"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Кытайдын Казакстандагы элчиси нааразылыктардын артында «кайсы бир күчтөр турат» деп билдирди. Казакстандын бир нече шаарында кытай заводдорунун курулушуна каршы нааразылык акциялары уланып жатат.
Ооганстандын расмий жетекчилери тынчтык орнотуу жараянындагы жылышты колдоо менен катар, АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү жетишкен келишимдин долбооруна камтама болушту.
Казакстанда үч күн катары менен кытай ишканаларынын курулушуна каршы нааразылык акциялары өтүүдө.
3-сентябрда украин парламенти - Жогорку Рада депутаттардын иммунитетин чектөө тууралуу мыйзамды колдоду. Сессияга катышкан президент Владимир Зеленский «мыйзам чыгаруучулар саясий чечимдери үчүн мурдагыдай эле жооп беришпейт» деп белгиледи.
Бесланда Орусиянын cоңку тарыхындагы эң кандуу теракттын 15 жылдыгын эскерип жатышат. Казак президенти Касым Жомарт-Токаевдин элге кайрылуусун айрым активисттер популизм деп баалашты. Брно шаарындагы оорукананын дарыгерлери энесинин мээси өлгөндөн кийин төрөлгөн ымыркай жөнүндө айтып беришти.
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Европа өлкөлөрүн «Орусия менен Кытайдан айырмаланып, өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерин толук аткарбай жатат» деп сындады.
Талиб согушкерлери эки күндүн ичинде эки шаарга чабуул коюшту.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Вашингтон менен Минскини ортодогу «маанилүү маселелерге» карабай, диалог курууга чакырды.
Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Амазон токойлорундагы өрттү өчүрүү үчүн “Чоң жети” сунуш кылган 22 миллион доллар жардамды алууну караштыра турганын билдирди. Бирок анын алдында Франциянын мамлекет башчысы Эммануэль Макрондон аны “калпычы” деп атаган сөзүн артка алууну талап кылды.
Кошмо Штаттар Ооганстандан аскеринин бир даарын чыгарууга даяр. Бул үчүн "Талибан" кыймылы куралдуу жаңжалга чекит коюу максатында Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштоо кепилдигин берүүгө тийиш.
Кошмо Штаттар 31-июлда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифке санкцияларды киргизди.
Ооганстанда жыл башынан бери куралдуу жаңжал 1 366 адамдын өмүрүн алып кетти, 2,5 миңге жакын адам жарадар болду.
Ооганстанда бейшемби күнү үч башка жерде болгон кол салуу 50дөн көп кишинин өмүрүн кыйды. Теракт АКШ Ооганстанда тынчтык орнотуу максатында талибдер менен келишим түзүү аракетин көрүп жаткан маалда болду.
Токиодогу Жайкы Олимпиадага туура бир жыл калды. Бул күндүн урматына жапондордун борбор калаасында бир катар иш-чаралар өттү.
Кытайдын мурдагы премьер-министри, Тяньаньмэнь көтөрүлүшүн ырайымсыз басууга буйрук берген жетекчи катары тарыхта калган Ли Пен 90 жашында көз жумду.
Орусиянын Хабаровск крайында 23-июлга караган түнү балдардын жайкы лагери өрттөнүп кетти. Расмий маалыматка ылайык, бир кыз жеринде каза тапты, үч жеткинчек реанимацияда көз жумду. Өрт болжол менен жылытуучу жабдыктан келип чыккан. Окуя боюнча кылмыш иш козголду.
Түркиядагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен бери үч жыл өттү. Кан төгүү менен коштолгон ал окуя өлкөнү кантип өзгөрттү? "Гүленчилер" делген адамдардын маселелеси түрк-кыргыз мамилесине канчалык кедергисин тийгизип жатат? Туризм Кыргызстандын улуттук экономкиасынын уюткусу боло алабы?
Британия Иранга Гибралтардагы танкерге байланышкан кризистен чыгуунун жолун сунуш кылды.
Бейшемби күнү Москвада Жогорку сот "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп соттолгон төрт крым татарынын апелляциялык арызын карап жаткан маалда имараттын сыртына чогулган 50дөн көп кишини полиция кармап кетти. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» укук коргоо уюмунун активисттери маалымдашты.
Грузияда оппозициялык «Рустави-2» телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния Орусия президентин оозго алгыс, ыплас сөздөр менен сөккөндөн кийин канал бир нече саатка берүүлөрүн токтотуп койду.
Дагы жүктөңүз