Египетте саясый тирешүүлөр уланууда. Каирдин Тахрир аянтында өткөн түнү болгон кагылышууларда жалпы өлкө боюнча 10 киши набыт болду.
Праганы чехтер өздөрү “Злата Прага” деп сыймыктануу менен аташат. Ордолуу шаардын “Алтын Прага” деп аталышын бирөөлөр төбөсү күнгө созулуп жылтыраган чиркөөлөргө, экинчи бирөөлөр үйлөрдүн чатырындагы кызгылт черепицалар күнгө чагылып, алтындай нур чачып турганы менен байланыштырышат.
Египетте өткөн жумада башталган саясый кризис дүйнөлүк базарда мунайдын наркынын өсүшүнө олуттуу таасир тийгизди.
Египеттин жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү президент Мубаракка ант беришти. А Каирде Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылган акцияга сегиз күн болду.
Президент Хосни Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылган нааразылык акциялары Египетте жети күндөн бери уланууда.
АКШ Беларуска каршы санкция киргизет. Катаал чара Беларустагы шайлоого каршы чыккандардын митингин айоосуз басканга байланыштуу киргизилмекчи.
Турак үйдүн тартыштыгы Ооганстандын борбор шаары Кабыл үчүн эң чоң социалдык көйгөй.
Президент Барак Обама шейшемби күнү АКШ Конгрессинин кошмо жыйынында жылдык кайрылуусун жасады.
Бельгияда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дүйшөмбү күнү Еврокомиссиянын төрагасы жана НАТОнун башкатчысы менен кездешти.
Палестин жетекчилиги Израил-Палестин сүйлөшүүлөрү тууралуу “ал-Жазиира” жасаган билдирүүнү жалганга чыгарды.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бул күндөрү Бельгияда сапарда жүрөт.
АКШнын аскерий комиссиясы чукулку апталарда Гуантанамо түрмөсүндө отургандардын ишин териштирүүнү кайра башташы мүмкүн.
Грузия Ажарияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Октябрда Грузия парламенти Кобулетидеги эркин экономикалык аймак жөнүндө атайын заң кабыл алды.
Армениянын Арени кыштагынын калкы азыр төбөсү көккө жете кубанып турган чак. Себеби эл аралык изилдөөчүлөр тоо койнундагы кичинекей кыштактын четиндеги үңкүрдөн табылган чопо кумурадан алты миң жыл илгери шарап сакталганын 11-январда жарыя кылышты.
Тунистин премьер-министри Мохаммед Ганнуши өлкөнү демократия жолуна салчу биргелешкен коалициялык өкмөттүн курамын жарыялады.
Тунис премьери Ганнушинин билдиришинче, өлкөнүн ыңкылаптан кийинки утурумдук коалициялык өкмөтүнүн курамы 17-январда жарыяланышы мүмкүн.
Кытай менен Борбор Азиянын беш мамлекети арасындагы соода-экономикалык байланыш ылдам өсүп баратат.
Венгрия 1-январдан тартып Европа Биримдигине төрагалык кыла баштады.
Сакине Мохаммади Аштиани айым маалымат каражаттарынан анын тынчын албай, жалгыз калтырууну өтүндү.
Украинанын азыркы жетекчилигинин айтышынча, өкмөттүк чиновниктер бейчеки иштери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш.
Дагы жүктөңүз