Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:41

Каримов СССРди жамандады


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Өзбекстан президенти Ислам Каримов өткөн чакка кайрылып, СССР пионерлер менен комсомолдордон лидерлерди таптабай эле саткынчылыкка ыктаган адамдарды тарбиялаган деп айыптады.

Президент Ислам Каримов СССРди сынга алган пикирин 11-февралда Өзбекстандын балдар спортун өнүктүрүү Фондунун камкордук кеңешинин жыйынында айтты:

- Советтик режим пионерлердин жана комсомолдордун мыйзам эрежелери менен баарынын башын айландырган. Комсомолдон эч качан, эч кандай лидер чыккан эмес. Ошолордун ичинен азыркы биздин талапка жооп берген балдар болгон жок. Ал уюмдар көбүнесе саткынчылыкка даяр турган адамдарды тарбиялаган.

Ошол эле учурда Каримов убагында өзү да кызыл жагоо тагынып пионер болгонун, кийин Лениндин сүрөтү чапталган кызыл жылдызча тагынып комсомолго өткөнүн белгилей кетүү керек. Ал эми коммунисттик партияга мүчө болгондо ошол эле советтик жол башчы Лениндин сүрөтү чапталган башкаруучу партия КПССтин билетин алганын өзү да тана албас.

СССРди сындаган сөзүнө улай президент Каримов Өзбекстан келечекте жаңы замандын жүгүн тартып кете алчу кандай лидерлерди таптап жатканын ачык айткан жок.

Тек гана басып өткөн жолуна эми эч качан кайрылбасын айтып, Өзбекстан азыркы жолунан тайбайт деген кош маанилүү ой менен сөзүн улады:

- Жок, коркпогула, эми Өзбекстанда заман өзгөрүлбөйт. Аягына чейин ушундай доор болот. Минтип айтууга менде 100, 120, 200 пайыз укук бар. Ошондой эле өткөн заман эч качан кайтып келбесин билип койгула. Ал көпүрөдөн биз эбак өткөнбүз жан ал көпүрөлөр өрттөлүп, жоголгон. Эми алга гана карайбыз. Ката кетирсек да артка жол жок, - деди Каримов шатыраган кол чабууларга аралаш.

Камкордук кеңештеги сөзүнө караганда, өлкө башчысы социалдык тармактардын өзбекстандыктар арасына кенен тараганына кабатыр болгондой. Интернетти чектей албайбыз дегени менен, ал жаштарды жакшылыкка алып келбейт деген пикирин кошумчалады:

- Бу интернеттин пайдасы өтө көп. Аны чектөө акылсыздыкка жатат. Интернеттин чек арасын аныктай албайбыз. Бирок бул соцтармактардагы Твиттери болобу, башкасыбы, кандайдыр бир балээ экен, аларды токтотконго болбойт турбайбы. Балдар өздөрү гана акты карадан ажырата билиши керек экен. Башка жол жок.

Акыркы убактарда өзбек мамлекет башчысы чуулгандуу, бирок, элдин чыныгы көйгөйлөрүнө түздөн-түз тиешеси жок билдирүүлөрдү айтып келет.

Мисалы, февралдын башында Ташкент эл депутаттарынын Кеңешиндеги экономикалык жыйында сүйлөп жатып эле капыстан кумсаларга сын тагып, аларды психикалык жактан оорулуу адамдар деп атаган эле.

Интернеттеги талкууда айрым өзбекстандыктар Каримовдун билдирүүлөрү элди чыныгы көйгөйлөрдөн алаксытуу деп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG