2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Тажикстанда Рогун ГЭСинин плотинасынын курулушу башталды. Анын ачылышына президент баш болгон тажик аткаминерлери, элчиликтердин өкүлдөрү, карапайым эл катышты.
ФБР Клинтондун мамкатчы кезиндеги кат алышуусу боюнча ишти дагы көтөрдү.
Брюсселге чогулган Евробиримдик лидерлери Орусиянын Алеппо шаарына жасаган авиасоккуларын кескин айыптады. Бирок Кремлге жаңы санкцияларды киргизүү боюнча бир пикирге келе алган жок. Буга негизинен Италия таасир этти.
19-октябрдын кечинде Германияда украин кризиси боюнча сүйлөшүү өттү. "Норманд форматындагы" жолугушууда Украина, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери бир катар маселелерди макулдашты.
Өткөн дем алышта Индияда дүйнөдөгү жигердүү өнүгүп келаткан беш өлкөнүн башын кошкон БРИКСтин саммити өттү. Анын күн тартибине экономика жана терроризм темалары коюлду.
Түркмөнстан чылым чегүүнү азайтуу максатында аны сатууну чектеп келет. Мындан улам өлкөдөгү көмүскө базарларда анын баасы эселеп көтөрүлдү. Бийлик ушундай жол менен элди тамекиден оолактата алдыбы?
Казакстан Каспийден мунай каза баштады. Дүйнөдөгү жаңы ачылгандарынын эң чоңу деп саналган, деңиздеги Кашаган кенинен пайда канчалык? Кыйналып турган элдин чөнтөгүнө огожо боло алабы?
Сирия маселеси боюнча Орусия-Британиянын пикири келишпей, британ тышкы иштер министри Борис Жонсондун сөзүнө орус тарап жооп кайтарып, кайым айтыш уланды.
Өзбекстанда атайын топ Анжияндагы айрым үйлөрдү тинтүүдө. Алар экстремизмге шектелгендердин, саясий оппозициядагылардын жана узак убактан бери чет өлкөдө жашагандардын үйлөрүндө болгону айтылат. Муну айрымдар Кыргызстан менен чек аранын ачылып жатышына байланыштырууда.
СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев дүйнө "коркунучтуу чекке келди" деп жарыялады. Ал АКШ-Орусия диалогунун токтоп калышын эң чоң ката деп, сүйлөшүүнү кайра улантууга чакырды.
Түркия-Орусия 10-октябрда мурда үзүлгөн мамилелерин дээрлик калыбына келтирди. Түрк азык-түлүктөрүн орус базарына сатууга уруксат берилди. "Түрк агымы" келишимине кол коюлду.
Ооганстанда талиптер активдешип, Кундуз шаарына кайрадан кол салышты.
Казакстан Журналисттер бирикмесинин жана Улуттук пресс-клубунун жетекчиси Сейтказы Матаев алты, анын уулу Асет Матаев беш жылга эркинен ажыратылды. Айыпталуучулар жана айрым жарандык активисттер муну саясий куугунтук деп аташууда.
Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президентинин милдетин аткара баштагандан бери бир топ кадрдык алмашуулар болду. Анын ишинде коңшу мамлекеттер менен мамилесин жакшыртууну көздөп жаткандай ишарат да байкалууда.
2-октябрда Венгрия эли Евробиримдиктин милдеттүү квотасы боюнча качкындарды кабыл алууга каршы добуш беришти. Бирок, эл аз келгенине байланыштуу референдум өттү деп эсептелген жок.
АКШ Конгресси Барак Обама президент болгондон бери биринчи ирет анын ветосун жокко чыгарды. Эми америкалыктарга 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт боюнча Сауд Арабияны сотко берүүгө жол ачылды.
Эл аралык тергөө тобу 28-сентябрда малайзиялык Боинг 777 учагы боюнча алгачкы расмий отчетун жарыялады. Анда учакты атты делген “Бук” зениттик-ракеталык системасы Орусиядан алынып келингени айтылат.
Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын ысымдары акыркы убакта кызуу талкууланып жатат.
Грециянын түндүгүндө орун алган Драма шаарында бир кездери Кыргызстанды мекендеп, кийин тарыхый жерине көчүп кеткен кыргызстандык гректер жашайт. Улуту грек болгону менен, көкүрөгүндө кыргыз руху жашап келаткан туугандардын сагыныч-кусалыгын, эскерүүлөрүн кабарчыбыз Али Токтакунов угуп видеого тарты
Саны азайганы менен агымы токтобогон качкындар.
Дагы жүктөңүз