Оппозициячыл тажик саясатчысы, ишкер Умарали Кувватов 5-мартта Стамбулда киши колдуу болуп өлдү. Кувватов акыркы жылдары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду активдүү сындап жүргөн.
Ооган бийликтери өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясында “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары пайда болгонун тастыктады.
АКШ Мамкатчысы Эр-Риядда Перс булуңундагы Кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине Ирандын ядролук программасы жөнүндөгү сүйлөшүүнүн макамы тууралуу маалымат берди.
Украинанын батышындагы облустардын тургундары 2014-жылы президент Виктор Януковичти бийликтен кетирген Киевдеги нааразылык акциянын чордонунда турган.
Египеттин аба күчтөрү коңшулаш Ливиядагы “Ислам мамлекети” уюмунун объекттерине сокку урду.
Донбасста 15-февралдан тарта ок атышууларды токтотуу келишими аткарылбай жатат. Андан улам БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун чатакташкан тараптарды элдешүүнүн шартын сактоого чакырды.
Копенгагенде полиция өткөн жуманын аягында кафеге жана синагогага кол салды деп шектелген адам атып өлтүрүлгөнүн маалымдады.
Жума күнү Пакистандын Пешавар шаарындагы шииттердин “Имамия” мечитине жанкечтилер жасаган чабуулда кеминде 19 динзар өлдү. Жарадарлардын саны ондоп саналат.
Америкалык конгрессмен Дана Рохрабахер Бакудагы АКШ элчилигин азербайжандык таанымал адам укугун коргоочуга көмөк көрсөтпөгөнү үчүн сындады.
Эл аралык валюта фонду жана Украина 17,5 миллиард долларлык насыянын шартын макулдашты.
Украинанын чыгышында ок атуулар 15-февралда түн ортосунан тартып токтотулат. Бул жөнүндө Минскидеги саммиттен соң президент Владимир Путин билдирди.
Президент Нурсултан Назарбаев АКШ жана Европа биримдигинин Орусияга каршы санкцияларын “жапайычылык” деп атады жана долларды Казакстанда пайдаланууну токтотууга чакырды.
11-февралда Минск шаарында Украинанын чыгышындагы согушту токтотууга арналган саммит өтөт. Бирок шейшемби күнү саммитти даярдоо боюнча жумушчу топ чатакты жөндөө боюнча бир жыйынтыкка келе албаганы маалымдалды.
Кытайда тоо-кен корпорациясынын мурдагы башчысы, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Лю Хан өлүм жазасына тартылды. Аны менен кошо инисине жана үзөңгүлөш үч жолдошуна да катаал жаза колдонулду.
Эгерде Украина чыгышындагы куралдуу калаба дипломаттык жол менен жөнгө салынбаса, АКШ Киевге согуштук курал берүү мүмкүндүгүн карап көрөт.
Евробиримдик Украина чыгышындагы жаңжалга байланыштуу санкцияны дагы кеңейтти.
Ангела Меркел 9-февралда Вашингтондо Барак Обама менен кездешет. Жабык өтчү бул сүйлөшүү Украинадагы кризисти жөнгө салууда жалпы позицияны иштеп чыгууга багытталат.
“Ислам мамлекети” тобунун 26 жаштагы Муаз ал-Касасбаны темир капастын ичинде тирүүлөй өрттөп жиберүүсү бул уюмга дүйнө өлкөлөрүнүн көңүлүн кайрадан бурду.
Өзбекстандык Рашид Раззаковду 2009-жылы Воронеждин милициясы жасабаган кылмышын моюнуна алдыруу үчүн кыйнаганын эл аралык сот экинчи жолу тастыктады.
Иорданияда ирактык эки согушчан дарга асылды. Бир күн мурда “Ислам мамлекети” тобу иорданиялык учкучтун темир капаста тирүүлөй өрттөлгөн видеосун интернетке жарыялаган эле.
Дагы жүктөңүз