Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Дания: кош чабуулга шектелген адам атып өлтүрүлдү


Полиция кызматкерлери 14-февралда атышуу болгон жерде.
Полиция кызматкерлери 14-февралда атышуу болгон жерде.

Копенгагенде полиция өткөн жуманын аягында кафеге жана синагогага кол салды деп шектелген адам атып өлтүрүлгөнүн маалымдады.

Аталган чабуулдардан эки адам, анын ичинде Даниянын жөөт жамаатынын мүчөсү курман болуп, беш полициячы жараат алган эле.

15-февралда полиция маалымдагандай, кылмышкер деп боолгонгон жаран Данияда туулуп, 22 жашта экени аныкталган. Копенгагендин көчөлөрүн полиция күчөтүлгөн режимде күзөтүүдө.

Полиция 15-февралда таңга жуук атып өлтүргөн жаран эки кол салуу үчүн жооптуу деп шектелүүдө. Биринчиси, 14-февралда шамга жуук Маданий борбордун терезесинен ”Крудтенден” кафесиндеги жыйынды көздөй ок жаадырганда бир адамга ок тийип, жан берген. Үч полициячы жарадар болгон. Ок аткан адам мине качкан машинени полиция кийин кафеден бир нече чакырым жерден тапкан.

Ислам, сөз эркиндиги жана көркөм чыгармачылыктагы эркиндикке арналган бул чогулушка 2007-жылы Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөт тартып, мусулмандар арасында нааразылыктарды жараткан швециялык сүрөтчү Ларс Вилкс да катышып жаткан.

Ок атууда набыт кеткендерди эскерүү
Ок атууда набыт кеткендерди эскерүү

Экинчиси, ал 15-февралда таң эртең жөөт жамаатынын Копенгагендеги таатканасы-синагогага жакын жердеги чабуул үчүн жооптуу деп шектелүүдө. Анда бир адамдын башына ок тийип, кийин ооруканада өлгөн. Эки полициячы колунан жана бутунан жарадар болгон. Куралчан неме окуя болгон жерден качып кеткенге үлгүргөн.

Бир ай мурда Парижде “Шарли Эбдо” сатиралык жумалыгынын кеңсесине экстремисттер кол салып, 12 адамдын каны төгүлгөн. Бул окуядан кийин мусулмандар арасында Мухаммед пайгамбарды шылдыңдап сүрөт тартууга каршы удаа-удаа митингдер өткөн.

Ошондуктан полиция балким куралчан адам Копенгагенде “Шарли Эбдо” журналы менен болгондой кандуу булоонду уюштурууну мерчем кылгандыр деген жоромолун билдирди.

Даниянын премьер-министри Хелле Торнин-Шмидт ишемби-жекшемби күнкү окуяларды "террордук чабуул" деп сыпаттады жана өкмөт ага демократияны, Данияны коргоп жооп берет деди. Ал эки кол салуунун максатын билбесин, бирок өлкөгө зыян келтирүүнү жана жарандар аздектеген баалуулуктарды кыйратууну каалаган күчтөр бардыгын, бул калаба ислам менен Батыш ортосундагы согуш эмес экенин баса белгиледи.

- Биз ислам жана Батыш арасындагы согуштун ортосунда турган жокпуз; бул мусулмандар жана мусулман эместер арасындагы согуш эмес. Бул индивидуумдун жеке эркиндигине негизделген биздин баалуулуктарга каршы согуш жана караңгы идеология. Мен Даниянын жөөт жамаатына өткөн түнү болгон окуяга катуу капаланганымды айткым келет. Жөөт жамааты Даниянын маанилүү бир бөлүгү...

Франциянын ички иштер министри Бернар Казнөв Копенгагендеги жөөт жамаатынын таатканасы-синагогага гүлчамбар коюуда. 15-февраль
Франциянын ички иштер министри Бернар Казнөв Копенгагендеги жөөт жамаатынын таатканасы-синагогага гүлчамбар коюуда. 15-февраль

Торнин-Шмитт айым Копенгагендеги кол салуулар боюнча Франция, Германия, Швеция, Британиянын өкмөт башчылары менен пикир алмашты.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Даниянын ордолуу шаарындагы ок атууларды өкүнүчтүү окуя деп атады.

Чабуулду, Европа Кеңешинин төрагасы Доналд Туск, европалыктардын негизги баалуулуктары жана эркиндигине, анын ичинде сөз эркиндигине каршы жасалган дагы бир террордук зомбулук деп мүнөздөдү.

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Европада жашаган жөөттөргө каршы “кол салуулардын жаңы толкуну” болорун боолгоп, аларды Израил кучак жайып тосуп алууга даяр экенин билдирди.

Мухаммед пайгамбардын карикатуралык сүрөтүн тарткан Ларс Вилксти 2007-жылкы окуядан бери күзөтчүлөр кайтарат. Былтыр АКШда Вилксти өлтүрүүгө жашыруун кам көрүп жүргөн пенсилваниялык аял 10 жылга кесилген.

2010-жылы Вилкстин Швециядагы үйүн өрттөөгө аракет кылган ага-инилер кармалып, абакка отургузулган. Сүрөтчүнүн айтымында, Копенгагендеги кафеге жасалган чабуул ага каршы багытталган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG