Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Учак кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Учурда атайын түзүлгөн, Унаа жана  байланыш министри Аргынбек Малабаев башындагы комиссия кырсыкты иликтеп жатат.
Учурда атайын түзүлгөн, Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев башындагы комиссия кырсыкты иликтеп жатат.

22-ноябрда эртең менен Ош аба бекетиндеги учактын авариялык конуусу боюнча кылмыш иши козголду. Бул арада учак ээси болгон “Авиатрафик” компаниясы аба кемеси 25 жыл кызмат кылганын, ал оң абалда болгонун айтууда.

Учактын авариялык абалда конушу боюнча транспорттук прокуратура 280-берененин негизинде кылмыш ишин козгоду. Учак ээлерине коопсуздук эрежеси бузулган деп кине тагылууда. Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Нурлан Тагаев:

- Транспорттук прокуратура тарабынан аба коопсуздук эрежелери бузулгандыгы үчүн иш козголду. Транспорттук тергөөчүлөр жана милиция кызматкерлери менен бирге тергөө тобу түзүлдү. Иш козгоонун негиздерин азыр кенен айта албайбыз. Беш-алты күн тергөө жүрсүн, ошондо сиздин бардык суроолоруңузга жооп беребиз.

Учак Красноярск шаарынан Ошко таңкы бештер чамасында келип, аба ырайынын бузулушунан улам айланып учуп, Бишкекке барып конгон. Бир жарым сааттан соң Бишкектен кайра Ошко жөнөп, тумандын айынан кара жерге конуп жатканда кырсыктаган. Бактыга жараша ал адам өлүмүнө алып келген жок.

Бортто 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын алтоо ооруканага кайрылышып, азыр да төртөө ооруканада, экөө чыгып кетти.

Ош: учак кырсыгынан жаракат алгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

“Боинг 737” “Авиатрафик” компаниясына таандык. Анын Оштогу өкүлү Чыңгыз Бектурганов учак оң абалда болгонун айтып, айрым түкшүмөлдөрдү четке какты:

- Самолеттун техникалык абалы жакшы болчу. Шассиси чыгып-чыкпай калган деген сөздөр туура эмес. Туман болуп эле жол тилкеси көрүнбөй калган. Ал эми жабыркагандарга компенсация берилер-берилбесин жетекчилик чечет.

Ошентип авариялык конуунун кесепетинен самолеттун дөңгөлөктөрү иштен чыгып, сол канаты сынган. Аба ырайы начар болсо, мурда коно албай кетсе, анда эмне үчүн абал оңолгуча Бишкекте тура турбайт деген суроону Жарандык авиация департаментинин учуу эксплуатациясы бөлүмүнүн башчысы Төлөн Арпачиевге узаттык.

- "Манаска" келип конуп, отурушту. Күтүштү. Анан кайра аба ырайы жакшырганда учуп чыгып, Ошко келгенде тигиндей окуя болуп жатпайбы. Эми шамал бир тарапка үйлөсө, аба ырайы жакшы болуп калат, башка жакка үйлөсө, жолду туман жаап калат дегендей. Аба ырайын мүнөттөп так болжой турган аппарат жок да. Эгер учуп чыкпаса жүргүнчүлөр дагы айтышмак, эмне учпайсыңар деп.

Учурда атайын түзүлгөн, Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев башында турган комиссия кырсыкты иликтеп жатат. Комиссия алгачкы жыйыныктарын бүгүн, 23-ноябрда жарыяламакчы. Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде Москвадан авиация комитетинен да өкүлдөр келип, иликтөөгө кошулду.

Кыргызстанда өзгөчө кыш мезгилинде аэропортторду тез-тез туман каптап, учуу кыйындап турат. Мындай учурда каттамдар узакка кармалат. Жүргүнчүлөр арасында авиакомпания ал тууралуу убагында маалымат бербейт жана мындай шартта тейлөө начар деген нааразылык көп айтылат.

Кечээги окуянын изи менен өкмөттүк комиссияга аба ырайы бузулганда кандай чара көрүлөрүн аныктоо жана бардык самолеттордун техникалык абалын кенен текшерүү тапшырмасы берилди.

Канткен менен бул кырсык кыргыз авиациясынын эл аралык аброюна шек келтирери талашсыз. Кыргыз жарандык авиация кызматы жана авиакомпаниялары 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" киргизилип, биримдик өлкөлөрүнө учуу укугунан ажыраган. Ошондон бери аталган тизмеден чыгуу аракетинен майнап болбой келет.

Ош: кырсыкка кабылган учак

22-ноябрь күнү саат 7:56да №768 каттам менен келген учак Ош аэропортуна конуп жатып, жолдон чыгып кеткен. Мындан учактын бардык дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, 150 метрге чейин ыргып кеткени айтылууда.
1/9 22-ноябрь күнү саат 7:56да №768 каттам менен келген учак Ош аэропортуна конуп жатып, жолдон чыгып кеткен. Мындан учактын бардык дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, 150 метрге чейин ыргып кеткени айтылууда.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Учактын бортунда 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон, жалпсынына 9 жүргүнчү ар кандай жаракат алган.
2/9 Учактын бортунда 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон, жалпсынына 9 жүргүнчү ар кандай жаракат алган.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Айрым маалыматтар боюнча учактын экинчи учкучу да жеңил жаракат алган.
3/9 Айрым маалыматтар боюнча учактын экинчи учкучу да жеңил жаракат алган.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Окуяга байланыштуу премьер-министр Темир Сариев эл аралык аэропортунун, учак таандык болгон "Авиатрафик" компаниясынын өкүлдөрүн жана тиешелүү жетекчилерди чукул жыйынга чакырды.
4/9 Окуяга байланыштуу премьер-министр Темир Сариев эл аралык аэропортунун, учак таандык болгон "Авиатрафик" компаниясынын өкүлдөрүн жана тиешелүү жетекчилерди чукул жыйынга чакырды.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
"Авиатрафик" компаниясына таандык учагы Красноярск-Ош багыты боюнча учуп келе жатып, аба ырайынын начардыгынан бүгүн таңга маал Ошко коно албай, Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Аба ырайы жакшырды деген маалыматтардан кийин, саат 7:00дө кайра Бишкектен Ошко карай учкан. Бирок коюу тумандан улам конуу учурунда тилкеден чыгып кеткен.
5/9 "Авиатрафик" компаниясына таандык учагы Красноярск-Ош багыты боюнча учуп келе жатып, аба ырайынын начардыгынан бүгүн таңга маал Ошко коно албай, Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Аба ырайы жакшырды деген маалыматтардан кийин, саат 7:00дө кайра Бишкектен Ошко карай учкан. Бирок коюу тумандан улам конуу учурунда тилкеден чыгып кеткен.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Кырсыкка кабылган Красноярск-Ош каттамындагы учактын жүргүнчүсү "Азаттыкка" билдиргендей, жүктөрдүн баары ээлерине 23-ноябрь күнү берилерин аэропорттон билдиришкен. Жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн ташып бараткан машина.
6/9 Кырсыкка кабылган Красноярск-Ош каттамындагы учактын жүргүнчүсү "Азаттыкка" билдиргендей, жүктөрдүн баары ээлерине 23-ноябрь күнү берилерин аэропорттон билдиришкен. Жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн ташып бараткан машина.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Кырсыкка кабылган учак. 
7/9 Кырсыкка кабылган учак. 
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Ош аба бекетинин ичи. Окуяга байланыштуу Ош аэропорту убактылуу жабылды, каттамдардын дээрлик баары бүгүн саат 17:00гө чейин токтотулду.
8/9 Ош аба бекетинин ичи. Окуяга байланыштуу Ош аэропорту убактылуу жабылды, каттамдардын дээрлик баары бүгүн саат 17:00гө чейин токтотулду.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Ош аба бекети
9/9 Ош аба бекети
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG