"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Пандемия коомдук жашоону көп жагынан өзгөртөрү азыртадан эле билине баштады. Ал эми динге кандай таасир этиши мүмкүн?
Британияда бейшембиде коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Вакцина Оксфорд университетинде иштелип чыккан. Ал арада Германиянын тиешелүү мекемеси ыктымал вакцинаны адамдардын үстүнөн сыноого уруксат бергени кабарланды.
Коронавируска байланыштуу дүйнө жүзүндө ачарчылыкка кабылган адамдардын саны эки эсе көбөйүшү ыктымал. Кыргызстанда коронавирус жуккан бир милиция кызматкери реанимацияда жатат. Иран орбитага аскердик жандооч чыгарганын билдирди.
Коронавирус пандемиясы басма сөз эркиндигине коркунучту көбөйтүп жатат.
Дүйнө коронавирус пандемиясына каршы күрөш менен алектенип жаткан кезде бүгүнкү кризистен пайда табууну, өз позицияларын күчөтүп алууну көздөгөн топтор да бар. Аларын биринчи катарында уюшкан кылмыштуу түзүмдөр турат.
Дүйнөдө 2 миллиондон көп киши коронавируска кабылды, 137 миңден ашуун бейтап илдеттен көз жумду. Президент Дональд Трамп экономиканы жандандыруу планын жарыялай турган болду. Ал эми Түштүк Кореяда пандемияга карабай парламенттик шайлоо өттү.
АКШ президенти Дональд Трамп «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) пандемияны жөнгө салууда чабалдыгын көргөздү» деп билдирди.
Украинада Чернобыль атомдук станциясынын айланасындагы аймакта 11 күндөн бери токойлор өрттөнүп жатат. Өрт ири кырсыктан кийин жабылган станцияга жакындап баратканы менен бийлик «кырдаал көзөмөлдө» деп кайталоодо.
Дүйнөдө COVID-19га чалдыккан адамдардын саны 1 миллион 850 миң кишиден ашты, 114 миңден көбү көз жумду. Кытайда коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйө баштады. Алардын басымдуу бөлүгү - чет жактардан кайтып келген кытайлар.
8-апрелде АКШда 78 жаштагы сенатор Берни Сандерс Демократиялык партиянын атынан президенттик шайлоого катышуу жарышынан чыгып жатканын жарыялады.
Дүйнө жүзүндө азыр миллиондогон ак халатчандар күнү-түнү коронавируска чалдыккан адамдардын өмүрүн сактап калууга, дарылап сакайтууга аракет көрүп жатышат. Канчалаган ак халатчандар илдетти жугузуп алып, канчалаганы көз жумду.
Италия жана Испания коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкөлөр бойдон калууда. Евробиримдиктин мүчөлөрү мындай кырдаалда бири-бирине тилектештик көргөзө албай турган кези.
Чехияда «Акылдуу карантин» деген система сыноо иретинде ишке кирди. Технологиялардын жардамы менен инфекцияланган адамдын акыркы беш күндө кайда жүргөнү, ким менен байланышта болгону аныкталат.
Коронавируска каршы күрөшүү максатында өзгөчө режим же башка чараларды киргизүү адам укуктарынын абалына кандай таасир этип жатат? Мындай кырдаалда маалымат каражаттарынын ролу кандай?
Эмне себептен шведдер башкаларга окшобогон жолду тандап алды?
Дүйнөнүн улам бир өлкөсү коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн катаал чараларды көрүп, карантин же өзгөчө абал киргизип жаткан кезде Швеция европалык мамлекеттердин арасынан жалгыз болуп жарандарынын күнүмдүк турмушун дээрлик өзгөртүүсүз калтырды.
Айрым дарыгерлер жаңы илдет өлкөгө былтыр күзүндө эле тараган деген теориясын айтып жатышат. Бул пикирди талашкандар да бар.
Дүйнөдө коронавируска чалдыккан адамдардын саны жарым миллиондон ашты. Бейшембиде АКШ оору катталган өлкөлөрдүн сап башына чыкты.
Дүйнө калкынын үчтөн бир бөлүгү коронавирустан улам карантинге алынды. Ушу тапта 438 миң 700 киши ооруну жуктуруп алды, 20 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылды.
Индияда 25-марттан тартып элге 21 күн бою үйлөрүнөн чыгууга толук тыюу салынды. Калкынын саны 1 миллиард 300 миллион кишиден ашкан өлкөдө ушу тапта COVID-19га чалдыккан 500дөн көп киши катталган, тогуз бейтап көз жумду.
Дагы жүктөңүз