Тажикстан кошумча 20 миң аскер менен ооган-тажик чек арасын бекемдейт. Мындай чара “Талибандын” Ооганстандын түндүгүндө чабуулдарын күчөтүп, улам бир районду ээлеп жатканына байланыштуу көрүлүп жатат.
Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотуу талабы менен өткөн акцияларда миңдеген адамдар кармалды.
Кыргызстандагы экономиканын абалы, бажыдагы коррупция, бизнеске криминалдын таасири жөнүндө суроолорго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков жооп берди.
АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди.
Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү жөнүндө чечими коомчулукта түрдүүчө кабыл алынды.
Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы баш консулу Эркин Сопоковго акчалай айып пул салынып, сот залынан бошотулганы белгилүү болду.
Минскидеги ЕАЭБ жыйынында кыргыз өкмөтүнүн башчысы Кубатбек Боронов пандемияга каршы күрөш темасын көтөрдү.
Жогорку Кеңеш чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы катары таануу боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги крым татарларынын лидери, Мустафа Жемилевдун айткандары боюнча Украинанын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жолдоду.
Юстиция министрлиги парламентте талаш жараткан кумсалыкты пропагандалоого каршы жана бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары таануу жөнүндө мыйзамдарды адам укугун чектейт деп эсептейт.
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдердин топтомуна кол койду.
Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, акыркы бир жылда Сирияда машыгуудан өтүп, согуштук аракеттерге катышып келген 33 адам кармалды.
18-майда партиянын орус улутундагы беш мүчөсү саясий бирикме өз идеологиясынан четтеп кетти деп курамынан чыкса, бүгүн да ушундай эле жүйө менен анын теңтөрагасы Рустам Маманов партиядан кеткенин жарыялады.
Ички иштер министрлиги мас абалында бири-бирин кызматтык куралдан аткан Жол кайгуул кызматкерлеринин жаңжалы боюнча иликтөөнү баштады. Ал боюнча премьер-министр Темир Сариев да чукул жыйын өткөрдү.
Өкмөт электр энергиянын баасын жарыялады. Ага ылайык, өлкөдө 1 кВт. саат электр энергиясы кардарга жеткендеги өздүк баасы 1 сом 62 тыйын деп эсептелди.
Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков камакка алынды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан тастыкташты.
“Медиа Полиси” фонду “Вечерний Бишкек” басылмасынын айланасындагы чыр боюнча мамлекеттик телеканалдар көрсөткөн тасма боюнча тынчсыздануусун билдирди.
Москва Арбитражы канадалык Stans Energy компаниясына каршы Кыргызстандын доо арызын канааттандырды.
Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү 30 миңден ашык паспорт мыйзамсыз берилди деген маалыматка тынчсызданды.
Дагы жүктөңүз