Бүгүн Украинада шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. 26-октябрда улуттук парламент - Жогорку Радага кезексиз шайлоо болот.
22-октябрда Оттавада Согуш мемориалында ардактуу күзөттө турган жоокерди кара кийимчен, беткапчан адам атып кетти.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Москва-Вашингтон арасындагы мамиле өтө төмөндөп кетти. Бирок бул Кансыз согуш эмес.
Түркия өкмөтү Кобанини коргоого көмөктөшүү максатында Ирактын күрт аскерлеринин шаарга өтүүсүнө жардам бермек болууда.
16-октябрда орус композитору Сергей Прокофьевдин “Согуш жана тынчтык” операсынын алгачкы жүз ачарына 70 жыл толду.
Михаил Лермонтовдун мүнөзү жана тили өлүмүнө себеп болгону гениалдуу орус акынынын өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдеген адабияттан улам маалым. Теги шотландиялык акын Кавказда аскер кызматын өтөп жүрүп, 27 жашында дуэлде өлгөн.
Италиянын премьер-министри Украинадагы жаңжал жөнгө салынат деп ишенет. Маттео Ренци мындай пикирин 17-октябрда эртең менен Миланда өткөн көп жактуу сүйлөшүүдөн соң маалымдады.
Гонконг өкмөтү менен демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган студенттердин сүйлөшүүсү эмки аптада болушу мүмкүн.
Украинадагы кризис Орусия президенти Владимир Путин менен Европа лидерлеринин 16-17-октябрдагы жолугушуусунда негизги маселе болот деп жоромолдонууда.
АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” тобунун Сириянын Кобани шаарын камоого алышы тынчсыздандырарын айтты.
14-октябрда президент Барак Обама 20 чакты мамлекеттин коргоо министрлери менен Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети”, кыскача ИМ тобунун согушчандарына каршы стратегияны талкуулайт.
Талдоочулардын айтымында, “Ислам мамлекети” тобун эңгезердей коркунучтуу кылган беш фактор бар.
“Ислам мамлекети” тобунун согушчандары менен акыр келип, ирактыктар салгылашуусу керек.
Опозициячыл “Группа 24” тобу 10-октябрда жума намаздан кийин Душанбеде болот деп жарыя кылган жыйын өткөн жок.
Армения 10-октябрда Минск шаарындагы жыйында Евразия союзуна кошулуу боюнча келишимге кол коет деп күтүлүүдө. Ереванга Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да барары белгилүү болду.
Сириянын Кобани шаарын “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары катуу кысымга алууда.
Тажикстандын мартабалуу жетекчилери 10-октябрда Дүйшөмбүдө антиөкмөттүк демонстрация өткөрүүнү мерчемдеген оппозициячыл топту “кылмышкерлер” деп аташты.
“Өкүм үчүн акча алуу кылмыш; актап өкүм чыгаруу үчүн акча алуу андан өткөн кылмыш,” –деп айткан экен байыркы Рим философу Цицерон.
5-октбярда Чеченстандын байтактысында жардыруу болду. Жанкечти жардырган бомбадан төрт полициячы жана жан кечти өлүп, 12 адам жарадар болду.
Ирак менен Сириядагы радикалчыл “Ислам мамлекети” тобуна каршы согуштук коалицияга кошулган өлкөлөрдүн катары көбөйүүдө.
Дагы жүктөңүз