Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Түштүк Кореяда тумоону тизгиндеген партия жеңди


Түштүк Кореядагы шайлоо участкаларынын бири. 15-апрель, 2020-жыл
Түштүк Кореядагы шайлоо участкаларынын бири. 15-апрель, 2020-жыл

Дүйнөдө 2 миллиондон көп киши коронавируска кабылды, 137 миңден ашуун бейтап илдеттен көз жумду. Президент Дональд Трамп экономиканы жандандыруу планын жарыялай турган болду. Ал эми Түштүк Кореяда пандемияга карабай парламенттик шайлоо өттү.

15-апрелдеги статистикага караганда, АКШда өлгөндөрүн саны 31 миңден, инфекция жуккандардын саны 630 миңден ашты.

Мындай шартта президент Дональд Трамп экономиканы жандандыруу планын жарыялаганы жатат. Европалык айрым өлкөлөр чектөөчү чараларды жеңилдетүүгө киришти.

Президент Трамп өлкө эпидемиянын “туу чокусунан ашып өткөнүн” айтканы менен, бул тармактагы эксперттер жана ири бизнес жетекчилери элдин жумуш ордуларына коопсуз кайтуусу үчүн коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу, анализди текшерүүнү көбөйтүү керектигин эскертишүүдө.

Америкалык лидер жарыялай турган план коронавирус анча жайылбаган аймактарда чектөөчү чараларды алууну көздөйт. Эң көп жапа чеккен штаттар менен шаарларда карантин мурдагыдай эле кала бермекчи.

Бир нече жумадан бери АКШнын тургундары пандемиядан улам үйүнөн чыкпоо көрсөтмөсүн аткарууга аргасыз. Мындай шартта кеминде 17 миллион киши жумушсуз калды.

Ал тапта АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайды “вирус кантип жайылганы тууралуу так маалымат берүүгө” үндөдү.

Ухань шаары, Кытай. 16-апрель 2020-жыл
Ухань шаары, Кытай. 16-апрель 2020-жыл

Айрым эксперттер Бээжин инфекцияга чалдыккан, COVID-19дан көз жумган адамдардын санын азайтып көргөзүүдө деп шек санашат.

АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин маалыматына ылайык, Кытайда илдетти 83 миңден көп киши жугузуп алган, 3 миң 300дөн ашууну өлгөн.

Европанын улам бир өлкөсү пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөчү чараларды жеңилдетип жатат. Шаршембиде Европа Биримдигинин аткаруучу органы карантинден чыгуунун бирдиктүү стратегиясын жарыялады.

Еврокомиссиянын планында чектөөлөрдү алуу үчүн белгилүү бир мөөнөттө вирустун тарашы азайып, ооруканаларда жетиштүү орун болууга тийиш деп айтылат. Ошол эле маалда ар бир мүчө мамлекет кайсы кадам качан жасаларын өзү чечери белгиленди.

Айрым өлкөлөр апта башынан бери кээ бир ишкана, дүкөн, башка жайларды ачууга уруксат беришкен.

Германиянын канцлери Ангела Меркел дүкөндөр эмки жумада ачылышы мүмкүн, окуучулар мектептерге 4-майда кайта баштайт деди. Ошол эле маалда элдин бири-бири менен көп аралашпоо эрежеси кала бермекчи.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму карантиндин шарттарын жеңилдетип жаткан өлкөлөр адегенде бери дегенде эки жума күтүп, жыйынтыкка жараша андан аркы кадамдарга барууга тийиш деген кеңеш берди.

Пандемияга карабай, шаршембиде Түштүк Кореяда парламенттик шайлоо өттү. Президент Мун Чжэ Ин мүчө болгон бийликтеги Бирдиктүү демократиялык партиясы ишенимдүү жеңип, 300 орундуу парламентте 163 мандат алды.

Сеул, 15-апрель 2020-жыл
Сеул, 15-апрель 2020-жыл

Бул добуш берүүгө бүт дүйнө көз салып турду. Эмне дегенде көпчүлүк өлкөлөрдө бардык саясий иш-чаралар токтотулган. Өлкө аймагында 14 миң шайлоо участкасы ачылган. Ар бир добуш берүүчү беткап тагынууга, антисептик жана мээлей алып жүрүүгө милдеттендирилген. Ар бир шайлоочунун дене табы текшерилип, добушканага келгендер аралыкты сактап турушту.

Өкмөттүн коронавируска каршы саясаты ийгиликтүү болгондуктан, башкаруудагы партиянын рейтинги кыйла өскөн.

COVID-19дун эпидемиясы башында Кытайдан кийин эле эң олуттуу деп каралып келгени менен Сеул аны ооздуктай алды. Азыр күнүнө 30 чакты кишиден инфекция аныкталып келет. Алардын басымдуусун ооруну чет жактардан жугузуп алгандар түзөт. Жалпысынан Түштүк Кореяда 10 миң киши коронавируска чалдыккан, 229 бейтап каза тапты.

Баса, шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 66 проценти катышты. Мындай жогору көрсөткүч 1992-жылдан бери боло элек эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG