"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия казак мунайын алып келүүгө бут тосуп жатканын билдирди. 21-январда Минскидеги жолугушууда президент өлкө экономикасы кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгиледи.
Давосто Дүйнөлүк экономикалык форумдун мааракелик 50-жыйыны башталууда. Жыйындын расмий ачылышы болгон 20-январда жүздөгөн демонстрант "байлардын шеринеси" деген атка конгон форумга нааразылыгын билдиришти.
АКШда фондулук биржалардагы индекстер бейшембиде рекорддук чекке көтөрүлдү. Мунайдын айрым түрлөрүнө да баа өстү. Анын алдында Вашингтон менен Бээжин соода-экономикалык келишиминин биринчи баскычына кол коюшкан.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жүргүнчү учакты атып түшүрүүгө күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу үчүн бар аракет көрүлөрүн билдирди.
Украиналыктар 9-январда аза күтүп жатышат. Ал арада Ирандын Жарандык авиация уюму Тегерандын четиндеги кырсыктын себептери тууралуу баштапкы отчётун жарыялады.
Иранда таасирдүү генерал Касем Сулейманинин сөөгү 7-январда кичи мекени Керман шаарында жайына берилмек. Бирок 50дөй киши тебелиндиде каза болгондон кийин анын жаназасы жылдырылганы кабарланды.
Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден бери алгачкы парламенттик шайлоо өттү. Парламенттеги орундар үчүн мыйзам чыгаруу органында отурган беш партия ат салышты. Бешөө тең Мирзиёевди колдошот.
22-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт. “Эрк” демократиялык партиясынын төрагасы, Стамбулда бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухаммад Салих "Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин деле саясий реформалар жүргөн жок, алдыдагы шайлоо да эски ыкма менен өткөнү жатат" деген пикири менен бөлүштү.
Пакистан өкмөтү мурдагы президент Первез Мушаррафты өлүмгө өкүм кылган соттук коллегиянын жетекчисин кызматынан алдырууну көздөп жатат.
Британиядагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо "Брекзитти" жактаган Консерваторлор партиясы чоң жеңишке жетти.
Мальтанын премьер-министри Йозеф Мускат январдын ортосунда кызматынан кетүүнү көздөп жатканын 1-декабрда билдирди.
Вашингтон «Фейсбукту», «Инстаграмды» жана «Твиттерди» Иранда Интернет толугу менен калыбына келтирилмейинче, ал өлкөнүн өкмөт жетекчилерине байланышкан баракчаларды убактылуу жабууга үндөдү.
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Тегеранды тынч демонстранттарга каршы күч колдонууну токтотууга жана Интернетти калыбына келтирүүгө чакырды.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму Бишкекте иштей баштаган адамдын жүзүн тааный алган камераларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анын чоо-жайын уюмдун адам укуктары боюнча бөлүмүнүн изилдөөчүсү Лаура Миллс “Азаттык" менен курган маегинде кенен түшүндүрүп берди.
Иран Фордодогу өзөктүк заводундагы центрифугаларга газ бере баштады. Анын артынан уран байытууга киришмекчи. Муну менен өлкө 2015-жылкы эл аралык келишимде өзүнө алган дагы бир милдеттенмеден баш тартты.
Шейшембиде Польшада Допингге каршы эл аралык уюм – ВАДАнын үч күндүк конференциясы башталды. Жыйын Орусиянын спортчулары аралашкан кызытма жаңжалы курчуган маалда өтүп жатат.
«Human Rights Watch» (HRW) уюму АКШнын Борбордук Чалгын кызматы (CIA) колдогон жана машыктырган оогандык куралдуу кошуундар карапайым адамдарды сотсуз өлтүрүү, медициналык жайларга кол салуу, адамдардын дайынсыз жоголушу өңдүү зордукчул аракеттерге барышканын билдирди.
Иракта коменданттык саат киргизилгенине карабай масштабдуу митингдер тынчыбай жатат.
НАТОнун коргоо министрлери Брюсселде эки күндүк жыйын куруп жатышат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Африка менен соода алакасын көбөйтүүнү көздөйт. Орус мамлекет башчысы Сочиде өтүп жаткан саммитте бул ниетин баса белгиледи.
Дагы жүктөңүз