2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Акыркы убактарда Улуу Жеңишти майрамдоо эл көңүлүн алагды кылган салтанатка айланып баратканы сындалууда. Удаа эле согуш боюнча жаңы фактылар ачыкка чыгып, окуу китептеринде, коомчулукта даңазаланган баатырлыктар жалган деген далилдер айтылууда.
Түркиядагы жагдайдан улам орусиялык туристтер Азиянын чыгышында эс алары күтүлүүдө. Кыргызстандыктар алардын бир бөлүгүн тартып калууга ашыгып жатат.
Москва метросунда кыргызстандык мигранттарга кол салууга шектелген төртөө кармалды. Айрым маалымат каражаттары аларды скинхеддер деп жазышса, полиция футбол фанаттары деп билдирүү таратты.
Еврокомиссия түркиялыктарга Шенгенге визасыз кирүүнү сунуштады. Бул арада грек-македон чегинде тынч өлкөлөрдөн башпаанек издеген мигранттар чечимге нааразылык билдиришүүдө.
Орусиянын Самара облусунда төбө чачты тик тургузган кылмышка шектелгендер кармалышты. Бир жума мурда райондук полиция кызматкерин үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо өлтүрүп кетишкен эле.
Орусия эки жыл мурда Тажикстанга 70 млрд. рублге барабар курал-жарак, аскер техникасын берүүнү убада кылган. Арийне, Дүйшөмбүдөгүлөр анын бир тыйыны да келбегенин айтышууда.
Акыркы күндөрү Сирияда кагылышуулар кайра жанданды. Өзгөчө акыркы суткада курман болгондордун саны кескин өстү. БУУ элдешүүнүн элдир-селдир эле күчү калганын айтып, Орусия менен АКШны чара көрүүгө чакырды.
Өткөн жылы орусиялыктардын кирешеси кескин азайды. Быйыл өлкөдө жакырлар катарына дагы 1,1 млн. киши кошулары болжолдонууда. Мунун зыяны Орусиядагы мигранттарга тийип, мекенине кайтканда көбөйүүдө. Эксперттер кризис төрт-беш жылга созуларын айтышууда.
Өзбекстанда өкмөткө темир тапшырууга мажбурлоо өнөкөтү эми ата-энелерге да жетти. Буга чейин мындай тапшырманы окуучулар, мугалим, дарыгерлер аткарышчу. Бийлик элден чогулган темир-тезекти эмне кылат?
Юстиция министрлиги Гүлнара Каримованы жана анын бир нече табакташтарын Швейцария банктарындагы 550 миллион долларды кайтаруу талабын аткарбаганы үчүн айыптап жатканы ачыкка чыкты.
Казакстанда бачабаздык кылгандарга жаза күчөтүлдү. Эми мындай айып менен жаза өтөп бүткөндөргө химиялык кастрация да жасалат. Ушуга окшош мыйзам долбоору Кыргызстанда да парламенттин өткөн чакырылышында жазылып, өтпөй калган эле.
Оппозиция баштап көчөгө чыккан жүздөгөн жарандар бийликке катаал талаптарды коюуда. 12-апрелде президент Иванов жарандарды мыйзамсыз тыңшоого шектелген чиновниктерге мунапыс берген.
Армения казак президенти Нурсултан Назарбаевге таарынып, анын көчөгө коюлган атын алып салды. Буга казак бийлигинин Тоолуу Карабак жаңжалынан кийинки кадамдары себеп болгону айтылат.
Акыркы күндөрү мунайдын баасы кескин түшүп кетти. Буга Орусия, Сауд Арабиясы баштаган өлкөлөрдүн мунай мунасасына келе албаганы себеп болду.
Украина менен Кыргызстан бир убакта премьер-министрлерин шайлашты. Катар катар ыңкылаптары менен белгилүү бул эки мамлекеттеги саясий орун алмашуу, окшоштуктар жана айырмачылыктар тууралуу Украинадагы Соода палатасынын өкүлү, ишкер Азамат Исмаилов "Азаттыкка" маек курду.
Тажикстан президентинин кызы, президенттик аткаруучу аппараттын жетекчиси Озода Рахмон парламенттин жогорку палатасына депутаттыкка аттанды. Талдоочулар муну менен ал мураскорлукка дагы бир кадам жакындаганын айтышат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 2015-жылдагы адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жасады. Анда мурдагы СССР өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан катуу сынга алынган.
Орусияда чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам иштегенине төрт жылга чукулдады. Бул аралыкта өлкөдө жарандарга укуктук, социалдык, моралдык-психикалык ж.б. жана башка жардам көрсөткөн өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердиги катуу кысмакка кабылды. Кыргызстанда да ушул сыяктуу мыйзам Жогорку Кеңеште каралууда.
Президенттин аппараты ишкер чөйрөнү бюджет тартыштыгына байланыштуу Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна демөөрчүлүк кылууга чакырды.
Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөндөн бери Жогорку Кеңешке эки жолу шайлоо өттү. Саясат чордонундагы бул институт күтүлгөндөй иштеп жатабы?
Дагы жүктөңүз