“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (9-16-июль).
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө багытталган кеңешме журналисттердин катышуусу менен биринчи жолу ачык өттү.
Чүй боорундагы Төмөнкү Серафимовка айылында жайгашкан карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын интернатында 350 киши жашайт. Алардын 160ы төшөктөн тура албайт.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Люсио Валерио Сарандреа "Азаттыкка" маек курду.
Жайкы эс алуу маалында кырсыктардын алдын алуу кандай жүрүп жатат? Балдар коопсуздугун көзөмөлдөө жетиштүүбү? "Азаттыктын" апта түрмөгү мына ушул теманы талкуулайт.
Кыргызстанда кымбат баалуу, асыл тукум ит багып саткан бир нече чарба бар. Ишкерлер бул чарбаларда жайкысын жана кышкысын соода токтоп калгандыктан, бул бизнес кирешелүү болбой, көп учурда чыгашага учурашарын айтышат. Өлкөдө эң кымбат ит канча турат?
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (2-9-июль).
Айчүрөк Кожоналиева 28 жашта.
Ысык-Көлдө быйылкы эс алуу сезону кандай? Эс алуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнбү? Саркынды суулар, таштанды проблемасы кантип чечилип жатат?
Канада менен АКШнын окумуштуулары жумасына 40 сааттан ашыкча иштөө кант диабети сыяктуу өнөкөт ооруларды чакырарын аныкташты. Кыргызстанда күнүнө 10 сааттан ашык иштеп, жаны тынбаган адамдар ого бетер көбөйүүдө. Ашыкча иштөөнүн саламаттыкка кесепети кандай?
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (25-июнь - 2-июль).
"Майло" аттуу робот балдар менен сүйлөшүп, алардын эмоционалдык абалын аныктап, педагогго сабак өтүүгө жардам берет.
Бишкекте учурда ичеги-карын оорулары менен ооруканага түшкөндөр арбын. Орун жоктугунан бейтаптар коридорлордо жатууга аргасыз.
2013-жылдан бери кыргызстандык "Салкын" текстил фабрикасы өндүргөн товарын КМШ өлкөлөрүнөн тышкары Европага чейин экспорттоп жатат. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен фабрика быйыл жаңыланып, жылына 198 тонналык өндүрүмүн 408 тоннага чыгарды.
Бишкекте жаңы курулуп жаткан үйлөрдө өрт коопсуздугу эмнеге сакталбай жатат? Өрт өчүрүү үчүн кирип-чыгуучу жолдору жок үйлөр кайсы органдардын уруксаты менен курулууда? Бийик үйлөрдө заманбап өрт өчүрүүчү системалар каралганбы?
Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (18-25-июнь)
Үйлөнүү тоюн өткөрүү азыр Кыргызстанда кирешелүү бизнеске айланды. Колуктунун көйнөгүнөн тартып, ресторанды кооздоо, сүрөт, видео тартуу сыяктуу кызматтардын түрү ачылып, бул индустрияда миңдеген адамдар иш ордун тапты.
Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинде эл аралык “Кыргызстан Туризм Экспо” жармаңкеси өттү.
Жакырчылыкты жоюу боюнча өкмөт жасап жаткан иш-аракеттер тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен маек.
Бишкекте 20-июнда Кошмо Штаттарынын жарандары асырап алган кыргызстандык балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен теле-көпүрө болду. Ондон ашык үй-бүлөнүн катышуусундагы бул иш-чараны АКШнын Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп, Жогорку Кеңештин депутаттары, социалдык өнүгүү министри, бала асыроо боюнча эл
Дагы жүктөңүз