"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Кыргызстандагы асыл тукум кыргыз жылкылары багылган жалгыз завод колдоого муктаж. Кезинде дүркүрөп өнүгүп турган чарба Союз тарагандан кийин таш-талканы чыгып калган. Талас облусунун Талды-Булак айылындагы жылкы заводун ("конезаводду") Бишкектен көчүп барган Азамат Жумаев иштетип жатат.
«Үйүнөн баңгизат табылды» деген негиз менен эки айга камалган жарандык активисттин жакындары муну атайын уюштурулган жалаа катары баалап жатышат.
Апрель ыңкылабына тогуз жыл толду. Ошол кездеги бийликтин башкаруу режимине каршы чыгып, кийин көзү өткөндөрдүн арасында Таластан Бишкекке атайын келип, революцияга катышкан Кара-Буура районунун тургуну, акын Бекболот Тургунбеков да болгон.
2010-жылдагы апрель окуяларына быйыл тогуз жыл толду. Ал күнү жүзгө жакын адамдын өмүрү кыйылган. 6-апрелде Талас районунун тургуну Нурлан Рыскуловго эки ок тийген.
Таласта Апрель окуясында жакынын жоготкондор маркумдарга "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы менен “Ак шумкар” орденин берүү демилгесин көтөрүштү. 4-апрелде Таласта Элдик революциянын тогуз жылдыгы эскерилди.
Биринчи май райондук соту 2017-жылы эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу ишти карап, милиция кызматкерин үч жылга эркинен ажыратып, дагы бир кызматкерди актады.
Ош-Баткен-Исфана жолун курган жумушчуларга бир жылдан бери эмгек акысы төлөнбөй жатат.
Ош облусунун Ноокат районунан келген жыйырмадай ата-эне балдары менен Бишкекте парламент имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү.
Эки саатка созулган саамалыкта боордоштор ырдап, бийлеп, “Манас” айтып, комуз, ооз комузда кол ойнотуп беришти. Концерттин алкагында айрымдарын “Азаттык” кепке тартты.
Таласта 80 жаштан ашкан байбиче бакма кызына белекке берген үйүн сот аркылуу кайтарып алуу максаты ишке ашпай, арызы соттон сотко өтүп келатат.
Прокуратура тармагында 20 жылдан ашык эмгектенип пенсияга чыккан Жээнбек Олжотоев он жылдан бери мыйзамдуу бөлүнгөн жерине ээ боло албай жатат.
Кыргызстанда учурда ишембилик өтүп жатат. "Азаттыктын" бүгүнкү апта түрмөгү таштанды көйгөйү, кантип таза жашоого үйрөнөбүз деген маселеге арналат.
Таластагы Шыралжын кенин жабууну талап кылып 14-мартта Бакай-Ата районундагы Биринчи май айылынын тургундары жыйынга чогулушту.
Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектептин жанынан 10 жаштагы окуучуну автоунаасы менен өлтүрө сүзгөн милиция кызматкерине козголгон кылмыш иши токтотулду.
Сауд Арабиясына этнофестивалга барган кыргызстандыктардын жүрүм-туруму кызуу талкууга түштү.
Бишкекте баланы сатууга аракеттенген келин жана дарыгерлер кармалганы кабарланды.
Кыргызстанда соңку жылдары той-ашка кеткен чыгымды азайтуу демилгелери көтөрүлө баштады. Бирок андан майнап чыгабы? "Азаттыктын" апта түрмөгүндө ушул маселени кеп кылабыз.
Бишкекте Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун имараты талашка түштү.
Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда лифт оңдоп жатып 2015-жылы каза тапкан адамдын жакындары сот чечип берген 1 миллион сомдон ашык кенемтени бүгүнкү күнгө чейин өндүрө албай жатышат.
Электрге карызы үчүн жарыгы өчүрүлгөн үйдүн тургундары жылынуу максатында мискейге от жагып, уктап калышкан.
Дагы жүктөңүз