2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.
Түркмөнстан 2,2 млрд долларлык аэропорт курду. Түркмөн президенти ал келечекте Азия менен Европаны бириктирет деп мактанууда. Бирок жабык өлкөгө кайсы конок келет дешип, мындай ири долбоорлор өз баасын актай турганына ишенбегендер бар.
Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин анын убагында өлкөдөн чыга качкандар кайтып келери айтыла баштады. Алардын бири өзбекстандык ишкер, криминалдык авторитет делип, АКШнын "кара тизмесине" илинген Гафур Рахимов.
Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча коомдук талкуу соңуна чыкты. Конституциянын коомдук талкуудан кийинки соңку редакциясы парламентке ушул аптада сунушталышы керек.
Мурдагы советтик өлкөлөрдө бир күндө эки премьер-министр кызматынан кетти. Казак өкмөт башчысы башка кызматка дайындалса, армяндардыкы өз каалоосу менен иштен алынды. КМШ чөлкөмүндө бат-бат алмашкан премьерлердин салмагы канчалык?
Орусия президенти Владимир Путин 6-сентябрда Самарканга келип, Ислам Каримовду эскерди. Талдоочулар муну жөн гана көңүл айтуу каадасы эмес, чөлкөм үчүн маанилүү кадам деп баалашууда.
Тажикстанда Эгемендиктин 25 жылдыгына байланыштуу абактагыларга мунапыс берилди. "Мунапыс жөнүндө" мыйзамды парламентке өткөн жумада президент сунуштап, кабыл алынган. Ага ылайык, абактагы 12 миң кишинин жаза мөөнөтү кыскартылып, 3 миңи бошотулат. Эркиндикке чыкчулар арасында эркек-аялдардан тышкары өспүрүмдөр да бар.
Бир аптага жакын саламаттыгын айланасындагы маалыматтарды ырастабай жаткан өзбек бийликтери Каримовдун каза болгонун 2-сентябрда жарыялашты.
Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардыруу коопсуздук маселеси, тартип сакчыларынын кыраакылыгы боюнча бир топ суроолорду жаратты. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкуловду кепке тарттык
"Шоро" брендинин негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев агасы Табылды Эгембердиевдин идеяларын улантып, өнүктүрүү аракетинде. Ал ушу тапта кезектеги долбоорун ишке ашырмакка Чехияга келген. Эгембердиевди кабарчыбыз Али Токтакунов кепке тартты.
Сириянын Алеппо шаарында авиасокку тийген үйдүн урандысынан табылган бала дүйнөнүн үрөйүн учурду. Ушуга удаа Улуттар Уюму гумжардам жетпей, согуш жүрүп жаткан аймактан чыгалбай жаткан эл ачка калганын айтып, коңгуроо какты.
Кыйноолорго каршы улуттук борборго күч органдарында иштегендердин үстүнөн арыздангандар азайган жок.
Риодогу жайкы Олимпиада бүтөөрүнө толук бир жума калды. Бул арада медалдардын басымдуусу ойнотулду. Көпчүлүгүн адаттагыдай эле байманасы ташыган өлкөлөрдүн спортчулары алып жатышат.
Крымда террордук актыларды уюштурмак деген Орусиянын айыптоосун Украина четке какты. Орус тарап диверсиялык иш-аракеттердин алдын алуу учурундагы атышуудан эки кишиси өлгөнүн айтууда. Украин Коргоо министрлиги муну чагымчылдык деп атады.
Түркия визасыз режим боюнча Евробиримдикке шарт коюп, ал аткарылбаса качкындар боюнча түзүлгөн келишимден чыгарын билдирди. Бул арада Сириядагы согуш күчөп, качкындар агымы токтой элек.
Түрк-орус президенттери 9-августта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жолугат. Араздашып кайра табышкан лидерлер бул ирет эки өлкөнүн өз ара мамилеси эле эмес, Сирия маселеси боюнча да бир пикирге келүүнү көздөшүүдө.
Македониядагы табият кырсыгынан жыйырмадан ашуун адам өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.
Түштүк Кореядан кайтып келаткан Казакстандын жараны Ташкент аэропортунан дайынсыз жоголду. 27 жаштагы Вохиджон Ниязовдун туугандары аны Өзбекстандын атайын кызматы кармап кетти деп болжолдошууда.
Саналуу сааттардан соң Рио-де-Жанейродо төрт жылда бир өтүүчү дүйнөдөгү эң ири спорттук мелдеш расмий ачылат. Бул Олимп оюндарды утурлай Бразилиянын өзүндө да, дүйнөдө да талаш-тартыштар көп болду.
Вашингтондо Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери жана АКШ мамлекет катчысынын катышуусунда С5+1 форматындагы саммит өтүүдө. Акыркы жылдары Кытай, Орусиянын таасири күчөгөн чөлкөм менен АКШ да былтыртан бери кызматташтыгын күчөтүүнү көздөөдө.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыш өлкөлөрүн терроризмди жана аскер төңкөрүшүн колдойт деп айыптап чыкты.
Дагы жүктөңүз