“Ата Мекендин” лидери президентке импичмент жарыялоо үчүн даярдык башталганын билдирди.
Европарламент Түркияны мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнү токтотууну сунуштады.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жогорку кызматтарга талапкерлерди тандоону улантууда.
НАТО менен Орусиянын ортосунда коопсуздук боюнча жаңы бир тирешүү эпкини чыкты.
АКШ президенти Барак Обама менен орус президенти Владимир Путин Перуда жолугушту.
Узап бараткан аптанын урунтуу окуяларына сереп.
20 жылдан бери салкындап турган түрк-өзбек мамилеси оңолуу жолуна түшөбү?
Иракта Мосулду бошотуу операциясынын башталганына бир ай болду.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында орусиячыл талапкер Игорь Додон жеңишке жетти.
Трамптын президенттик шайлоодо жеңишке жетиши НАТО жана Европа Биримдигин бейпайга салууда.
Узап бараткан жумада Кыргызстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилди.
Бостондон тартып Лос-Анжелеске чейин нааразылык акциялар өттү.
Узаган аптада Жогорку Кеңеште жаңы башкаруучу коалиция түзүлгөнү жарыяланды.
Бириккен Улуттар Уюму “Ислам мамлекети” террордук тобу Мосулда карапайым адамдарды тирүү калканч катары колдонуп жатат деп айыптады.
Иракта Мосулду бошотуу операциясы жүрүүдө. Бул арада Түркия Ирактын чек арасына танк, артиллериясын жайгаштырып, Мосул үчүн операция туура эмес багытта баратса катышууга даярдыгын билдирди.
Арменияда келерки жылы парламенттик шайлоо болуп, өлкө парламенттик башкаруу системасына өтөт. Жаңы системада азыркы президент Серж Саргсяндын премьер-министр кызматына келүү мүмкүндүгү Арменияда кызуу талкуу жаратты.
Ирак күчтөрү Мосулдун чыгышынан кирүү аракетин баштады. Жоочулар өкмөттүк күчтөрдүн чабуулун бомба салынган автоунааларды жардыруу менен токтотууга умтулууда. Ал эми Алепподо жума күндөн бери козголоңчул күчтөрдүн чабуулу жүрүүдө.
Узап бараткан жумада Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тарап, өкмөт кызматтан кетти. "Кыргызстан" фракциясында бийлик алмашты. Кыргызстан Douing Business рейтинги боюнча артка кеткени айкын болду.
Апийим чеңгелиндеги Ооганстан. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча,өлкөдө баңгизат айдалган аянт быйыл 10% өстү. Казакстанда экстремизмге каршы аракеттер күч алды.
Европа Биримдигинин Андрей Сахаров атындагы “Ой эркиндиги үчүн” быйылкы сыйлыгы Ирактагы езид активисттери Надие Мурад жана Ламие Ажи Башарга ыйгарылды. Экөө тең “Ислам мамлекети” террордук уюмунун колуна түшүп, кулчулукка кабылышкан. Туткундан качып чыгып, укук коргоочулук ишин улантышууда.
Дагы жүктөңүз