2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 28-сентябрда “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмесинен Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин алып салды. Бул чечимди Биринчи Май райондук соту да кубаттады.
"Кара тизме" маселеси, кагаз иши менен чатагы жок карапайым мигранттарды катуу жүдөттү.
Орусиянын жаңы миграциялык саясаты мигранттарды түйшүктөн арылттыбы? "Кара тизмеге" кабылгандардын тагдыры кантти? Эмне үчүн мигранттардын айрымдары кайра Орусияга кире албай жатат? "Ыңгайсыз суроолор" Москвага барып, ушул суроолорго жооп издеди.
Өкмөт башчы Темир Сариевдин кол алдындагыларга жасаган мамилеси коомчулукта талкууга алынууда.
24-августта Жогорку Кеңеш депутаты, учурда КСДПнын тизмесинде 38-болуп шайлоого бараткан Акылбек Султанов менен Жол кайгуул кызматынын өкүлүнүн ортосундагы чатак интернетке чыкты.
22-августта интернетте Оштогу жол кайгуул кызматкерлеринин чатагы жарык көрдү. Алты мүнөттүк тасмада Иса аттуу жол кайгуул кызматкери Жеңиш аттуу жол кайгуул кызматкеринин баласына айып жазып салганы үчүн экөө чатакташканы көрсөтүлөт.
12-августта Боомдо кум-шагыл көчүп түшүп, кан жолду тосуп калды. Жол ошол эле күнү кечки саат сегиздерге жакын ачылды, ал арада 25 чакырымдык унаа тыгыны пайда болду. Боомдо башка дагы кооптуу аймактар барбы? Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду "Азаттык" кепке тартты.
Кыргызстан ЕАЭБге расмий киргенине байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынары күтүлүүдө. Бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Азамат Сулаймановду кепке тарттык.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тик учак менен Чүйдөгү көлдөрдү кыдырып, алардын Бишкек, Токмок, Сокулук, Ысык-Ата сыяктуу калктуу конуштарга коркунучу канчалык экенин текшерди.
Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди. Талдоочулар бул жарышта партиялар үчүн жеңиш кымбатка турарын белгилешүүдө.
УКМКнын антитеррордук операциясынын алкагында мурдагы депутат жоочуларды каржылаган, курал-жарак менен жабдыган деген шек менен кармалды.
"Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы бул ирет тартип сакчыларынын ортосундагы тиреш, алардын жосунсуз жоруктары тууралуу баяндайт.
Сокулуктун Кызыл-Туу айылында Британиядан келген ишкер айым менен кыргызстандыктар жер талашууда.
Орусиялык “МКР-Медиа” аттуу компания мониторинг жүргүзүп, Кыргызстанды ЕАЭСтин эң карама-каршылыктуу катышуучусу деп атады.
Акыркы 60 жыл ичинде дүйнөнүн үчүнчү өлкөсүнөн алдыңкы отуз мамлекеттин катарына кошулган Малайзия биз үчүн кандай үлгү боло алат? Деги эле малай эли кантип киреше таап эмне менен күн көрөт?
Кыргызстандын Улуттук банкынын эсебинде, Орусиядагы мигранттар салган акча кескин азайды. Өткөн жылдын беш айына салыштырмалуу быйыл январдан майга чейин мигранттар которгон акча 37% кыскарган.
Парламентте өкмөттүк эмес уюмдар саясатка аралашса аларды “чет элдик агент” деп таануу боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети Кыргызстандын CASA-1000 долбооруна кошулуу боюнча келишимди жактырды.
"Азаттык" бул жолу өткөн жылы Ош аэропортундагы карактоону иликтеди.
Быйыл Кыргызстанда жаз жаан-чачындуу болду. Буга байланыштуу өлкө аймагында жер көчкү коркунучтары күчөп, Сузак районундагы көчкүдөн адам өмүрлөрү кыйылды.
Дагы жүктөңүз