Кремл президент Барак Обаманын былтыр жыл башындагы Украинадагы кризисти чечүү боюнча эл аралык арачылык менен жетишилген келишим тууралуу сөзүн ал кездеги украин президенти Януковичке каршы Вашингтон катышкан “төңкөрүш” деп чечмеледи.
НАТОнун башкы катчысы Орусияны Минск келишимин урматтоого жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоону токтотууга чакырды.
Украинанын чыгышында дагы бир кандуу булоон болду. 13-январда Донецктин чет жакасында пассажирдик автобуска ракета тийип, андан 12 жүргүнчү апаат кеткени расмий маалымдалды.
Расмий Анкара Крым жарым аралы Украинанын ажырагыс бөлүгү экенин кайра эскертти. Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы мартта аннексиялап алган.
12-январда Дрезденде миңдеген антиисламчылар өткөн жумада Парижде болгон террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерип, демонстрацияга чыгышты.
Өтөн 2014-жылы Ташкент шаарындагы Хамза атындагы Академиялык өзбек дарама театры 10 жылдыгын белгиледи. Англис адабиятынын классиги, эстет-философ Оскар Уайльд 160 жашка толду. Чех улуттук композиторлук мектебинин түптөөчүсү Бедржик Сметананын 190-жылдык м
Ооган армиясынын үч жоокери жана бир офицери үйлөнүү тою өтүп жаткан жайдын аткылануусуна жана андан набыт кеткен 20дай адамдын өмүрү үчүн жооптуу деп шектелүүдө.
Быйыл 29-мартта Өзбекстанда президенттик шайлоо болот. Ислам Каримов турганда өлкөдөгү башы көрүнгөн жетекчилерден кимдир бирөөнүн даап өзүн президентке талапкер көрсөтөөрү күмөн.
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиев адам өлтүргөн деп Австрияда айыпталды.
478 адамы бар кеме Грециянын Патрас портунан Италиянын Анкона шаарына баратканда 28-декабрда эртең менен ичинде өрт чыккан.
“Ислам мамлекети” тобунун согушчандары иорданиялык аскерий учактын кыйроосуна эч тиешеси жок деп билдирди АКШнын куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы.
Аскердик курал-жаракты тыш өлкөлөргө сатууну бир эрежеге салчу эл аралык келишим 24-декабрда күчүнө кирди. Келишимге бүгүнгө чейин 130 мамлекет кол койду.
Пакистанда келерки жумаларда террорчулукка байланышы бар деп соттолгон 500гө чамалуу кылмышкер дарга асылат.
Бүгүн Украинага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев келди. 21-декабрда Киевге Беларус президенти Александр Лукашенко келип кеткен.
Президент Александр Лукашенкону Москванын Беларуска жасаган мамилеси кыжаалатка салат. Бул жөнүндө Лукашенко 16-декабрда Беларустун Коопсуздук кеңешинде айтты.
АКШ Орусияга каршы дагы дипломатиялык, экономикалык жана башка чараларды колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Орусиянын аскер күчтөрү Балтика деңизине жакын аралыкта мурда болуп көрбөгөндөй активдешүүдө.
11-декабрда Орусиянын борбордук банкы коммерциялык банктарга берилчү кредиттердин акысын 1% жогорулатты. Бул рублдин наркы мурда болуп көрбөгөндөй арзандаган шартта инфляцияны күчөтпөө максатында болду.
Орусия Өзбекстандын 860 млн. доллардан ашык карызын кечет. Кремл мындай кадамга президент Путиндин 10-декабрдагы Ташкенттеги сапары учурунда барды.
Украина элдин жашоосун жакшыртуунун дагы бир мүмкүнчүлүгүн колдон чыгара албайт. Мындай пикирин АКШ вице-президенти Жо Байден 9-декабрда Вашингтондогу жыйында айтты.
Дагы жүктөңүз