"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Ноябрдын башында Нью-Йорктогу Метрополитен музейинде ислам искусствосуна арналган бөлүм ачылды. АКШнын эң чоң музейиндеги туруктуу көргөзмө аркылуу америкалыктар жана туристтер ислам маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Италияда жаңы техникалык өкмөт курууга сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ишембиде премьер-министр Силвио Берлускони кызматтан кетүү арызын президентке тапшырды.
Бүгүн Орусия менен Батыш Европаны туташтырган “Түндүк Агым” деген газ кууру ачылды.
Ливиянын өткөөл өкмөтү Муаммар Каддафинин туулган шаары Сиртеде өлтүрүлгөнүн билдирди. Августта бийликтен кулатылган полковниктин акыркы таянычы үчүн күрөш бир нече аптага созулду.
25 жыл илгери Кыргызстанда алгачкы Ысык-Көл шеринеси өтүп, ага дүйнөлүк абройу бар, салабаттуу инсандар чогулган. Аны негиздөөчүлөрдүн бири, илимпоз, ойчул, акын, дипломат, ЮНЕСКОнун мурдагы жетекчиси Федерико Майор ошол шерине кандайча уюштурулуп, анда кандай сөз болгонун эскерет.
Агенттер Сауд Арабиянын Вашингтондогу элчисин өлтүрүүнү көздөшкөнү айтылууда. Тегеран дооматтарды “комедия” деп четке какты.
10 жыл илгери АКШ жетектеген коалициялык күчтөр Ооганстанда аскерий операцияны башташкан. Турмушу оңолот дегендердин үмүтү акталдыбы?
Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобстун өлүмү технология тармагында иштеген кесиптештерин, күйөрмандарын кайдыгер калтырган жок.
Германия парламентинин төмөнкү палатасы евромейкиндикти кризистен куткаруу фондуна кошумча каражат бөлүү планын колдоду.
Тыңчылык үчүн айыпталып, Тегеран түрмөсүндө эки жыл отуруп чыккан америкалык эки жаран мекенине кайтып келди.
2009-жылы саясий буюртма өлүмгө дуушар болгон Медет Садыркуловдун иши боюнча Элмира Ибраимова "Азаттыкка" кеп курду.
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча иштин тегерегиндеги суроолорго жооп берди.
Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши жаңы өкмөттүн курамын жарыялаганы жатат.
Франция жана Британиянын жетекчилери Ливияга барышты. Эки өлкө тең НАТОнун Ливиядагы аскерий операциясын чечкиндүү колдошкон.
Хоккей дүйнөсү аза күтүүдө. Кечээ Ярославлдан Минскиге бараткан учак кырсыкка учурап, «Локомотив» командасынын 37 мүчөсү, экипаж набыт кетти.
Сирияда бүгүн да өкмөткө каршы митинг уланганы жатат. Бул өлкөдөгү абалга тынчсызданган эл аралык коомчулук Дамаск бийлигине кысымын күчөтүүдө.
Орусиянын тергөө комитети адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө байланыштуу 2 дарыгерге айып такты.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган расмий делегация Малайзия, Индонезияда иш сапары менен болгон. Коомчулукта 36 кишиден турган делегациянын бул сапары кызуу талкууланган.
Вице-премьер-министр Шамил Атаханов ички жана тышкы коопсуздук маселелери боюнча "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Эл аралык валюта корунун мурдагы жетекчиси Доминик Стросс-Канга каршы дагы бир кылмыш иши ачылышы ыктымал.
Дагы жүктөңүз