүн документтери жок жашап келет. Мындан улам алардын жол, суу, мектеп, бала бакча сыяктуу инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөрү чечилбей турат.
"Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырган "Илимдеги кыздар" долбоорунун биринчи баскычы жыйынтыкталды. Алгачкы беш айда 113 ментор 800 окуучу кыз менен иштешти.
Кыргызстанда 600 мектеп жетишпейт. Мектеп жетишсиздиги өзгөчө Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда байкалат. Кээ бир мектептер үч сменде иштеп, айрым класстарда 50гө чейин бала окуп жатат. Адистер мындай жагдай балдардын укугун бузуп, билим сапатына терс таасир тийгизээрин белгилешет.
1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. 89 жаштагы Александра Ким пенсияга чыккандан бери Бишкектеги жайма базарга чыгат. Өмүр бою медицина тармагында иштеген аял 7800 сом пенсия алат. Ушундан улам акчасын үнөмдөп жашап, талыкпай иштегенге көнгөн экен. Александра Ким 1-октябрды жыл сайын майрамга бе
Токтогул суу сактагычынын артында калган Токтобек-Сай айылында отуздан ашык түтүн жашайт. Он беш жыл мурда электр жарыгы кирген айылда мектеп, оорукана жок. Телефон байланышы айрым жерде гана тартат. Мындагы эл кайык менен шаарга каттап, оокат кылат.
Белгилүү скульптор-монументалист, Кыргыз илимдер академиясынын, СССР сүрөтчүлөр академиясынын академиги, ондогон мамлекеттик сыйлыктардын, наамдардын ээси Тургунбай Садыков 86 жашта. Ал бүгүн өзү түптөгөн улуттук көркөм академияны жетектеп, өнөрканасында жаңы чыгармаларды жаратуу менен алек.
Акыркы жылдары Екатеринбург кыргызстандык эмгек мигранттары көп келген Орусиянын шаарларынын катарын толуктады. Алар ар кандай тармактарда иштеп, көбү үй-бүлөсү менен көчүп барган. Ушундан улам Екатеринбургда жалаң мигранттар жашаган район, бала бакча, мектептер бар.
26 жаштагы Бекназар Алмазбеков Орусиянын Урал аймагындагы белгилүү дизайнерлердин бири. Екатеринбург шаарында окуган кыргызстандык дизайнер бир катар конкурстардын жеңүүчүсү. Ал бир кезде иш издеп кеткен мигрант үй-бүлөнүн уулу.
Орусиянын Екатеринбург шаарында олимп оюндарынан кийин кыргызстандык мигранттардын балдары арасында күрөшкө кызыгуу күчөгөн. Бир нече ай мурда ачылган спорт залда ондогон балдар эркин күрөш менен машыгып жатышат. Тренерлер да, балдардын ата-энелери да бир учурда иш издеп Екатеринбургга келген мигран
Ош облусунун тургуну Зарина Чилова ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын колунда чоңойгон. Ал өз мисалында Кыргызстан эгемендик алган жылдардан кийин алыска ата-энесин узаткан балдардын жашоосун баяндайт.
26 жаштагы Руслан Каримов Екатеринбург шаарында бала кезден бери жашап келет. Анын атасы Екатеринбургдагы кыргыздардын диаспорасын түптөп, мекендештерине жардам берген активист болчу. Бир кездеги миграцияга кеткен үй-бүлөнүн уулу мекендин барк-баасы туурасында ар дайым ойлонот. Атанын жолун жолдоп,
Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын белгилеп жатат. Буга байланыштуу эң негизги иш-чара Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында болду.
Гүлайым, Нурайым, Элина Сапаровалар Орусиянын Екатеринбург шаарында төрөлүп өсүшкөн. Эже-сиңдилердин ата-энеси Советтер союзу тараган жылдары Орусияга иштегени келип, калып калган. Отуз жылдан бери бөтөн жерде жашаган ата-эне мекенинен үзүлө албай жүрсө, ал жакта өсүп калган кыздары Кыргызстанга бай
Дагы жүктөңүз