Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Бээжин бир тараптуу санкцияга каршы


Бээжин кайсы бир өлкөлөрдүн кытайлык компанияларга бир тараптуу түрдө санкция салуусуна каршы. Мындай билдирүүнү 16-майда Соода министрлиги жасады. Анын алдында АКШ Кытайдын "Huawei" компаниясын улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп "кара тизмеге" киргизген.

Башкалаада өткөргөн апталык пресс-конференцияда Кытайдын Соода министрлигинин басма сөз катчысы Гао Фенг Кошмо Штаттар эки тараптуу мамилелерге залака келтирүүдөн карманууга тийиш деп билдирди:

"Кытай улуттук коопсуздук концепциясы кыянат, соода протекционизми үчүн пайдаланылбоого тийиш деп баса бегилеп келатат. Кытай тийиштүү мамлекеттер рынок эрежелерин урматтайт, бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кытайдын компанияларына бизнес жүргүзүү үчүн адилет, ачык чөйрө түзөт деп ишенет".

15-майда АКШнын Соода министрлиги Кытайдын "Huawei" компаниясын жана 70 филиалдарын өлкөнүн улуттук коопсуздугуна каршы аракеттенет деп “кара тизмеге” киргизди. Ал компанияга жабдууларды саткан америкалык өндүрүүчүлөргө АКШ бийлигинен атайын лицензия талап кылынат.

Вашингтон "Huawei" америкалык санкцияларды кыйгап өтүп, Иранга финансылык кызмат көрсөткөн деген доомат артууда. Ошондой эле фирма тыңчылык кылууга жана маалыматтарды жөнөтүп турууга жөндөмдүү технологияларга ээлик кылат деген шектенүүлөр бар. "Huawei" андай айыптоолорду кескин четке кагууда.

Ошол эле күнү президент Дональд Трамп маалымат технологияларын коргоо жөнүндөгү буйрукка кол коюп, бул тармакта чукул кырдаал киргизген. Ага ылайык, америкалык компанияларга улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн деген фирмалар чыгарган телекоммуникациялык жабдууларды пайдаланууга уруксат берилбейт. Бирок документте конкреттүү өндүрүүчүлөр аталган эмес.

Былтыр август айында Трамп америкалык өкмөттүк мекемелерге "Huawei" жана кытайлык дагы бир компания - ZTE тарабынан чыгарылган жабдууларды колдонууга тыюу салган буйрукка кол койгон.

"Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, жаңы документ Ак Үй тарабынан бир жыл бою даярдалган.

Вашингтон көрүп жаткан акыркы чаралар Кошмо Штаттар менен Кытай "соода согушун" токтотууга аракеттенген учурга туш келди. Жакында америкалык башкалаада өткөн сүйлөшүүлөрдүн 11-айлампасы майнапсыз аяктады.

Акыркы аптада дүйнөнүн эң ири экономикалык державалары өз рынокторун коргойбуз деп, бири биринин товарларына бажы тарифтерин көтөрүшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG