БУУнун Адам укуктары боюнча эксперти адам өлтүргүч роботторду жасоого жана колдонууга тыюу салууга үндөдү.
Украинада Кыргызстанга инвестиция салууну каалаган ишкерлер барбы? Кыргызстандык жаштардын Украинанын ЖОЖдорунда билим алуу мүмкүнчүлүгү кандай?
Вашингтон “Хезболладан” Сирия өкмөттүк күчтөрү менен чогуу урушуп жаткан согушкерлерин тезинен Ливанга чакырып алууну талап кылды.
АКШ прокурору Liberty Reserve компаниясына кылмыш дүйнөсүнө 6 миллиард доллардан ашуун акчаны адалдаштырганга көмөктөшкөн деген айып такты.
Европа Биримдиги Сирияга курал сатууга тыюу салган эмбаргону улантпайт. Бирок экономикалык эмбарго дагы бир жыл күчүндө кала берет.
Орусиянын Бажы академиясы жана Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында дагы кыргызстандык улан-кыздар билим алышат.
Кытай өкмөтү Индия менен өз ара ишенимди бекемдеп, кызматташууну жакшыртууну каалайт.
Хамид Карзай Индияга үч күндүк сапарга барды. Ал Жаңы Делиден Ооган армиясына курал-жарактан көбүрөөк жардам берүүнү суранаары маалымдалды.
Сириядагы кандуу булоонду токтотуу Ак үйдө талкууланган маселелердин эң негизгиси болду.
2011-жылы Камбаралы Бобуловдун (15.05.1936 – 24.01.2003) тандалган чыгармалар жыйнагынын үч томдугу таланттуу инсандын 75 жылдыгын утурлай чыккан.
Дүйнөдөгү азык-түлүк тартыштыгы, балдардын тоё тамак жебөөсү жана сапатсыз тамактануудан улам ашыкча семиздик чоң көйгөйгө айланууда.
Түркмөн жазуучусу Кудайберди Халлыев 1996-жылы саясий көз карашы үчүн бийликтин кысмагы астында Түрмөнстандан чыгып кеткенге аргасыз болгон.
Cовет өкмөтү кулакка айдалгандарды Кызыл Армиянын катарында кызмат кылууга татыксыз деп эсептеген.
Жон Керри АКШнын Мамдепартаментин жетектей баштагандан бери Орусияга биринчи ирет келүүдө.
1931-жылы Ысык-Көл менен Чүйдөн ондогон үй-бүлөлөр Украинага сүргүнгө айдалган.
3-майда жыйырманчы жолу Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү белгиленди.
Кошмо Штаттар сириялык козголоңчуларды куралдандыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүдө.
Сирия өкмөтү эрегешчилер тарабынан Алеппо шаарында химиялык куралдар колдонулганын териштирүүнү сурап, БУУга кайра кайрылды.
Президент Барак Обама 29- апрелде Орусия лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.
Пакистанда 11-майда болчу парламенттик шайлоо алдында бомба чабуулдары көбөйдү.
Дагы жүктөңүз