2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Качкынбыз деп Европага барган адамдардын арасында жакшы жашоодон үмүтү үзүлүп, кайра артка кайткандар болууда.
Ирандык миллиардер Бабак Занжани мамлекеттик компаниялардын мунайын чет өлкөгө сатып, түшкөн кирешени кайтарбаганы үчүн өлүм жазасына тартылды.
Акыркы убактарда Өзбекстанда тыюу салынган дин агымдарына, уюмдарына тиешеси бар же алар менен кызматташат деген негизде адамдар тобу кармалууда.
Украин архитекторлору эки өлкөнүн алакасын көпүрө аркылуу чагылдырууну көздөп, Киевде көргөзмө ачышты. Анда Керчь көпүрөсү илгертен эле саясий куралга айланып келгени айтылат.
Алматыда курулушта иштеген Ринат Малыбеков 20-февралда ооруканада жан берген. Анын жакындары Ринат полициянын ур-тепкисинен өлдү деп ырастоодо.
Өзбекстандын Фергана облусунун 11 тургуну тыюу салынган диний уюмга катышы бар деген айып менен кармалышты. Мурдараак Ташкентте да ондон ашуун киши ушундай эле айып менен торго салынган.
Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Нурматов өзүнө каршы козголгон кылмыш иштери, уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар-жогу, депутаттык максаты тууралуу суроолорго жооп берди.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 21, менчик Silk Road мектебинин 6 окуучусу англис тили боюнча окуучулардын дүйнөлүк олимпиадасына катышуу үчүн Прага шаарына келишти.
Акыркы убактарда Орусияда кылмыш кылган кыргызстандыктар тууралуу байма-бай кабарланууда. Алардын арасында адам өлтүрүү, адам уурдоо жана зордуктоо беренелери менен айыпталгандар да бар.
Иранда өткөн кош шайлоонун алдын ала жыйынтыгы президент Роухани жана анын ымалалаштары атаандаштарынан оголе озуп кеткенин көрсөттү.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков саясий карьерасы кандайча бат өскөнү, фракциялар, анын ичинде КСДПга таасир этчү күчтөр, президент менен журналисттин соттошуусу тууралуу өз көз карашын айтты.
Bellingcat эл аралык иликтөө тобу 2014-жылы малайзиялык учактын кыйрашына орус аскер күчтөрүнүн тиешеси болушу ыктымалдыгын иликтеп чыкты. Анда катардагы жоокерлерден Путинге чейин алып барган схема камтылган.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын сакталышы боюнча жылдык баяндамасын жасады.
Акыркы күндөрү Өзбекстанда диний экстремизмге шектелип дагы ондон ашуун киши кармалды. Алардын көбү мурда чет мамлекеттерде иштеп келгендер.
Тазабек Икрамов - Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү. Эл өкүлү аткарган иштерин айтып, анын кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар, айрым криминалдык лидерлер менен ымалалаш деген сөздөргө жооп берди.
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядагы аскердик аракеттердин күчөшү тынч сүйлөшүү жүргүзүүнү үзгүлтүккө учуратарын эскертти.
Казакстандык беш жаран өлкөдө тыюу салынган “Таблиги жамаат” уюмуна мүчө болгону үчүн соттолушту. Ошол эле кезде Кыргызстанда бул уюм дааватчылар деген ат менен белгилүү.
Казакстандын Жамбыл облусунун Бурыл айылын полициянын атайын даярдыктагы аскерлери кайтарууга аргасыз болду. Айылда эки күн мурда алты жашар бала бир нече ирет бычакталып өлтүрүлгөн.
Дүйшөмбүгө оогон түнү Москвада тажик жана өзбек мигранттарынын ортосунда калайман мушташ чыкты.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов өткөн чакка кайрылып, СССР пионерлер менен комсомолдордон лидерлерди таптабай эле саткынчылыкка ыктаган адамдарды тарбиялаган деп айыптады.
Дагы жүктөңүз