Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:53

АКШ "Хезболла" Сириядан чыгып кетишин талап кылууда


Сирия -- Козголоңчу жоокер пулемотун дүрмөттөп жатат. Алеппо, 1-апрель, 2013.
Сирия -- Козголоңчу жоокер пулемотун дүрмөттөп жатат. Алеппо, 1-апрель, 2013.

Вашингтон “Хезболладан” Сирия өкмөттүк күчтөрү менен чогуу урушуп жаткан согушкерлерин тезинен Ливанга чакырып алууну талап кылды.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү шейшемби күнкү билдирүүсүндө “Хезболланын” Сирияга өз согушкерлерин жиберүүсүн “коркунучтуу” жана “акылга сыйгыс” окуя катары сыпаттады. Америка Кошмо Штаттары Сириянын өкмөттүк аскерлерине жардамга жөнөтүлгөн “Хезболла” уюмунун согушкерлери 26 айдан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду ого бетер күчөтөт деп кооптонот.

Мамдепартаменттин өкүлү Женнифер Псаки 29-майдагы атайын билдирүүсүндө ливандык "хезболлачылардын" Сириянын ар кайсы бөлүктөрүндөгү салгылашууларга жигердүү катышып жатканы “такыр ынангыс” иш экенин белгилеп, АКШ согушчандардын Сирия жеринен каалгыбай чыгып кетүүсүн талап кылат деди:

- Биз “Хезболла” өз согушчандарын Сириядан токтоосуз чыгарып кетишин талап кылабыз. Бизди акыркы күндөрү чек арада болгон чатактар тууралуу маалыматтар терең тынчсыздандырат. Биз ошондой эле, Арсал шаарынын жанындагы Ливан армиясынын өтмө бекетине жасалып, үч жоокердин өмүрүнө зобун келтирген чабуулду айыптайбыз.

28-майга оогон түнү Арсалдын четиндеги аскерий бекетке белгисиз куралчандар кол салып, Ливия армиясынын үч жоокери окко учкан.

29-майда Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус - ага түшкөн маалыматтар боюнча, “Хезболланын” үч-төрт миң чамалуу согушчаны Сириядагы урушка катышып жатканын билдирген.

Бул тушта Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем куралдуу оппозицияга жана Башар Асаддын бийликтен кетүүсүн талап кылган Араб лигасы менен ири Батыш мамлекеттеринин сунушуна каршы келген билдирүү жасады. Анын Ливан ТВсына айтымында, Асад 2014-жылкы жалпы элдик шайлоого чейин президенттиктен кетпейт жана андан кийин да бийликте калуунун мүмкүнчүлүгүн карап көрүшү мүмкүн.

Мунун алдында Сириянын улуттук коалициясы эгер Асад жана ал дайындаган министрлер “саясий жараяндан четтетилбесе”, өлкөдөгү жарандык согушту токтотуу боюнча Улуттар уюму демөөрчүлүк кылган сүйлөшүүгө катышпасын кайра кайталаган.

Президент Асаддын өкмөтү негизинен тынчтык сүйлөшүүсүнө катышканга макул. Бирок оппозиция адегенде сүйлөшүүнүн күн тартибине жана мөөнөтүнө Улуттар уюму кепилдик берсин деп жатат.

Орусия жана АКШ өкмөтү БУУнун башкы катчысынан тынчтык сүйлөшүүсүн ылдам өткөрүүнү суранган. Пан Ги Мун жыйынды өткөрүү мөөнөтү, катышуучулар жана Сириянын биргелешкен оппозициясынын делегациясынын курамы боюнча “такталчу суроолор бир топ экенин” шаршемби күнү кулак какты кылды. Ошондой эле “Сирия биздин көз алдыбызда бүлүнүүдө” деп, радикализм менен коштолгон башаламандыктын “региондогу коопсуздукка болгон коркунучу улам өсүп баратат,” - деди Пан.

Ушул эле күнү БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңеши Кусейр шаарында Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана ливандык "хезболлачылардын" бейкүнөө жарандарды өлтүргөнү жөнүндөгү кабарды тез иликтөөгө үндөштү.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пиллай Женевада сүйлөп, Сириядагы ич ара согушта жарандар такыр корголбой калып жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG