2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Сириялык качкындардын Европага бет алган толкуну кайра жанданды.
Казак эли тергөө абагында көз жумган активист Дулат Агадил менен коштошууда. Бир топ кишилер ал «жүрөгү кармап» өлүшү ыктымал деген бүтүмгө ишенбей, «жок кылышты» деп бийликти күнөөлөштү.
Кыргызстандан чыгарылган миллиондор тууралуу иликтөөнүн негизинде түзүлгөн депутаттык комиссияда Бажы кызматы маалымат берүүдө. Бирок негизги суроолорго жооптор ынанымдуу болбой, Бажыда коррупция, контрабанда күч деген күмөн саноону күчөттү.
Демократтар эми Трамптын бийлиги ашкере күчөйт деп кооптонуп жатышат.
АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси Сенатта 31-январда добушка коюлушу ыктымал. Демократтар президенттин мурдагы кеңешчиси Жон Болтон баштаган жаңы күбөлөрдү «суроо-жоопко» чакыруу аракетинде. Республикачылар буга жол бербей жатат.
Кыргызстандан сыртка акча ташыган Айеркен Саймаити жана анын фирмасы алты миллиард сомго жакын салыкты жашырган.
Эки офицер акча ташуу схемасын ачканы үчүн белгисиз адамдардын коркутуусуна, Аскер прокуратурасынын кысымына кабылганын, өз жетекчилиги тарабынан кодуланганын айтышкан. Майор Камчыбеков менен интернет аркылуу кайра маектештик.
"Freedom House" акыркы жылдагы Интернет эркиндиги боюнча баяндамасын жарыялады. Уюм постсоветтик өлкөлөрдүн айрымдарына Интернети эркин деп баа берсе, айрымдары таптакыр артка кетти деп белгиледи. Кыргызстан дагы деле “жарым-жартылай эркин” деген катарда кала берди.
Иран өзөктүк келишимдеги кезектеги милдеттенмесинен баш тартканы турат. Өлкө президенти Хасан Роухани Фордо заводундагы центрифугаларын уран байытуу үчүн колдоно турганын билдирди.
Ливанда өкмөт башчы кызматтан кеткенине карабай нааразылык жүрүштөрү кайра жанданды. Түмөндөгөн эл бийлик элитасынын толук жаңыланышын, экономиканы тез арада оор абалдан алып чыгууну талап кылып жатат.
Бейшембиде Орусия жана Кытайдын демилгеси менен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны өттү. Буга 18-августта Кошмо Штаттарынын канаттуу ракетасын сынаганы себеп болду.
Кытайдын атайын административдик аймагы Гонконгдо нааразылык жүрүштөрү дагы эле басыла элек. Өткөн дем алыш күндөрү өкмөттү колдогон да, ага каршы болгон да адамдар көчөлөргө толду.
Өзбекстан экономикасын чет элдик инвесторлорго ачып жатат. Өткөн жумада ташкенттик делегация Нью-Йоркко барып, бизнес форум өткөрдү. Ислам Каримовдун жарым кылымдык башкаруусунда өлкө сырт дүйнөдөн саясий да, экономикалык да өңүттөн алганда обочолонуп кеткен.
Тунистин алгачкы түз шайланган президенти Бежи Каид Эс-Себси 92 жашында дүйнөдөн өттү. Эс-Себси “Араб жазынан” кийин өлкөдөгү ийгиликтердин авторлорунун бири болуп саналат. Президенттин милдетин убактылуу парламент спикери аткара баштады.
Украинада президент Зеленскийдин партиясы парламентте көпчүлүк орунду жеңип, эми өкмөттү кураганы турат. Түркмөнстан президентинин айланасындагы түкшүмөл кептер, эмне үчүн постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлери кээде “жоголуп” турушат?
Украинадагы парламенттик шайлоодо "Эл кызматчысы" партиясы рекорддук көрсөткүч менен алдыга чыкты.
Экс-президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Асылбек Салиев шотландиялык офшор аркылуу бизнес кылары ачыкка чыкты.
Францияда экология министри, президенттин партиялашы Франсуа де Рюжи өз ыктыяры менен кызматтан кетти.
Орусиялык укук коргоочу Наталья Эстемированын киши колдуу өлгөнүнө 15-июлда 10 жыл толду. Анын кызы жана укук коргоочулар бул кылмышты кылгандар алигиче аныкталбай, жазага тартылбаганына көңүлдү буруп келишет. Алар кылмыш үчүн чечен бийлиги, анын башындагы Рамзан Кадыров жоопкер деп эсептешет.
Финполиция «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.
Дагы жүктөңүз