Сириянын Идлиб провинциясында мектепке урулган соккудан 35 киши, анын ичинде 22 бала набыт болду. ЮНИСЕФ тараткан бул маалымат Бириккен Улуттар Уюмунда Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн кайым айтышуусуна алып келди.
Ирак күчтөрү АКШ баштаган коалициянын абадан көрсөткөн колдоосу менен Мосул шаарын бошотуу операциясын жүргүзүп жатат.
Узап бараткан аптада Кыргызстанда Конституциянын түп нускасы жоголгону белгилүү болду. Ала-Букада сөөктү үч которуп коюу эмнеден кабар берет же дин өзүн коргоп жатабы? Иракта Мосул шаарын бошотуу операциясы башталды.
19-октябрда Кошмо Штаттарда президенттикке талапкерлердин акыркы дебаты болуп өттү.
Узап бараткан аптада Конституциялык палата Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча жараян Конституцияга ылайык жүрүп жатат деген корутунду чыгарды.
Йемендин радарларына Кошмо Штаттардын аскерий кемеси сокку урду. Ага чейин Йемен тараптан АКШ кемеси ракета менен аткыланганы кабарланган эле.
Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө, “Референдум жөнүндө” жана “Референдумду дайындоо жөнүндө” мыйзамдар каралып, кабыл алынууда. Бул мыйзам долбоорлордун бир убакта кабыл алынышы мыйзам талаптарына туура келбей турганы айтылууда.
Ооганстандын Кундуз жана Гилменд провинциялары талиптер менен ооган өкмөттүк күчтөрүнүн кагылышкан аймагы бойдон калууда. Акыркы күндөрү ооган коопсуздук күчтөрүнүн тик учагынын кыйроосу жана Лашгаркахтагы жардыруу жоготуулардын көбөйүүсүнө алып келди.
Кошмо Штаттарда президенттикке талапкерлер экинчи дебатын өткөрдү. Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон менен Республикачылар партиясынын талапкери Дональд Трамп дүйнөлүк саясаттан тартып, жеке жүрүм-турумдарына чейин айтышты. Бул дебаттын алдында Трамптын 11 жыл мурун кыз-келиндердин дарегине айткан орунсуз сөздөрү жарыяланып, чоң жаңжал жараткан эле.
“Референдумга - жок” кыймылы Бишкекте курултайын өткөрдү. Башкы прокуратура “үтүргө” таянып, бийликтин ишеничин актады. Алеппону бомбалоо Орусия менен Батыштын тирешин күчөттү.
Ооганстанда талиптер активдешип, Кундуз шаарына кайрадан кол салышты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчылыгына талапкерлер арасында Португалиянын мурунку өкмөт башчысы Антониу Гуттериш алдыга чыкты.
Узап бараткан аптада компроматтык согуш көп жагдайларды ачты. Өкмөт экономикалык каатчылыкка байланыштуу бюджетти кыскартууга барды. Сирия жаңжалы Москва менен Вашингтон мамилесин курчутту.
Кошмо Штаттар Иракка кошумча аскер жибере турган болду. Мындай чечим Ирактын Мосул шаарын “Ислам мамлекети” террордук уюмунан бошотуу операциясын баштоо алдында кабыл алынды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири - Мосул 2014-жылы террордук уюмдун көзөмөлүнө өткөн.
Азия регионундагы ядролук эки державанын ортосунда ок атышуу болду. Исламабад атышууда эки аскери окко учканын билдирди.
26-сентябрда Алжирде эл аралык энергетикалык форум башталган. Анын алкагында ОПЕК мүчөлөрү менен ага кирбеген мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу белгиленди. 28-сентябрда ал жолугушууда мунайдын баасы көңүл борборунда болмокчу.
26-сентябрда АКШ президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын биринчи дебаты болду.
Акыркы күндөрү Сириянын Алеппо шаарына абадан урулган соккудан 45 адам өлгөнүн, алардын ону балдар экенин Сирия активисттери кабарлады.
Узап бараткан аптада президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар уюмуна сапарын токтотуп, Түркияда калууга аргасыз болду. Кыргызстанда компроматтык согуш тутанды.
21-cентябрда АКШнын Федералдык резервдик системасынын жыйыны болду. Анын соңунда дүйнөлүк акча, насыя саясатына таасир эте турган үстөк пайыз өзгөртүүсүз калтырылды.
Дагы жүктөңүз