"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гулнара Каримовага тиешеси бар коррупциялык схемаларга аралашкан деген шек боюнча 9 киши камалды.
Орусия Батыштын санкция киргизилген продукциясын өлкөдөн оолак кармоо үчүн тамак ашты мештерде өрттөп, бульдозерлер менен тепселетип жаткан кезде кошуна Беларустун президенти азык-түлүк коопсуздугу маселесин өз колуна алгандай.
Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен кызматташуу келишимин денонсациялоо чечими өз ара көмөктөшүү программасына залакасын тийгизиши мүмкүн.
Алматы шаар соту жынысын өзгөрткөн соң иштен алынган полициячынын арызын канааттандырбады. Моралдык зыяндын ордун толтуруу доосу да четке кагылды.
Орусияда Кыйноолорго каршы комитет деп аталган бейөкмөт уюм жабылууда. Январда бийлик аны “чет өлкөлүк агенттер” тизмесине киргизген. Жакында болсо комитеттин Чеченстандагы кеңсеси аламандаган топтун чабуулуна туш болгон.
Башкырстандын баш калаасы Уфада 8-июлда БРИКСтин саммити башталды.
Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Федерика Могерини Иран менен алты өлкөнүн сүйлөшүүлөрү дагы бир нече күнгө созуларын билдирди.
Эл аралык Валюта фонду Афины өкмөтү кайрылса, жардам берүүгө даярдыгын билдирди. 8-июлда Еврозонага кирген өлкөлөрдүн лидерлери саммитке чогулушмакчы.
Жапонияда жаңы арал пайда болду. Эски континенттин бир катар өлкөлөрүндө термометрлер рекорддук чекке жетип жатат. Мадриддеги музейде Пол Гогендин дүйнөдөгү эң кымбат сүрөтү коюлду.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева парламенттик системага өткөндөн кийин шайланган Жогорку Кеңештин 5 жылдык ишмердүүлүгү, алдыдагы парламенттик шайлоо жана өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча "Азаттыктын" Прага студиясында суроолорго жооп берди.
"Фридом Хаус" уюмунун 29 өлкөдөгү абалды талдаган баяндамасында өткөн жылы Орусиядагы демократияга мурда болуп көрбөгөндөй тоскоолдуктар болгону белгиленет.
Брюсселде Евробиримдиктин чукул саммити башталууда. Евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Грециянын карызы боюнча кризисти жөнгө салууга аракет көрүшмөкчү.
20-июнда качкындардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Аны утурлай БУУ жарыялаган маалыматка ылайык, дүйнөдө качкындардын саны 59 жарым миллион кишиге жетти.
Бир нече күн мурун Ислам кызматташтык уюмунун Европа биримдигиндеги элчиси, азербайжандык дипломат Ариф Мамедов Фейсбукта жазган ой-пикирине байланыштуу кызматынан алынганы тууралуу кабар тараган.
Сириялык күрттөрдүн аскер бөлүктөрү АКШ учактарынын колдоосу менен 15-июнда Түркия менен чек арадагы Тел-Абьяд шаарынан "Ислам мамлекети" радикал тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарышты.
Бакуда полиция кызматкери көзөмөл камерасына тартылган видеону шардана кылгандыгы үчүн жумуштан алынды.
Тбилисиде табигый кырсыктан улам 10дон ашуун адам набыт болду, 30 чактысы дайынсыз. Жергиликтүү зоопарктан жаныбарлар качып, бир нече жырткыч дагы эле бош жүргөнү кабарланууда.
Бакуда бүгүн Биринчи Европа оюндары башталууда. Бийлик эл аралык деңгээлдеги спорт мелдештерин уюштуруу өлкөнүн дүйнөлүк сахнадагы аброюн көтөрөт деп ишенет.
Орусиянын президенти Италияда сапарда жүрөт. Путин Украина боюнча жетишилген келишимдерди аткаруу ал өлкөнүн чыгышындагы кан төгүүнү токтотуу үчүн өтө маанилүү болгонун айтты.
Түркиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы (АК) добуштардын басымдүү көпчүлүгүн алууга жетише алган жок. Ошентип эми саясий партиялар кайрадан коалиция түзүш керек.
Дагы жүктөңүз