2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы жана Түркия полициясы биргелешип дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандарды жана ага жардам бергендерди кармады.
Маликовго кол салгандар Түркиянын Газиантеп шаарында Интерполдун жардамы менен кармалды. Укук коргоо органдарынын айтымында, алар "Ислам мамлекети" тобунун жактоочулары экени аныкталган.
Бишкекте күч түзүмдөрүнүн, тескөө органдарынын координациялык кеңешмеси өттү. Анда негизги маселе катары Кыргызстанга келип жаткан чет өлкөлүктөр, аларды каттоо, виза берүү жаатындагы көйгөй каралды.
Жогорку Кеңеш депутаттарга берилчү артыкчылыктарды дээрлик сактап калды. Автоунаадан баш тартканы менен мамлекет берчү күйүүчү майды алмай болду.
Доллардын курсу шейшемби күнү кыйла көтөрүлүп, айрым акча алмаштыруучу жайлар аны 74,5 тыйынга чыгарышты. Бул арада эл арасында колдо бар каражатын долларга алмаштырып калуу далалаты мурдагыдан да күчөдү.
Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ бир пикирге келе албай жатат. Маалыматка караганда, парламенттин кызматкерлеринин курамында жана чыгымында батыл өзгөрүү жок.
22-ноябрда эртең менен Ош аба бекетиндеги учактын авариялык конуусу боюнча кылмыш иши козголду. Бул арада учак ээси болгон “Авиатрафик” компаниясы аба кемеси 25 жыл кызмат кылганын, ал оң абалда болгонун айтууда.
Өкмөт Бишкектеги “Эркин-Тоо” басмаканасынын кеңсеси тарыхый, архитектуралык маанисин жоготту деген токтом чыгарды.
Бишкектин 8-кичирайонундагы үрөй учурган кылмыш милицияны жапырт көтөрдү. Учурда участкалык милиционерди атып кеткен эки кишини шаарды түп көтөрө издешип, ок атуу болгон тегеректеги ар бир үйдү тинтишүүдө.
Экономика министрлиги алты курулуш компаниясы банкрот болгонун жарыялады. Бул арада курулуп жаткан үйлөрдөн батир алгандар тынчсызданып, компанияларга каттап жатышат.
13-ноябрдын кечинде болгон Париждеги теракт дүйнө өлкөлөрүн дагы бир силкинтип, коопсуздук маселесин кайрадан эскертти. Кыргыз өкмөтү буга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, күч түзүмдөрүнө коопсуздук чараларын күчөтүү тапшырылды.
Октябрь райсоту тарабынан тогуз жылга кесилген экс-депутат Урмат Аманбаеванын жактоочусу чечимди жокко чыгаруу боюнча жогорку сот инстанциясына кайрылганы жатат.
Сот реформасы ишке ашпаганын Алмазбек Атамбаев 6-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Президент бул алтынчы чакырылыштагы депутаттардын негизги маселеси экенин эскертти.
Парламент өкмөттү туруктуу иштеши жана стабилдүүлүк үчүн колдодук дегени менен коомчулук шайлоочулар алдында берилген убада өкмөттүн программасына кирбей калды деп кабатыр.
Спикерликке мурда айтылгандай эле КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков шайланды. 5-ноябрда парламент премьер-министр менен өкмөт курамын бекитти.
Жогорку Кеңеш учурда өкмөттүн курамын талкуулоодо.
Коалиция төрт фракциядан куралды
Октябрдын башында банк карточкаларынан акча уурдаган топтун Бишкекте кармалышы электрондук капчык канчалык коопсуз деген суроону жаратты.
Орусияда "кара тизмеге" кирип калуу ыктымалдыгы жогору делген тобокел тобундагы 190 миң адамдын 30 миңдейи гана учурда бул топтон чыга алышты.
Кечээки шайлоодо парламентке сегиз партия өткөн жок. Бирок, 6,15% добуш алган "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы дагы бир топ тилкелердин добушу эсептеле электигин эскертип, мандат алып калабыз деген үмүттөрү өчө элек.
Дагы жүктөңүз