Индиянын курорттук штаты Гоадагы саммиттин башкы темасы дүйнөлүк экономика жана терроризм болду. Бирок эки күндүк жолугушууда терроризм жаатында БРИКСтен ачык, так позиция кабыл алынган жок.
Сирия маселесинде орус президенти Владимир Путин өз турумун тааныштырганы менен, аны колдоо же четке кагуу тууралуу маалымдалган жок. Лидерлер көбүнесе жалпы сөздөр менен чектелишти. Индиянын премьер министри Нарендра Моди гана Пакистанды терроризм булагы катары айыптады:
- Терроризмди каржылаган булактарды жана курал-жарак, ок-дары, окуу-машыгуу сыяктуу террористтик каражаттарынын изин табууда тыгыз координация керек экенин белгиледик. Ошондой эле терроризмди каржылап, колдоп, баш паанек берген тараптар биз үчүн ошол террористтердей эле коркунуч деп макулдаштык.
Индия-Пакистан мамилелери тээ британ колониясынан чыккандан кийинки убактан бери чыңалган абалда экени белгилүү. Ошол эле учурда Пакистан менен тыгыз экономикалык байланыштагы Кытай буга кечиктирбей терс жооп кайтарды. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин:
- Биз терроризмдин бардык түрүнө каршыбыз. Биз ошондой эле терроризмди кайсы бир конкреттүү өлкөгө, этникалык топко же динге жармаштырууга да каршыбыз. Бул Кытайдын туруктуу позициясы. Индия менен Пакистан терроризмден запкы тартканын баары билишет. Терроризм менен күрөшүүдө Пакистан эбегейсиз күч жумшады, курмандыктары көп болду. Эл аралык коомчулук муну сыйлашы керек.
Терроризм жаатында Орусия учурда негизинен Сирияга көңүл бурууда. Ал эми Индия менен Кытайды Ооганстан, Пакистан маселеси кызыктырары жана бул жаатта бирдей ынанымга келбегени кайым айтышууда белгилүү болду.
Экономикалык жагынан болсо БРИКСтин Өнүгүү банкы кийинки жылы 2,5 млрд долларга барабар насыя берери айкын болду. Аталган банк Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору сыяктуу батыш үстөмдүк кылган каржы институттарына альтернатива катары эки жыл мурда негизделген. Бирок, жүздөгөн миллиард долларларды айланткан жогорудагы институттарга жалпы капиталы 100 млрд долларлык бул банк азырынча атаандаш боло албасы белгилүү.
Ошол эле учурда уюмдагы өлкөлөрдүн экономикасы мурда күтүлгөн өсүү деңгээлине жетпей келет. Ушу тапта Орусия менен Бразилия экономикасы артка кетсе, ЮАРда өсүү 1% тегереги. Кытай менен Индия экономикасы 6-7% гана көрсөтүүдө.
Арийне уюмдун экономикалык кызматташтыгына караганда, саммиттеги эки өлкө Орусия менен Индия ортосундагы курал сатуу, энергетика жана башка тармактардагы келишимдер алда канча чоң болду. Маселен, Индия Орусиядан 5 миллиард доллардан ашуун суммага С-400 үлгүсүндөгү зениттик ракеталык комплекс сатып алууга келишим түздү. Ал эми Орусия Индиянын энергетика тармагына 13 млрд долларга жакын инвестиция сала турган болду.
Ошондой эле саммитте ведомстволор аралык келишимдерден тышкары айыл чарба тармагындагы иликтөөлөр жана дипломатия боюнча меморандум кабыл алынды.
Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирген бул уюмда Жер жүзүндөгү калктын жарымына жакыны, дүйнөлүк экономиканын чейрек бөлүгү бар. Ошол эле учурда түзүлгөнүнө он жыл болгонуна карабай, БРИКС дүйнөлүк мааниге ээ окуялардын жүрүшүнө таасир эте турган кадамдарды жасай элек.