Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

АКШ: Трампка каршы акциялар

Трамтын президенттикке шайланышына каршы демонстрациялар, Сиэтл, 9-ноябрь, 29016
Трамтын президенттикке шайланышына каршы демонстрациялар, Сиэтл, 9-ноябрь, 29016

Кошмо Штаттарда Дональд Трамптын президент болуп шайланышына каршы нааразылык акциялар өттү. Айрым жерлерде демонстранттар жолдорду жаап, кыймылды оорлотту. Хиллари Клинтондун “Трампка башкарууга мүмкүнчүлүк берүү” чакырыгына карабай акциялар өттү.

АКШдагы президенттик шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон жеңет деп күтүлүп жатканга карабай Дональд Трамптын жеңишке жетишүүсү Кошмо Штаттардын чыгышындагы Бостондон тартып, батышындагы Лос-Анжелеске чейин нааразылык акциялардын чыгышына түрткү болду. 9-ноябрда өткөн акцияларда жолдор жабылып,Трампка каршы ураандар чакырылды. Алар Трамптын мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо, мусулмандарга жана аялдарга каршы сөздөрүнө нааразылык билдиришти.

Демонстранттар президенттик шайлоонун жыйынтыгын четке кагышарын жана Трамп алардын президенти эместигин айтып кыйкырышты.

Мындай демонстрациялар Хиллари Клинтондун шайлоо жыйынтыгын таанып, Дональд Трампка өлкөнү жетектөөгө мүмкүнчүлүк берүү чакырыгына карабай болду. Шайлоодон кийин 9-ноябрда сүйлөгөн Хиллари Клинтон шайлоо “эл биз ойлогондон да терең ажырымда экенин” көрсөттү деди.

Президент Барак Обама шайлоодо жеңген Дональд Трампка телефон чалып куттуктаган. Ал 10-ноябрга Ак үйгө келүүгө Трампты чакырды. Жолугушууда мөөнөтү бүтүп бараткан президент жаңы шайланган президентке мамлекеттик ишти өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүү өткөрмөкчү. Бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү АКШ демократиясынын маанилүү белгиси экенин Обама белгиледи:

-Бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилүүсү биздин демократиянын өзгөчө белгилеринин бири. Аны биз жакынкы айларда бүт дүйнө жүзүнө көрсөтөбүз.

Обама бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү үлгүсүн көрсөтөбүз дегенине карабай Трамптын президент болушуна каршы акциялар жалпы АКШда, өзгөчө Хиллари Клинтонго көп добуш берген жерлерде өтүүдө. Бостондо демонстранттар шаар ортосунан “Трамп расист”, “Трампка импичмент”, “Шайлоочулар коллегиясы жоюлсун” деген ураандар менен өтүштү.

Сиэтл шаарында Трампка каршы нааразылык акциясы болгон жерде ок атылып, жабыркагандар бар экени кабарланды. Техаста 400 адам көчөгө чыгып, мигранттардын агымын тоткотуу максатында Мексика менен АКШнын ортосунда дубал куруу жөнүндөгү Трамптын демилгесине каршылык билдиришти.

Нааразылык акциялары Вашингтондо International Hotel Trump мейманканасынын жана Ак үйдүн алдында болду. 10-ноябрда да бир катар шаарларда нааразылык митингдери белгиленгени маалымдалды.

Трамп шайлоодогу жеңиштен кийин жалпы америкалыктардын президенти болууга убада берди:

- Америкага бөлүнүү жарасын таңуу жана чогуу болуу мезгили келди. Жалпы өлкөдөгү республикачылар, демократтар жана көз карандысыздар, баарыбыз бир элдей чогуу болуу учуру келди деймин. Мен ар бир жараныбызга бардык америкалыктардын президенти болууга убада беремин. Бул мен үчүн өтө маанилүү.

Трамптын командасы ал Ку-клукс-кланды колдойт деген пикирлерди четке кагып, алар ар кандай формадагы жек көрүүчүлүктү айыптарын белгилеген.

Трамп 8-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Ал шайлоо коллегиясынын 278 добушуна ээ болду.

Жаңы шайланган АКШ президенти 20-январда иннагурациясын өткөрүп, президенттик кызматка толук кандуу киришет.

Дональд Трамп: бизнес жана экрандагы жашоо

Дональд Трамп: бизнес жана экрандагы жашоо

Дональд Трамп 1946-жылы, оокаттуу үй-бүлөдө туулган.

1/19 Дональд Трамп 1946-жылы, оокаттуу үй-бүлөдө туулган.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамп (солдо) - үй-бүлөдөгү беш баланын төртүнчүсү. Анын атасы Тред Трамп ньюйорктук ийгиликтүү үй куруучу болгон. Уулу бизнесин түптөп жатканда миллиондорду атасынан алган.

2/19 Трамп (солдо) - үй-бүлөдөгү беш баланын төртүнчүсү. Анын атасы Тред Трамп ньюйорктук ийгиликтүү үй куруучу болгон. Уулу бизнесин түптөп жатканда миллиондорду атасынан алган.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамптын Нью-Йорктогу аскер академиясында окуп жүргөн кези.
3/19 Трамптын Нью-Йорктогу аскер академиясында окуп жүргөн кези.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Уортон бизнес мектебинин бүтүрүү кечесинде. Дональд Трамп атасы менен. 1968-жыл.
4/19 Уортон бизнес мектебинин бүтүрүү кечесинде. Дональд Трамп атасы менен. 1968-жыл.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
1977-жылы Трамп Чехославакиядан келген Иванка Зельничковага үйлөнгөн. Сүрөт 1989-жылы, ажырашууга аз калганда тартылган. Бул никеден үч бала төрөлгөн: Эрик, Иванка жана кичүү Дональд Трамп.

5/19 1977-жылы Трамп Чехославакиядан келген Иванка Зельничковага үйлөнгөн. Сүрөт 1989-жылы, ажырашууга аз калганда тартылган. Бул никеден үч бала төрөлгөн: Эрик, Иванка жана кичүү Дональд Трамп.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
1993-жылы Трамп актриса жана модел Марле Мейплска үйлөнгөн.

6/19 1993-жылы Трамп актриса жана модел Марле Мейплска үйлөнгөн.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамп жана Марла Мейплс кызы Тиффани менен. 1995-жыл. 1999-жылы жубайлар ажырашып кеткен.
7/19 Трамп жана Марла Мейплс кызы Тиффани менен. 1995-жыл. 1999-жылы жубайлар ажырашып кеткен.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
1996-жылы Трамп "Аалам сулуусу" сынагынын ээси болгон. Ошол жылы титулду жеңип алган Алисия Мачадо кийин "Трамп мени мазактады" деп айыптап чыккан.

8/19 1996-жылы Трамп "Аалам сулуусу" сынагынын ээси болгон. Ошол жылы титулду жеңип алган Алисия Мачадо кийин "Трамп мени мазактады" деп айыптап чыккан.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамп эл аралык мейманканасы менен Лас-Вегастагы мунаранын пайдубалына таш коюп жатат. 2005-жыл.
9/19 Трамп эл аралык мейманканасы менен Лас-Вегастагы мунаранын пайдубалына таш коюп жатат. 2005-жыл.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамп продюсер Марк Бернет менен. 2004-жыл. Трамп "Кандидат" реалити-шоусунун аркасында "жылдыз" болуп чыга келген. Шоу 14 сезон бою уланган.

10/19 Трамп продюсер Марк Бернет менен. 2004-жыл. Трамп "Кандидат" реалити-шоусунун аркасында "жылдыз" болуп чыга келген. Шоу 14 сезон бою уланган.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамптын "Кантип бай болуу керек" деген китеби 2004-жылы жарык көргөн. Ага чейинки "Келишим искусствосу" китеби бестселлерге айланып, Трамптын атагын алыска тааныткан.
11/19 Трамптын "Кантип бай болуу керек" деген китеби 2004-жылы жарык көргөн. Ага чейинки "Келишим искусствосу" китеби бестселлерге айланып, Трамптын атагын алыска тааныткан.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
2005-жылы Трамп словениялык модел Мелания Кнаусска үйлөнгөн. 2006-жылы алардын уулу Баррон төрөлгөн.

12/19 2005-жылы Трамп словениялык модел Мелания Кнаусска үйлөнгөн. 2006-жылы алардын уулу Баррон төрөлгөн.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Баррон атасынын Голливуддагы жылдызынын үстүндө ойноп жатат. Лос-Анжелес, 2007-жыл.

13/19 Баррон атасынын Голливуддагы жылдызынын үстүндө ойноп жатат. Лос-Анжелес, 2007-жыл.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Trump International Hotel мейманкасынын жана Чикагодогу мунаранын курулушунун жанында. 2006-жыл.
14/19 Trump International Hotel мейманкасынын жана Чикагодогу мунаранын курулушунун жанында. 2006-жыл.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Атлантик-Ситидеги Taj Mahal казиносу Трамптын банкрот болуу мыйзамына ылайык коргоо сурап кайрылган компанияларынын катарында болгон.

15/19 Атлантик-Ситидеги Taj Mahal казиносу Трамптын банкрот болуу мыйзамына ылайык коргоо сурап кайрылган компанияларынын катарында болгон.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамп 2011-жылы Флоридада өткөн "Чай ичүү" кыймылынын жүрүшүндө. Республикалык партиянын ультраконсервативдүү фракциясына кайрылуусунда ал Барак Обаманын дарегине сын жаадырган. Андан кийин "Барак Обама АКШда төрөлгөнбү?" деген ураан астында кампания баштаган.

16/19 Трамп 2011-жылы Флоридада өткөн "Чай ичүү" кыймылынын жүрүшүндө. Республикалык партиянын ультраконсервативдүү фракциясына кайрылуусунда ал Барак Обаманын дарегине сын жаадырган. Андан кийин "Барак Обама АКШда төрөлгөнбү?" деген ураан астында кампания баштаган.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Трамп Республикалык партиянын атынан президенттикке талапкер болуу номинациясын алууда. Кливленд, Огайо, 21-июль, 2016-жыл.
17/19 Трамп Республикалык партиянын атынан президенттикке талапкер болуу номинациясын алууда. Кливленд, Огайо, 21-июль, 2016-жыл.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Кампания учурунда бир нече аял Трампка каршы чыгып, аны сексуалдык зомбулукка айыптаган. Трамп бул калп экенин билдирип, президенттик жарыш бүтөрү менен аларды сотко берерин айткан.

18/19 Кампания учурунда бир нече аял Трампка каршы чыгып, аны сексуалдык зомбулукка айыптаган. Трамп бул калп экенин билдирип, президенттик жарыш бүтөрү менен аларды сотко берерин айткан.

Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Дональд жана Мелания Трамп президенттик шайлоодо добуш берүүдө. Нью-Йорк, 8 ноябрь, 2016-жыл.
19/19 Дональд жана Мелания Трамп президенттик шайлоодо добуш берүүдө. Нью-Йорк, 8 ноябрь, 2016-жыл.
Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды. Анын жашоосунун урунттуу учурлары сүрөттөрдө.
Артка
Алдыга

• 16x9 Image

Айданбек Акмат уулу

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG