"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Рио-де-Жанейродогу Жайкы Олимпиадага туура 100 күн калды. Бул дүйнөлүк ири спорттук мелдеш Бразилия үчүн кыйын мезгилге туура келүүдө.
Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын мүчөлөрү уюмдун жаңы баш катчысына талапкерлер боюнча угууларды башташты.
Бүгүн Сирияда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Оппозиция бойкоттогон өнөктүктө 250 депутаттык мандат үчүн 3,5 миңдей талапкер ат салышууда. Ал тапта Женевада Сирияда тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталды.
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк кызматтан кетерин жарыялады. Өкмөт башчынын отставкасы тууралуу кептер жыл башынан бери айтылып келген.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык бөлүмү 24-март кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай кезектеги баяндамасын жарыялады.
Брюсселдеги Завентем аэропортунда өзүн өзү жардырган жанкечти өткөн ноябрда Париждеги теракттарга да катышкан деп шектелген адам болуп чыкты. Мындай жыйынтыкка тергөөчүлөр генетикалык экспертизанын негизинде келишти.
Алтын менен соода кылган түркиялык белгилүү ишкер, теги ирандык Реза Зарраб өткөн жуманын этегинде АКШда кармалды.
Бельгия баш калаасындагы удаама-удаа жардыруулардан мерт болгондордун саны кеминде 33 адамга жетти. Прокуратура аэропорттун учуу залындагы жардырууну жанкечти террорчу жасаганын ырастады.
Франциянын мусулман жамаатынын лидерлери дүйшөмбүдө Парижде курган жыйында жаштардын радикалдашуусунун алдын алуу чараларын талкуулашты.
Кечээ Лос-Анжелесте маалымат жыйынында Мария Шарапова акыркы 10 жылдан бери ден соолугуна байланыштуу тыюу салынган мельдоний дарысын колдонуп жүргөнүн билдирди.
Чечен элинин Сталиндик депортациясынын жылдыгы белгиленген күнү ПАРНАС партиясынын төрага орун басары Илья Яшин чечен жетекчиси Рамзан Кадыровдун ишмердигине арналган эксперттик докладын жарыялады.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган америкалык расмий өкүлдүн Сириянын күрт күчтөрүнүн колундагы шаарга барышын катуу сындады.
"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык уюму дүйнө өлкөлөрүн терроризмге каршы күрөштө же качкындар маселесин чечүүдө адам укуктарын садага чаап жатышканы үчүн сынга алды.
Украинада чочко тумоосу же H1N1 вирусу ушул кышта 50дөн көп кишинин өмүрүн алып кетти. Ереванда жыл башынан бери ондон ашуун бейтап вирустан көз жумганы тастыкталды.
Орусия керек болгон учурда Сириянын президенти Башар Асадга башпаанек бериши мүмкүн, - деп кыйытты орус мамлекет башчысы Владимир Путин германиялык “Билд” гезитине берген интервьюда. Жыл башында өткөрүлгөн маектин экинчи бөлүгү 12-январда жарык көрдү.
2015-жылы январда Парижде жана айланасында болгон теракттарда 17 кишинин жаны кыйылса, ноябрда террорчулардын колунан 130дай бейкүнөө киши набыт кеткен.
Орусиянын Тергөө комитети Оренбург-Орск трассасында катуу бороондо күрткүдө калган айдоочунун өлүмүн териштирүүдө.
Жаңы жыл майрамы маалында 90го чакты кыз-келинге ыдык көрсөтүлгөн, алардын айрымдары каракталганын айтып полицияга арыз менен кайрылышкан.
5-январда Барак Обама АКШда курал-жарак сатууга көзөмөлдү күчөтүү чараларын жарыялады. Конгресстеги республикачыл көпчүлүк бул чараларга каршы болуп, 2013-жылы президенттин сунушун четке каккан.
Түрк куралдуу күчтөрү 24-ноябрда Сирия менен чек ара аймагында орусиялык аскердик учакты атып түшүргөндөн кийин Анкара менен Москванын мамилеси күтүлгөндөй эле кескин начарлап кетти. Орус өкмөтү экономика, бизнес, туризм тармактарында бир катар чектөөлөрдү киргизүүгө камданууда. Түрк бийлиги болсо Орусиянын учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын ырастап келатат.
Дагы жүктөңүз