"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан өнөктөштөрүн экстремисттерди түп тамыры менен жок кылуу үчүн көбүрөөк салым кошууга үндөдү.
Париждеги кан төгүүлөрдөн кийин социалдык тармактардын араб өлкөлөрүндөгү колдонуучулары “улам бир чабуул, жардырууларга туш болуп жаткан биз жылуу сөзгө, тилектештикке арзыбайбызбы?” – деген маанидеги ой-пикирлерин байма-бай билдирип жатышат. Фейсбуктагы коопсуздук белгисинин Париж теракттарынан кийин гана ишке киргизилиши да көп cынды жаратты. Le Monde гезитинде мына ушул темага арналган макала жарык көргөн.
Парижде 13-ноябрдагы теракттарды ишке ашырган дагы эки жанкечти аныкталды. Бул ишке байланыштуу Бельгиянын Моленбек шаарында текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат.
Түркиянын түштүгүндө Чоң Жыйырманын жылдык саммити өтүүдө. Адатта экономикалык кырдаал талкууланган жолугушууда терроризмге каршы күрөшкө басым жасалмакчы.
31-октябрда кырсыкка кабылган орусиялык аэробус борттогу бомбанын жарылуусунан кыйроого учураган деп 90% ишеним менен айтса болорун маалыматты иликтөө тобунун мисирлик мүчөсү билдирди.
Кара-Суу райондук соту "Ас-Сарахси" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловду 5 жылга жатак абакка кести. Сот диниятчыны диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу деп тапты. Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги Тажикстанда жайгашкан аскердик базанын согуштук мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрөрүн билдирди. Атап айтканда, борбор шаар Дүйшөмбүнүн четиндеги аэродромго кошумча тик учактар жайгаштырылмакчы.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Арменияда 6-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча элдик референдум өткөрүлмөкчү.
“Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн Орусия, Иран, Ирак жана Сирия “коопсуздук жана чалгындоо тармагында кызматташуу” тууралуу келишим түзүштү.
Тажикстанда төлгөчү, бүбү-бакшылар ишин токтотпосо жети жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Президент Эмомали Рахмон парламентке Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды.
Германиялык машина чыгаруучу ири компания – "Фолксвагенге" экологиялык коопсуздук тесттерин бурмалагандыгы үчүн АКШда кылмыш иши козголушу ыктымал.
Apple компаниясы жаңы продукциясын сунуш кылды. iPhone 6s, iPhone 6s Plus жана iPad Proнун бет ачары белгиленген Сан-Франциско спорт комплексине 7 миңдей киши келди. Компания смартфон же жаңы муундагы чөнтөк телефондор жагынан иши ийгиликтүү жүрүп келаткан ишкана.
Кишиневдун борборунда 1990-жылдардан берки эң ири митингдин бир нече миң катышуучусу кала берүүдө.
Тажикстандын Юстиция министрлиги 28-августта "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ишмердигин мыйзамсыз деп жарыялады.
Австриянын Ички иштер министрлиги 71 бозгундун, анын ичинде төрт жашы жетелек баланын жана сегиз аялдын сөөгү табылганын бүгүн тактады. Кечээ полиция Венгриядан келген жүк ташуучу машинада 50 чакты кишинин жасаты табылганын маалымдаган.
Дүйшөмбү шаар соту туулган күнүндө түшкөн сүрөттөрдү Фейсбукка жайгаштырган жигитти айып пулга жыкты. Тажикстанда аш-тойлорду, үй-бүлөлүк маараке-салтанаттарды өткөрүүнүн өзүнчө жол-жоболору иштелип чыккан.
Орусиянын Улуттук хоккей федерациясы 80 миң швейцария франкы же 85 миң АКШ доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
Президент Франсуа Олланд Амстердам - Париж каттамындагы поездде ок атууга аракеттенген кишини куралсыздандырган төрт чет өлкөлүк жаранды Франциянын эң жогорку Ардактуу Легион ордени менен сыйлады.
Түркияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо 1-ноябрда өткөрүлүшү мүмкүн. Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган соң өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы ушул датаны сунуш кылды.
Каирде бейшембиге караган түнү дүрмөттөлгөн машина жарылганда кеминде 20 киши жараат алды. Окуя күч органдарынын имаратынын жанында болгон.
Дагы жүктөңүз