Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

АКШ Каримовага жарым миллиард доллар доо артты


Гүлнара Каримова түрк актеру Халит Эргенч менен, Ташкент.
Гүлнара Каримова түрк актеру Халит Эргенч менен, Ташкент.

АКШ Юстиция министрлиги өзбек президентинин кызы жана анын шериктерин жарым миллиард долларга байланыштуу айыптап, сотко кайрылды. Иш Гүлнара Каримованын телекоммуникациялык компаниялар боюнча миллиондогон долларлык параларына байланыштуу.

АКШ Юстиция министрлиги Манхэттен федералдык сотуна 21-апрелде кайрылган. Bloomberg агенттиги Кошмо Штаттар өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримова жана анын бир нече табакташтарын Швейцария банктарындагы 550 миллион долларды кайтаруу талабын аткарбаганы үчүн айыптап жатканын жазып чыкты.

Юстиция министрлиги Гүлнарадан тышкары алты киши менен эки компаниянын үстүнөн арыз жазды. Ал эки компаниянын бири Takilant Ltd Гибралтарда катталган. Ээси өзбек президентинин тууганы деп айтылат.

Арыздын мазмуну баш кеңсеси Амстердамдагы Vimpelcom телекоммуникация компаниясындагы коррупцияга байланыштуу козголгон ишке тийиштүү.

Буга чейин Vimpelcom Өзбекстанда жемкорлук ишке аралашканын моюнга алып, АКШ менен Голландиянын антикоррупциялык органдарына 795 млн доллар жазана төлөөгө макул болгон.

Бирок бул тургай, буга чейинки айыптоолорго да бийлик ак, же көк дей электигин өзбекстандык журналист Фарух Юсуфи айтат:

- Адаттагыдай эле Өзбекстан өкмөтүнөн эч кандай реакция болгон жок. Ушу кезге чейин Гүлнара Каримованын аты Швеция, Швейцарияда да аталган. АКШ расмийлери биринчи жолу Гүлнараны коррупцияга айыпташып, анын атын көрсөтүп, сотко кайрылышты. Ушу кезге чейин Гүлнара Каримова же Өзбекстан расмийлери пара алуу, коррупция, арам акчаны адалдоо жаатында үн катпай койгондуктан, АКШ 550 миллион долларды сот аркылуу төлөтүүнү максат кылды.

2012-жылы Өзбекстанда Ucell бренди менен иш алып барган TeliaSonera аттуу швед компаниясынын коррупциялык көз боемочулуктарын журналисттер иликтеп чыгышкан. Гүлнара Каримованын жемкорлук аракеттери тууралуу алгач мына ушул иликтөөдө айтылган.

Бир жылдан кийин АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрү Өзбекстандагы ири каржылык будамайлоолор боюнча өз иликтөөсүн башташкан. Ошондо TeliaSonera, орусиялык VimpelCom жана МТС телекоммуникация компаниялары Гүлнара Каримованын көзөмөлүндөгү ишканаларга өзгөчө ири өлчөмдө пара берүүгө шектелишкен.

Каржы эксперттеринин эсебинде, президенттин тун кызы алган пара бир млрд долларга жакындайт.

Жең ичинен берилген бул акчалар чет элдик компаниялардын Өзбекстандын байланыш базарында кенен-кесир орун алышын камсыздаганы кабарланат.

Мына ушундан соң АКШнын тергөө органдары миллиард долларга жакын акчаны камакка алган. “Азаттыктын” өзбек кызматы ал акчанын көбү – 800 млн. франк Швейцария банктарында экенин жазган.

Быйыл январда Өзбекстан өкмөтү АКШ юстиция министрлигине кат жөнөтөт. Анда өлкө ири жемкорлук схемасынын курмандыгы болгону жана Батыш өлкөлөрүнүн банктарынан камакка алынган акчаларды кайтарууну көздөп жатышканы жазылат. Бирок ошол жемкордук схемасын түзүүчүлөр катары Гүлнарадан башкасынын аттары гана көрсөтүлгөн.

- 2014-жылы сентябрда Өзбекстан Башкы прокуратурасы Рустам Мадумаров, Гаяна Авакян, Нурмухаммад Содиковдордун аттарын тизмектеп, кылмыштуу топко каршы иш ачылганын айткан. Анда Гүлнара Каримованын да аты аталган. Бирок акыркы жолу юстиция министри Музраф Икрамов АКШ өкмөтүнө кат менен кайрылганда Каримованын аты жазылбаган. Анын шериктерин гана атап, “булардын үстүнөн кылмыш ишин ачып, көбүн абакка өкүм кылдык, айыптары тастыкталды, акчаларын кайтарып бергиле” деп өтүнүп кат жазган. Бирок АКШ жана европалык мамлекеттер бул позицияга ишенишпейт. Алар бул жасалган кылмыштардын түбүнө жетип, чыныгы айыпкерлерди жоопко тартууну көздөйт - деп сөзүн улады өзбекстандык журналист Фарух Юсуфи.

Журналист Гүлнаранын аты президенттин кызы болгону үчүн кайра аталбай, жаап-жашырыла баштады деген ойдо.

Ири паракорчулукка айыпталгандан кийин Гүлнара Каримова Өзбекстандын өзүндө да кысмакталат. 2014-жылы үй камагына алынып, ошондон бери анын тагдыры элге белгисиз.

2014-жылдын майында адам уурдады деп айыпталып, анын жарандык никедеги күйөөсү Рустам Мадумаров 9, жардамчысы Гаяна Авакян 6 жылга эркинен ажыратылган.

Апрелдин башында болсо Каримованын жеке бухгалтери делген Нурмухаммад Садыков 18 жылга кесилди. Бирок ага кайсы сот, кандай айып такканы коомчулукка али белгисиз.

XS
SM
MD
LG