Евробиримдикке жылына ондогон миллиард кубометр газ ташыйт деп мерчемделген куурду куруудан Москванын баш тартуу себеби эмнеде?
Беларустун бажы кызматы 1-декабрдан тарта Орусиядан кирген жүк ташуучу автомобилдерди жана жеңил машинелерди текшере баштады.
Ирактагы “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына кысым токтобойт. АКШ башындагы коалиция өлкөгө дагы 1 500 аскер жиберет.
Өткөн аптада Нью-Йоркто нааразылык акциялары өттү. Алар шаардын Сент-Луис райондук соту июль айында кылмышкер деп шектелген афроамерикалыкты муунтуп койгон ак терилүү полиция кызматкери Даниэл Панталеону күнөөсүз деп актаганына нааразылык билдиришти.
Ирандын аскердик учактары Ирактын чыгышында “Ислам мамлекети” согушчул тобунун өңүттөрүнө бомба сокту. Бул жөнүндө 2-декабрда Пентагондун өкүлү Батыш маалымат булактарына билдирди.
Армения парламенти Евразия экономикалык биримдигине кошулуу келишимин талкуулоодо. Армения Орусия башындагы уюмга кирүү тууралуу келишимге 10-октябрда кол койгон.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Москва Украинанын чыгышындагы козголоңчуларга курал жиберип, аскерий ишмердигин күчөтүүдө деп айтып чыкты.
30-ноябрда Молдовада болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы белгилүү боло баштады. Алдын ала эсептөөлөр көпчүлүк эл Европа биримдиги менен жакындашууну каалаган партиялар үчүн добуш бергенин көрсөтүүдө.
Украинада тынчтык орнотуу үчүн өлкөдөгү жаңжалдашкан тараптар эл аралык мыйзамдарга ылайык тынчтык сүйлөшүүсүнө баруусу абзел.
Ооганстандын жаңы биринчи айымы Рула Гани аялдар үйдөбү же үйдөн сырт жактабы, бирдей сый-урматка татыктуу экенин айтып, президенттин зайыбы ирети активдүү роль ойноо ниетин шардана кылды.
30 - ноябрда молдовалык шайлоочулар евроинтеграцияга өз мамилелерин билдиришет.
Бүгүн Норвегияда орточо эмгек акы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө салыштырмалуу 50 процентке жогору.
Жогорку Раданын жаңы чакырылышы алгачкы жыйынга чогулду. Парламентте премьер-министр жана парламент төрагасы шайланды.
Акыркы эки күндө Грузияда үч министр алмашты. Коргоо министри Ираклий Аласания министрликтеги жемкорлукту тергөөгө бут тосконго аракет кылды деп кызматтан бошотулду.
АКШ Конгрессинин жогорку палатасы - Сенатты президент Барак Обаманын атаандаштары - республикачылар көзөмөлдөйт.
Норвегия дүйнөдөгү эң өнүгүп-өскөн, жарандардын жашоосу жыргал жана өмүр үчүн коопсуз өлкө. Кыргызстан коопсуздук жагынан дүйнөдөгү 142 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат.
Евробиримдик жекшемби күнү Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер өткөргөн шайлоону “тынчтыкты орнотууга бөгөт болот” деп сындады жана аны тааныбасын билдирди.
Аялдар менен эркектер ортосундагы саясий-экономикалык теңчилик 21-кылымда деле олуттуу маселе бойдон калууда.
Иран Ислам Республикасында өлүм жазасына тартуу соңку бир жылда көбөйдү. Бул жөнүндө БУУнун Ирандагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Ахмед Шахид билдирди.
Украинанын президенти Петро Порошенко жаңы өкмөттү түзүү боюнча алгачкы жыйынды өткөрдү.
Дагы жүктөңүз