Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Apple Айфондун жаңы версиясын сунуш кылды


Apple компаниясы жаңы продукциясы менен тааныштырды. 9-сентябрь, 2015-жыл
Apple компаниясы жаңы продукциясы менен тааныштырды. 9-сентябрь, 2015-жыл

Apple компаниясы жаңы продукциясын сунуш кылды. iPhone 6s, iPhone 6s Plus жана iPad Proнун бет ачары белгиленген Сан-Франциско спорт комплексине 7 миңдей киши келди. Компания смартфон же жаңы муундагы чөнтөк телефондор жагынан иши ийгиликтүү жүрүп келаткан ишкана.

Чөнтөк телефондордун акыркы моделдеринин жаңы версияларына S деген эле тамга кошулган. Дизайны ошол эле бойдон калды делгени менен компаниянын башкы директору Тим Кук смартфондо “бардык нерсе” өзгөртүлгөнүн белгиледи. Андан тышкары буга чейинки сериядан айырмаланып, мала кызыл түстөгү телефон чыгарыла баштады.

Жаңы продукция 3D Touch технологиясы менен жабдылган. Анын жардамы менен телефон катуу же акырын басканды айырмалай алат жана ошого жараша керектүү операцияны аткарат.

iPhone камерасы мурда 8 мегапиксель болсо, эми 12ге жетип жакшыртылган. Эми видео же сүрөттү сапаттуурак тартса болот.

Жаңы моделдер ушул жылы 25-сентябрдан тарта дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сатыла баштамакчы. АКШда компания дүкөндөрүнөн атайын келишим менен сатып алганда 6S моделинин баасы 199 доллардан 399 долларга чейин, 6S Plusтуку 299-399 доллар турат. Жыл аягына чейин жаңы серияларды дагы 133 өлкөдө сатыкка түшөт.

iOS 9 деген жаңы операциялык системаны эски-жаңы телефондор үчүн 16-сентябрдан көчүрүп алса болот.

Ал эми iPad Pro планшет экраны буга чейинки моделден айырмаланып чоңураак, ал 12,9 дюйм же 32 см чоңойгон. Аккумулятору 10 саат бою иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Жабдыкты клавиатурага туташтырып, ноутбук катары пайдаланса болот. Азырынча мындай функция Microsoft Surface планшеттеринде бар. Apple A9X деген жаңы процессордун күчү акыркы муундагы ноутбуктардан кем калбастыгын Apple компаниясынын өкүлдөрү ырасташууда.

Күтүлгөндөй эле, жаңы планшет “стилус” же пластик калем менен жабдылган. Буга байланыштуу айрым адистер компаниянын негиздөөчүсү Стив Жобс ага каршы болуп келгенин айтышат.

Эс тутум өлчөмү 32 гигабайт жабдуунун баасы 799 АКШ доллары, 128 гигабайттык – 940 доллар турат. Калемди 99 долларга, ал эми магниттик клавиатураны 169 долларга сатып алсаңар болот.

Сан-Францискодогу бет ачар аземде Apple TV телевизиондук жандоочу жабдык менен да тааныштырышты. Анда смартфондогудай Siri деген добуш менен иштеген жардамчы тиркеме да бар.

Мисалы, фильм көрүп атып, "каарман эмне деп айтты" деп сурасаңар эле, Siri видеону артка айлантып берет. Ошондой эле жакшы көргөн актер тартылган фильмдерди таап берүүнү сураса болот. Же фильм көрүп атып, сыртта аба ырайы кандай деп кызыксаңыз, жабдуу өзү кинону токтото туруп, сурооңузга жооп кайтарат.

Apple TV октябрдын этегинде сатыкка түшмөкчү. 32 гигабайттык моделдин баасы 149 доллар, 64 гигабайттыкы 199 доллар бомокчу.

Эң кызыгы, презентациядан кийин компаниянын акциялары 1,9% арзандады.

Эксперттер муну Apple компаниясынын финансылык ийгиликтери менен байланыштырышат. Күчтүү атаандаштык шартында инвесторлорду, Уолл-Стритти дайыма таң калтырып туруш керек. Бирок жаңы продукция аларды, балким, анча ынандырбаганын айрым аналитиктер айтышууда.

XS
SM
MD
LG