"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бишкектен 500дөй чакырым алыста, Кытай менен Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагы 1937-жылы түптөлгөн. Бул айыл аймагына Ак-Шыйрак, Ыштык, Кара-Сай айылдары жана бир нече кыштоо конуштары кирет.
“Бир айыл - бир продукт” долбоорунун алкагында Кыргызстандын айыл-аймактарында жашаган жигердүү жарандар чакан ишкерликти башташууда. Бири чучукту ыштап, сый тамактын жаңы түрүн жасап жатса, башкасы сүзмөнү түрдүү өсүмдүктөрдүн аралашмасы менен кайнатып, кыям чыгарууда.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар соңку мезгилде Москвадагы "Сахарово" миграциялык борборуна түшкөндөр көп болуп, ал жакта укуктары бузулуп жатканын айтууда. Расмий маалыматка караганда учурда бул борбордо Кыргызстандын 173 жараны кармалып турат.
Бишкекте "Балким бир күн сурармын" аттуу документалдык тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Тасмада аутизми бар 16 жаштагы Урмат Ибраим уулунун өзгөчө жашоосу, таланты жана жакын адамдарынын ага болгон сүйүүсү менен мамилеси баяндалган.
Мындан үч жыл мурда ушул маалда Кыргызстанда "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды белгисиз жагдайда жоголуп, дайыны табылбай жаткан эле.
“Беш-Күңгөй айылында 35 гектардан ашуун жайыт жер мыйзамсыз трансформацияланып, ондогон турак жай тургузулуп жатат”, - деген тургундар 10 жылдан бери арызданып жүрөт. Айыл-чарба министрлигине караштуу мекеме жайыт жерлер мыйзамсыз трансформация болгонун "Азаттыкка" билдирди.
Бишкекте 18-майга караган түнү болгон окуяда 30дай киши жабыркаганы, алардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени Салматтык сактоо министрлиги тарткан тизмеден көрүнөт. Төрт чет элдик жаран кармалды. Бишкек менен Исламабад жагдай тууралуу бир канча билдирүү таратты.
Баш каалаанын башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берген мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер кантип кайра шаарга кайтарылат?
Москва Украинага согуш ачкандан бери Орусияга агылган миграциянын багыты Батышка бурулууда. АКШга жетсем деп бирөөлөргө алданып, ара жолдо калган кыргызстандыктар тууралуу айтып бербиз. Алардын айрымдары үйүн сатып, банктан насыя алып, аягында алданып калганын айтып жатат.
Сокулукта зордукталган 13 жаштагы кыздын жакындарына басым болуп жатат. Бул тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Милиция окуя боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кабарлады.
14нөн 15-февралга караган түнү Асель Жанарбек кызы дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Издөө иштери 1 айдан ашып, 18-мартта Асель Жанарбек кызынын жансыз денеси табылган.
Кыргызстанда Charge fast же “Тез заряд” компаниясына акчасын алдаткандар арбын экени ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө милицияга 600дөн ашуун арыз түшкөн. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы финансылык пирамиданы уюштурууга шектелип беш жаран убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.
Быйыл эки айда төрт аял төрөттөн ажал таап, 14 бала энесиз калды. Жыл башында 21 жаштагы келин төрөт үйүндө жыгылып, дарыгерлер курсактагы ымыркайды дагы, энени дагы сактап кала алган эмес. Көп өтпөй эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин көз жаргандан төрт күндөн кийин ооруканада каза болду.
Украинадагы согуштун эки жылдыгына карата бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Ага бир катар жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар катышты.
“Азаттык” жыл ичиндеги коомчулукка кызык болгон бардык окуяларды жеринде, ыкчам, ар тараптан талдап чагылдырып берди.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрынан бери социалдык тармактарга пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголуп же жазага тартылган 30га чукул жарандын тизмесин аныктады.
Cоциалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башкаларга бала төрөп берүүгө макул болгон энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө.
Өлкөнүн базарларында ККМге каршы нааразылык акциялары уланууда. 4-декабрда Бишкекте “Дордой Моторстогу” соодагерлер чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышты. Президент Садыр Жапаров атайын комиссия түздү. Ал арада өкмөт ишкерлерди текшерүүгө жарым жылга мораторий киргизгени маалым болду.
Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин алмаштырууга каршы 3-декабрда Бишкекте пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти. Бир күн мурун тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине үндөгөн активист суракка чакырылган.
Дагы жүктөңүз