Украин президенти Петро Порошенко шайлоону куралдын айбаты астында өткөрүлгөн "фарс" деп атады. Жикчилдер 26-октябрда Украинада болгон парламенттик шайлоону чанып, катышкан эмес.
2-ноябрда Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер өздөрү көзөмөлдөгөн аймактардын “Элдик кеңеши” - парламентин жана лидерлерин шайлашты. Алар 11-майда өткөрүлгөн референдумга таянып, бул эки аймакты “элдик республика” деп жарыяласа, акыркы шайлоо алардын азыркы автономиялык макамын мыйзамдаштырууну көздөдү.
Өзүн “Донецк элдик республикасы” деп жарыялап алган жикчилдердин учурдагы премьер-министри Александр Захарченко өкмөт башчы болуп шайланды деп жарыяланды. Маалымдалгандай, Луганск облусунда жикчилдердин азыркы лидери Игорь Плотницкий 64 процент добуш алган. 2-ноябрда 1,4 млн шайлоочунун 1 миллиондон ашууну добуш берген.
Орусиячыл жикчилдердин шайлоо комиссиясынын төрагасы Роман Лягин 3-ноябрдагы билдирүүсүндө эми алар Киевдин амиринен биротоло чыкканын айтты:
- Киев Донбасс мындан ары Украинага карабайт деген ойго ынаныш керек. Бул аксиома. Буга макул болбошу мүмкүн, бирок талаша албайт. Киев биздин эркибизди тааныйбы - өз иши. Биз өзүбүз үчүн баарын чечтик.
Лягин өкмөт түзүлгөндөн кийин жергиликтүү кеңештерге шайлоо болорун кошумчалай кетти.
Чыгыш Украинанын коогалаңдуу аймагындагы шайлоону Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини айым “мыйзамсыз жана мыйзамдарга ылайыксыз” деп атады. АКШ да шайлоону тааныбасын мурдатан айтып жүргөн. “Биз Орусияны мындай шайлоону кайра Украинага кошумча аскер жана курал киргизүү үчүн пайдалануудан этият болуусун эскертебиз,”- деп билдирген бир күн мурда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Марк Строх. Ал Украинанын чыгыш чек арасына орус аскерлери кайра топтоло баштаганын тастыктаган маалыматтар АКШны тынчсыздандырып жатканын да белгилеген.
Украин армиясынын билдиришинче, 1-ноябрда Донецкиге 62 машинеден турган аскерий кербен, анын ичинде “Град” системасы жүктөлгөн бир нече машине келген. Жекшемби күнү шаарда эч кандай эн белгиси жок аскер кербенин көрүшкөнүн Франс-пресс жана башка батыш булактары да кабарлашты.
Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер Украинанын чыгышындагы шайлоо 5-сентябрда Минскиде эл аралык коомчулуктун арачылыгы менен жетишилген келишимдин шартына жана духуна каршы өткөрүлгөнүн айтып, Москваны Украинанын бүтүндүгүн урматтоого чакырды Твиттердеги катында.
Президент Петро Порошенконун айтымында, жикчилдер шайлоо өткөрүп, 5-сентябрда Минскиде кол коюлган Тынчтык планын бузушту. Ал келишимге Орусия да кол койгон. Бул планга ылайык, козголоңчулар үч жыл ичинде шайлоо өткөрсө болот, бирок добуш берүү Украинанын мыйзамына ылайык өткөрүлүүгө тийиш эле деген пикирин билдирди Порошенко жекшемби күнү.
Украин президентинин сөзүнө донецкилик жикчилдердин өкмөт башчысы Захарченко макул эмес. Анын 2-ноябрда Донецкиде сүйлөп жатып билдиргенине караганда, жикчилдер Минск келишиминин шартын бузбастан туруп, шайлоо өткөргөн.
- Билесиздерби, Минскиде биз кол койгон документте биз өз жерибизде эркин шайлоо өткөрө алабыз деп белгиленген. Анда эч кандай дата көрсөтүлгөн эмес. Бул шайлоонун форматы талкууланбаган. Эгер документте кайсы бир нерсе такталып жазылбаса, аны ар ким ар түрдүүчө чечмелей алат.
Украин жетекчилигинин Москва шайлоону тааныбайт деген үмүтү акталбады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эл шайлаган бийлик аймакта кадыресе жашоону калыбына келтиргенге мандат алды деп билдирди 3-ноябрда.
Талдоочулардын кебине караганда, 2-ноябрдагы шайлоо жикчилдер менен расмий Киевдин тирешүүсүн дагы курчутат жана Орусиянын жикчил аймактагы таасири дагы күчөйт.