Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Европарламентке «жашылдар» көп келди


Европа парламентине шайлоонун баштапкы жыйынтыктары биримдиктеги тенденцияларды чагылдыргандай болду.

Оңчул-борборчул жана борборчул-солчул партиялар үстөмдүгүн жоготуп, ашынган оңчулдар менен «​жашылдар», ири бизнестин таламын талашкан либералдар, тескерисинче, ийгиликке жетишти.

Өткөн аптанын аягынан бери Евробиримдикке кирген 28 өлкөдө шаркеттин негизги мыйзам чыгаруучу органынын жаңы курамы тандалды. Эң башкы сюрприз - бул ирет добуш берүүнүн жыйынтыгы эмес, элдин катышуусу болуп калды.

Маалыматтарга караганда, 420 миллионго жеткен шайлоочулардын 50 пайыздан көбү добуш берди. Соңку 20 жылда элдин катышуусу мынча кызуу болгон эмес. Мындан беш жыл мурун бул көрсөткүч 8 пайызга аз болгон.

Баштапкы жыйынтыктар көргөзгөндөй, «​Европалык элдик партия» деген оңчул-борборчул коалиция биринчи орунда баратат. Аларга 751 орундуу парламенттен 179 мандат тийиши мүмкүн. Социалисттердин жана демократтардын прогрессивдүү альянсы 150 орун менен экинчи чоң блок болуп калмакчы. Бирок эки коалиция тең мындан беш жыл мурунку шайлоого караганда азырак добуш алышты.

Германиядагы шайлоодон бир көрүнүш.
Германиядагы шайлоодон бир көрүнүш.

Айлана-чөйрөнү коргоочулар же «​жашылдар» 71 депутат менен тескерисинче, өз позицияларын бекемдешти. Ушундай эле ийгиликке оңчулдар менен евроскептиктердин эки фракциясы жетишти. Марин Ле Пен, Маттео Салвини жана Найжел Фараж өңдүү саясатчылар башында турган топторго баш-аягы 114 орун тийиши күтүлүүдө.

Францияда Марин Ле Пендин ашынган оңчулдар партиясы алдыда баратат, экинчи орунда президент Эммануэл Макрондун «​Алга, Франция» партиясындагы тарапташтары.

Республикачылар менен социалисттер бул жолу утулгандардын лагеринде.

Германияда «​жашылдар» ийгиликке жетишти. Байкоочулардын баамында, мындай жыйынтыкка жаш шайлоочулар чоң салым кошушту. Жаңы муун өкүлдөрү немис саясатында үстөмдүк кылып келаткан Христиан-демократтар, Социал-демократтар партияларын колдоодон баш тартышты көрүнөт. Канцлер Ангел Меркел жана өнөктөштөрү мындай начар жыйынтыкка көп жылдардан бери туш болуп көргөн эмес. «​Германия үчүн альтернатива» аттуу популисттик партия да көздөгөндөн аз добуш алды.

Европанын маалымат каражаттары оңчул популисттердин таасири күчөйт деген божомолдор азырынча акталган жок. Бирок айрым өлкөлөрдө аларга мурдагыдан көбүрөөк орун тиймекчи.

Италияда оңчул консерваторлордун «Ла Лига» партиясы жеңишке жетти. Маттео Салвини башында турган улутчулдар эми Италиянын өзүндө да позицияларын күчөтүшү күтүлүүдө.

Нидерланддагы шайлоо бекети.
Нидерланддагы шайлоо бекети.

Ашынган оңчулдар Нидерландда утулуп калышты. Шайлоочулар европачыл партияларга колдоо көргөзүштү.

Польшада башкаруудагы консервативдүү евроскептиктердин «​Укук жана адилет» партиясы жана оппозициядагы «​Жарандык платформа» экөө тең ийгиликке жетишти.

Британияда Брекзиттин жактоочулары ишенимдүү жеңишти. Найжел Фараждын «Жаңы партиясы» Европарламентте Британияга бөлүнгөн 64 мандаттын 28ин алмакчы. Аларга шайлоочулардын 31,6 пайыз добушу тийди.

Шаркеттен чыгуу боюнча дагы бир референдум өткөрүүнү жана Брекзитти жокко чыгарууну жактаган партиялар тобу бардыгы болуп 40 пайыз добуш алышты.

Британия ушул жазда Евробиримдиктен, демек Европарламенттен чыгып кетмек. Бирок ал жараян созулуп кеткендиктен өкмөт бирдиктүү Европанын мыйзам чыгаруучу органына шайлоо өткөрүүгө аргасыз болду. Элдин катышуусу падышалыкта башка өлкөлөргө караганда төмөн болду.

Азыркы жадыбал боюнча, Британия биримдиктен 31-октябрга чейин чыгууга тийиш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG