Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

"Араб жазынын" жактоочусу дүйнөдөн өттү


Бейж Каид Эс-Себси
Бейж Каид Эс-Себси

Тунистин алгачкы түз шайланган президенти Бежи Каид Эс-Себси 92 жашында дүйнөдөн өттү. Эс-Себси “Араб жазынан” кийин өлкөдөгү ийгиликтердин авторлорунун бири болуп саналат. Президенттин милдетин убактылуу парламент спикери аткара баштады.

Бейж Каид Эс-Себси 1926-жылы Тунис Франциянын курамында турганда туулган. Парижден билим алып, адвокат катары карьерасын баштаган. Тунис көз карандысыздыкка ээ болгон 1956-жылдан кийин мамлекеттик кызматка келип, ички иштер, тышкы иштер жана коргоо министрликтерин жетектеген. Өкүлдөр палатасынын спикери, элчи да болгон.

2011-жылкы “Араб жазы” деп аталган мусулман мамлекеттериндеги толкундоолор Тунисти кыйгап өтпөдү. Тунис ошондон кийин демократия жаатында ийгиликке жеткен жалгыз өлкө катары каралат.

2011-жылы тунистиктер алгач ирет парламентке демократиялык шайлоо өткөрүп, партияларды тандай алышты. Бул процессти жетектегендердин бири ыңкылаптан кийин премьер-министрлик кызматка отурган Бейж Каид Эс-Себси болду.

Тунистеги президенттик шайлоо учуру. 2014-жыл, ноябрь.
Тунистеги президенттик шайлоо учуру. 2014-жыл, ноябрь.

Тунис “Араб жазынан” кийин Конституциясын өзгөртүп, дин тутуу эркиндигин урматтап, аял-эркек укугун тең деп тааныды. Эс-Себси 2014-жылы алгачкы демократиялык, түз шайлоодо утуп келди.

"Ал биздин президент, биздин мыкты саясатчыбыз эле. Биздин эң чоң колдообузга ээ болчу. Бүгүн аны жоготтук. Атамдан айрылгандай эле сезим болуп атат", - деп кайгырды Тунистин тургуну Лайла Аббас.

Парламент депутаты Сахби бен Фредж маркум президенттин ишине мындайча баа берди:

"Бүгүн биз улуу инсандан айрылдык. Ал өлкөнүн демократияга өтүшүнө жана революцияны коргоого жооптуу адам катары тарыхыбызга кирген. Ал араб дүйнөсүндө динчилдерди жеңген аз гана адамдардын бири катары тарыхка кирет. Ал президенттери куулган, камалган, өлтүрүлгөн же өлүм жазасына тартылган коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, бийликтин тынч алмашуусуна жетише алган президент катары тарыхта калат".

Эс-Себси дүйнөдөгү президенттердин эң аксакалы саналчу. 25-июлда аскердик ооруканада көз жумганы кабарланды. Өлүмүнүн себеби азырынча айтыла элек. Тек ушул айда “саламаттыгы кескин начарлады” деген себеп менен үч ирет ооруканага түшкөн. Сөөк узатуу аземи ишембиге белгиленди. Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Мухаммед ан-Насер
Мухаммед ан-Насер

​Ал эми Президенттин милдетин парламент спикери ​Мухаммед ан-Насер аткарууга киришти:

"Мен Тунистин көз карандысыздыгын жана анын жеринин коопсуздугун коргойм, Конституция менен мыйзамды урматтайм, эл кызыкчылыгына толук кам көрүп, берилгендикте иштейм деп кудуреттүү Кудай алдында ант берем", - деди ал чукул жыйынга чогулган депутаттардын алдында.

Баш мыйзамга ылайык Ан-Насер өлкө башчылык милдетти 90 күн аркалайт. Бул убакыт ичинде кезексиз шайлоо өтүүгө тийиш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG