"Bloomberg" каналынын веб-сайтына "Азиядагы эң чакан өлкө дүйнөлүк соода согушуна алтынды калкан кылууда" аттуу макала жарыяланды. Орусия менен Кытайдагы валюта базарындагы туруксуздуктун таасиринен коргоо үчүн Кыргызстандын эл аралык резервдеги үлүшүн 50% чейин көбөйтүп, 2 миллиард долларга жеткирүү ниети бар. Ушул тапта бул көрсөткүч 16%.
Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов: "Оюн эрежелери алмашты. Азыр биздин резервде кайсы валюта болбосун баары бир дүйнөлүк соода согушунун таасири тиет. Доллар, юань же рублга карабай, алтынды көбөйтүшүбүз керек", - дейт.
Алтын боюнча дүйнөлүк кеңештин маалыматына караганда, мындай саясат Кыргызстандагы алтын запасын пайыздык катыштан караганда, Орусия жана экономикасы кыйла өнүккөн Түркия менен Индиянын деңгээлине жакындатат. АКШ менен Германия резервинин 70% алтын менен сактайт.
Абдыгуловдун айтымында, Кыргызстан баалуу металлды азыркыдан да көбүрөөк каза алат. 2017-жылкы эсеп боюнча канадалык "Centerra Gold" иштеткен алтын кениндеги жалпы өндүрүш 3,4 миллиард долларга бааланган. Абдыгулов кызмат мөөнөтү бүткүчө, башкача айтканда 2024-жылга чейин казынадагы алтындын запасын көбөйтүүнү максат кылаарын айткан.
"Алтынды каалаган учурда керектүү валютага алмаштырса болот. Кудай бизге абдан көп кен байлыкты берген экен. Андыктан аны сарамжал колдонуу абзел", - деди "Bloomberg" каналына.
Үй-бүлөлүк башкаруу доору
Лондондогу Падышалык институттун Евразия боюнча талдоочусу Аннет Бор Борбор Азияда үй-бүлөлүк башкаруу улам күчтөнүп баратканын "Eurasianet" басылмасына жазды. "Авторитардык бийлик өкүм сүргөн Түркмөнстанда, Казакстанда жана Тажикстанда бийлик бир династияга таандык. Ал арада өз жакындарын бийлик үчүн курмандыкка чалгандар да бар. Мисалы, казак ажосу Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Рахат Алиев кайнатасынын тактысына көз артканы үчүн куугунтукталып, акыры Венадагы түрмөдө көз жумду. Мурдагы өзбек лидеринин кызы Гүлнара Каримова Ташкентте камакта.
Тажик президенти Эмомали Рахмон уулун Душанбенин мэрлигине койсо, Түркмөнбашы Гурбангулы Бердымухамедовдун 36 жаштагы уулу Сардардын саясий жылдызы жанып турган чагы. Маркум Сапармурат Ниязов Бердымухамедовдон айырмаланып, бала-чакасын бийликке аралаштырчу эмес. Ал эми азыркы түркмөн лидери уулу Сардарды бир заматта парламенттеги сыйлуу комитеттердин башына алып барып, Тышкы иштер министрлигинен жогорку кызмат берди. Буга кошумча президенттин уулу 2017-жылдын май айынан бери мамлекеттик маанилүү эл аралык иш сапарларга атасынын ордуна барууда. Ошентсе да алтымышка жаңы чыккан Бердымухамедов Борбор Азиядагы эң жаш лидер. Аймактагы башка кесиптештериндей ажалга моюн сунгуча бийликте турары шексиз. Буга карабай анын уулу тактыны мурастап калууда ишенимдүү кадам таштоодо", - деген пикирде окумуштуу Аннет Бор.
Эрдоган Азияны колго алууну көздөйт
Жапонияда чыккан "Asian Nikkei Review" журналы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоодон кийин Азия жана ислам дүйнөсүнө өз таасирин болушунча арттыруу аракетинде экенин баяндайт. "Мустафа Кемал Ататүрктөн кийинки эле эң кубаттуу лидерге айланган Эрдоган өз позициясын мекенинде эле эмес, бүтүндөй Ислам дүйнөсүнөн тарта Чыгыш Азияга чейин жайылтууну көздөйт. 15 жыл өлкө башында туруп, Түркия Балкан аймагы, Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Африка өлкөлөрү менен мамилесин чыңдады.
Батыш Эрдогандын авторитардык башкаруусунан чочулап жатканда ал Чыгыш Азия, Орусия, Кытай, Филиппин жана Малайзия менен ымаласын ысытууда. 2014-жылы Батыштан аккан инвестициялар токтоп калганда Эрдоган Орусия, Кытай жана Жакынкы Чыгыштан тез эле өнөктөштөрдү таап, өлкөсүнүн экономикасынын тизелеткен жок. Мисалы, Түркиядагы эң ири "Финанс" банкы 2016-жылы Катардагы ири компанияга сатылды. "Деңиз" банкын орусиялык жана дубайлык инвесторлор алышты. Коңшу Сирия жана Ирактан келген коркунучтарга карабай, Түркия инвесторлор көп тартылган өлкө бойдон калууда. Эрдогандын өмүр баянын жазган Сонер Чагатпай аны жөн жеринен "Жаңы Султан" деп атаган эмес", - деген автор Кытай менен Түркиянын ортосундагы уйгурларга байланыштуу талаштуу маселелерди да макаласына кеңири камтыган.
Табият аяр мамилени талап кылат
"Newsweek" журналы соңку кезде дүйнөдө климаттын өзгөрүүсүнөн улам адам курмандыктарынын саны барган сайын көбөйтүп жатканын жазды. Түштүк Африкадагы былтыркы суу каптоодо 1200 киши өлүп, 20 миллион адам жабыркады, алардын 6,8 миллиону балдар.
Бангладеш, Индия жана Непалда табигый апааттардан 18 миңдей мектеп талкаланып, жүз миңдеген балдар билим ала албай калышты. 2017-жылы Техас, Флоридадагы бороондон АКШнын бюджети 200 миллиард доллар зыян тартты. 2050-жылга чейин табигый кырсыктардан 140 миллион киши жер которууга мажбур болот.
Өкүнүчтүүсү жабыркагандардын басымдуусу жакырлар. Ушундан улам планетадагы тең салмактуулукту сакташ үчүн дүйнө "Жашыл экономика" планын ырааттуу ишке ашырышы зарыл деп белгилейт баяндаманын автору, окумуштуу Филип Калдерон.