"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Кечээ Лос-Анжелесте Грэмми музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, америкалык музыкалык академия 54-жолу өз лауреаттарын атады.
1-февралда Порт Саид шаарындагы футбол таймашынан кийинки тополоңдо 74 киши мерт кеткен. Өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.
Өткөн аптанын этегинде Кыргызстандын 3 жараны Казакстандагы кулчулуктан бошотулганы маалымдалган. Бир нече жылдан бери дыйкан чарбаларында малай болуп бекер иштеп жүргөн аялдардын бирөө Кыргызстанга кайтып, дагы бир аял 17 жаштагы уулу менен реабилитациялык борбордо бир нече күн өткөргөндөн кийин ушул шаршембиде мекенине жөнөп кетишти.
Египеттин аскерий жетекчилиги Порт Саид шаарындагы трагедияга байланыштуу 3 күндүк аза күтүү жарыялады.
Кыргыз коомунда “Черныйлар”, “общак”, “смотрящий”, “пахан”, “положенец” – ушул өңдүү сөздөр өзүнчө бир модага айланганы таң калтырат.
Ирандын Билим берүү министрлиги мындан ары окуу китептери кыздар менен балдар үчүн өзүнчө басып чыгарыларын жарыялады.
Казак Мажилисинин жаңы депутаттары алгачкы сессияга чогулду. Тажик бийлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын беделин көтөрүү аракетин көрүүдө.
Тажикстандын түштүгүндө Даңгара деген чакан шаарча бар. 20 миңдей киши жашаган бул жер өлкөнүн борбор калаасы болуп калышы ажеп эмес.
Соңку маалыматтарга караганда, 13-январда Италиянын жээгинде кырсыкка учураган кемеде бараткан дагы 29 киши дайынсыз болууда.
Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча президенттин «Нур Отан», бийликчил «Ак жол», Казакстандын Коммунисттик элдик партиялары парламентке өттү.
Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды жана жергиликтүү органдарга өкүлдөрдү шайлап жатышат.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Эрмек Ибраимов "Азаттыкка" кыргыз-түрк мамилери тууралуу кеп курду.
Президент Башар Асад Сириядагы толкундоолорду “чет өлкөлүк кутумчулар” уюштурушкан деп билдирди.
Прагага дүйнөнүн булуң-бурчунан көңүл айткан билдирүүлөр келип атат. Чехтер мурдагы президентин эскерип, баш калаанын борборуна шамдарды жагууда.
Жекшембиде Маңгыс-Тоонун борбору - Актауда жүздөгөн киши борбордук аянтка чогулушту. Өткөн аптада полиция менен кагылышта мерт болгондор 15ке жетти.
79 жаштагы Жак Ширак Париждин мэри кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, коомдук каражатты максатсыз сарптаган деп айыпталган.
Кремл шайлоого нааразы болгондор менен тил табышууга кадамдарды жасап жаткандай. Аналитиктер бийликтин реакциясы кыйла кечеңдегенин белгилешет.
6-декабрда Москва жана Санкт-Петербургда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына макул болбогондор нааразылык акцияларын уюштурушкан. Москвалык журналист Аркадий Дубнов "Азаттыкка" маек курду.
Атай Өмүрзаков "Чехия - Словакияда таланттар бар" сынагынын финалдык таймашына өттү. Жарым финалда "Уолли" деген анимациялык фильм боюнча коюлган бийин аткарып, көрүүчүлөрдүн эң көп добушуна ээ болду.
Ноябрдын башында Нью-Йорктогу Метрополитен музейинде ислам искусствосуна арналган бөлүм ачылды. АКШнын эң чоң музейиндеги туруктуу көргөзмө аркылуу америкалыктар жана туристтер ислам маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Дагы жүктөңүз