"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.
Айрым тарыхчылар эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп эсептейт.
Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсызданып, өлкө демократия жолунан тайганын белгиледи. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
Нестан Киязова АКШда эркин күрөш, грепплинг, жиу-житсу жана эрежесиз мушташка катышып, төрт кур, ондогон медал тагынды. Ал автомектепте оор жүк ташуучу машине айдаганды үйрөтүп, студенттерди экзаменге даярдайт. Анара Эркинбаева Америкада кош бизнес ачып, бир эле жерде гүл сатып, кафе иштетет.
Улуттук гвардияда кызмат өтөп жаткан жоокер ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түштү. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабаркап, баса албай жатканын айтууда. Башкы прокуратура аскердин сабалганы боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.
Кыргызстанда түрдүү жагдайда ата-энесинен айрылган балдардын саны 2800дөн ашат. Алардын 500гө чукулу атайын интернаттарда тарбияланат. 18ге толгондон кийин өспүрүмдөр кайда барарын, кимден жардам сурарын билбей кыйналат. "Азаттык" ата-энеден ажырап калган балдар жана алардын тагдырына кызыкты.
Аялдарга каршы зомбулук адам укуктарын бузуунун эң жайылган түрлөрүнүн бири. Андай учурлар теңсиздиктен, чыр-чатактан, жакырчылыктан, кыз-келиндерди жериген социалдык нормалардан келип чыгат. “Азаттык” аялдар үчүн коопсуз аянтча түзүп берет. Сен жалгыз эмессиң.
Өзгөндүн Куршабында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Бул жайдын таржымалы жана Кыргызстандын аймагында репрессияда атылган кишилердин сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу сөз кылабыз.
Бишкекте №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү шаар четинен табылган. Спорттун чебери, ачык-айрым Даша бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Аны өгөй атасы уурдап кетип, өмүрүн кыйган.
Казакстандык журналист, документалист, тарыхка байланыштуу “Орусташтыруу”, “Карлаг”, “Желтоксон көтөрүлүшү”, “Конаев доору” сыяктуу даректүү тасмалардын автору Алия Ашим менен “Азаттык+ подкастта” деколонизация, тил, иденттүүлүк жөнүндө сүйлөштүк.
Бишкектеги мектептердин биринде акча чогултууга каршы чыккканы үчүн кодуланып жатканын айткан ата-энелер "Азатыкка" кайрылды. Ошол эле мектепте балдары окуган башка ата-энелер акча чогултуу болбогонун, айрымары балдар үчүн керектүү каражаттарды өз ыктыяры менен алып беришкенин билдиришти.
Бишкектеги Батыш автобекети жана анын ичиндеги “Акжол” кичи автобекети 23-октябрда жабылды. Мэриянын басма сөз кызматы эми эл Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы бекетинен каттай турганын билдирди.
Макс Георг Майер социалдык тармактардагы баракчасына кыргызча жазып, өлкөнү түрө кыдырып, ак калпакты башынан түшүрбөй кыргызстандыктарга таанылган. 20 жылдан кийин Майер мырза Германиянын Ханнс Зайдел фондундагы ишмердигин жыйынтыктап жатат.
“Гипномедитация жасайм”, “Кимдир бирөөнү сүйдүрүүгө жардам берем”. Социалдык түйүндөрдө өздөрүн коуч, тренер атап, ошол эле маалда тиешелүү билими жок болсо да адамдын ички дүйнөсүн аралап, психологиялык жардам көрсөтөм деген адис атыккандар бар. "Азаттык" бул ирет ушул темага кайрылды.
Бишкектин Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кести. Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди. Эки журналист сот залынан бошотулду. Калган жети журналистти сот актады.
Кыргызстандын айылдарынын 56% таза суу түтүктөрү жок экенин Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирет. Миңден ашуун айылдын тургундары чоң дарыялардан же булактардан суу ичет. “Азаттык” Ысык-Көлгө сапар тартып, айылдардагы абал менен таанышып келди.
Кыргызстанда социалдык түйүндөрдө “Ислам принциптери менен тааныштырып, үйлөндүрөбүз” деген нике агенттиктери иш алып барууда. Арасында кош никеге үндөгөндөрү дагы жок эмес. Андай агенттиктерге жөн гана түгөй издеп барып, экинчи аял болуп турмушка чыккандар дагы бар.
Ысык-Көлдө сел коркунучунан улам башка айылдарга көчүрүлгөн Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келди. Буга чейин тоодогу Зындан көлү жырылып, Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, айылды суу каптоо коркунучу жаралган эле.
"Азаттыктын" кабарчылары 18-19-августтагы катуу жааган жаандан кийинки селден жабыркаган Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарындагы тургундардын үнүн укту. Катуу селге байланыштуу Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
“Бул Олимпиада Борбор Азия өлкөлөрүн болуп көрбөгөндөй бириктирди”, - дал ушундай пикирлерин социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Боордош элдер бири-бирин колдоп жаткан жүздөгөн видео интернетке жарыяланды
Дагы жүктөңүз