Президенттик администрация башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматынан убактылуу четтетүү Баш мыйзамга каршы келбей турганын билдирди. Ал арада Зулушевдин жакындары акыркы эки жылда бир канча жаңы фирмаларды каттаганы тууралуу маалыматтар интернетке чыгып, талкууга түштү.
Президенттин талашка түшкөн чечими
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев убактылуу кызматтан четтетилген башкы прокурорго байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал Курманкул Зулушев кызматынан биротоло бошотулбаганын белгилеп, мындан улам бул чечим үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынбайт деп чечмеледи.
"Саламаттык сактоо министрине козголгон кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында жалпыга маалымдоо каржаттарындагы маалыматтардан улам коомчулукка жакшы белгилүү болгон саламаттык сактоо министри менен башкы прокурордун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелерди эске алып, президент тергөө маалында кызматтан убактылуу четтеткенине көңүл буруу керек", - деп жазды Султанбаев.
Мыйзамда каралгандай кылмыш иштерин тергөө мөөнөтү эки айды түзөт.
Президент Садыр Жапаров “Коррупцияга” шек саналып кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ага кылмыш ишин козгогон башкы прокурор Курманкул Зулушевди 4-июнда тергөө аяктаганга чейин кызматтан четтеткен.
Мамлекет башчынын бул чечимин юристтер сындап, Башкы прокуратура көз каранды эмес мамлекеттик институт экенин белгилешет.
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, башкы прокурордун орун басарына суроо салды:
“Ар кандай сөздөр айтылып жатат. Мыйзам боюнча башкы прокурорду кызматтан убактылуу четтете албайт деген. Сиз мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алышыңыз керек. Ушуга кандай комментарий бересиз?”.
Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев буга комментарий бере албай турганын, кабыл алынган чечимди аткарууга тийиш экенин айтты.
14 жыл прокуратурада иштеген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аманкул Токтомамбетов Курманкул Зулушевдин кайра кызматка келишине ишенбей турат.
“Курманкул Зулушев Садыр Жапаровго жакын, анын ысымын көп атаган министрди камады. Бул ишти президентке айтпай кылды окшойт. Кеңешип иш кылса башкача болмок. Эми Курманкул Зулушев кызматына кайтып келүү үчүн Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон жети кылмыш иши далилденип, ал соттолушу керек болот. Садыр Жапаров шек санабаса Курманкул Зулушевди кызматтан четтетпейт эле”.
Башкы прокурорлук кызматтан убактылуу четтетилген Курманкул Зулушев президенттин буйругу “талкууга жатпайт” деп эсептерин 4-июнда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал “өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш” деп айтты.
"Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келем. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим - мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү".
Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү саналган экс-депутат Курманкул Зулушев 2020-жылы октябрь айында баш прокурор болуп дайындалган. Алымкадыр Бейшеналиев дагы ошол жылы министр болуп келген.
Чуу жараткан "тоголок арыз", жакындардын бизнеси
Ал арада жарандык активист Атай Бейшенбек өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына “Садыр Жапаровго прокурорлордун анонимдүү кайрылуусу” деп аталган кат жарыялады. Төрт барак “тоголок арызда” башкы прокурордун ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болот.
Атай Бейшенбек кайрылуунун каяктан пайда болгонун мындай түшүндүрдү:
“Бул кайрылуу менин жеке кат куржунума келди. Ал жерде кайрылуу президент Садыр Жапаровго жөнөтүлөрү, анын алдында мага жиберишкени айтылган. Аны окуган адам кайрылуу фактылар менен, Башкы прокуратураны ичинен билген адам жазганын дароо түшүнөт. Мен ал жерде жазылган фактыларды иликтеш керек деген ойдо жүктөдүм”.
Президент Жапаровго багытталган бул катты жарыялаган Атай Бейшенбек министр Бейшеналиевди колдогон митингдерге катышып, коргоп сүйлөп жүргөнү белгилүү.
Чуулуу катта Курманкул Зулушевдин аялы, бир туугандары жана балдары 2021-жылдан тарта бир нече компания түзүп, ишкердик менен алектене баштаганы жазылат.
Юстиция министрлигинин сайтында чындыгында эле катта айтылган компанияларды Зулушевдин жакындары түптөгөнүн көрүүгө болот.
Мисалы, "Радуга Пром Строй" компаниясын Токторалыев Барсбек Курманкулович башкарат. Ал башкы прокурордун уулу. Компания 2021-жылы 30-сентябрда кайра каттоодон өткөн.
Курулуш тармагындагы “Ырыс Ордо” компаниясына Маматов Эрлан Акматкалиевич, Рысбеков Майрамбек Нурбаевич, Абиев Нурланбек Маматисаевич жана Зулушов Дарманкул Токторалыевич ээлик кылат. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Ырыс Ордо” 2022-жылы 29-апрелде кайра катталган.
Зулушевдин бир тууган иниси Рыскул Зулушов энергетика тармагында иштеген эки компанияга ээлик кылат. Анын бири “Рыс Гидро” 2021-жылы түзүлүп, бир жылдан кийин кайра каттоодон өткөн. Анын жалгыз негиздөөчүсү, директору - Рыскул Зулушов.
Ал эми “Кайнама ГЭС” 2021-жылдан баштап иштей баштаган. Анын негиздөөчүлөрү Советбек Назаралиев менен Рыскул Зулушев.
Биз Советбек Назаралиев менен байланыштык. Ал компания ГЭС кура турганын айтып, социалдык тармактардагы сын пикирлерге жооп берди.
“Билип-билбей эле ар кандай нерсени жаза берет экен. Компания жаңы түптөлдү. Азыр иш баштала элек. Бизге Курманкул Зулушевдин колдоосу болгон жок. Айтылып жаткан сөздөр туура эмес”.
Рыскул Зулушевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болбоду. Анын Юстиция министрлигинде көрсөтүлгөн телефон номерлери иштеген жок. "Азаттык" анын пикирин да коомчулукка угузууга даяр.
Эки компанияны ээлеп турган Рыскул Зулушев жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен катышкан. БШКнын сайтында Рыскул Зулушевдин Ош облустук сот департаментинде жетекчинин милдетин аткаруучу болуп иштей турганы да жазылган.
Активист Роза Маманова Зулушевдердин Оштогу таасири тууралуу социалдык медиага жазып жүрөт. Ал "туугандардын бизнеси акыркы кезде өнүгө баштаганын" белгилейт.
“Бир тууган иниси Рыскул Ошто тергөөгө, прокуратурага кийлигишип жатканын жазып чыккам. Рыскул Зулушев тергөөчүлөргө, прокурорлорго, УКМКнын балдарына басым кылып жүргөнүн мага айтып жатышат. Анын Ошто үйлөрдү курган компаниясы бар. Булардын бизнестери Курманкул Зулушев бийликке келгенден кийин өнүгө баштады”.
8-июнда factcheck.kg порталы "Зулушевдердин бизнеси. Экс-прокурор менен байланыш" деген материал жарылады. Анда журналисттер Зулушевдин Прокуратура органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, мурдагы атайын прокурор Адис Өмүралиев менен бизнес байланышын таап чыгышкан.
Журналист Шайырбек Абдырахман баш прокурор Зулушев кызматынан убактылуу четтетилери менен аны каралаган топтор пайда болгонун байкаган. Ал жарыяланган кайрылууда "илип алар факты жок" деп эсептейт.
“Азыр эми баарын ачык айткан эле заман. Жанагы кайрылууну окуп чыктым. Анын мазмунун көчөдөгү эле ушак сөздөр деп айтам. Зулушевди каралоо иштерин социалдык тармактардан көрүп жатам. Аны кимдир бирөө уюштуруп жаткандай. Азыр акча төлөп берип, Фейсбукка жамандатып жаздырган учурлар көп болуп атпайбы. Зулушевди күнүгө, стабилдүү түрдө каралап жатышат”.
Кызматтан убактылуу четтеген Зулушевди сындаган кайрылуу президенттин администрациясына жетип-жетпегени белгисиз. Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы окуя боюнча комментарий бере элек.
Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов мындай өңүттөгү кайрылууну каалаган киши жазып койсо болорун айтты.
“Анонимдүү кат биринчи мамлекеттик органдарга келип түшүш керекпи? Ички иштер министрлигине же УКМКга келип түшүптүрбү? Бул кат эч бир жерде жок. Мыйзам боюнча мындай кайрылуулар каралбайт. Бул катты Атай Бейшенбек өзүнүн баракчасына чыгарып жатат? Ал ушундай маалымат таратып жатканы үчүн жооп бериш керек. Балким, өзү же жанындагы кишилер жазды”.
Мурдагы сот, экс-депутат, башкы прокурор
52 жаштагы Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада, Транспорт прокуратурасында прокурордун жардамчысы, тергөөчү өңдүү кызматтарда иштеген.
Андан кийин Зулушев сот тармагына өткөн. 2007-2013-жылдары Чүйдөгү Сокулук районунда судья, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болгон.
Зулушевдин аты саясий айдыңда 2013-жылы таанылган. Анда шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев бийликти күч менен басып алууга байланыштуу шек саналган Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган өкүм чыгарып, кийин кызматтан алынган. Зулушев 2015-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынан парламентке депутат болуп шайланып келген.
2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен чогуу туруп, президент Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетүүгө мажбурлаган сүйлөшүүлөргө катышкан.
Зулушевдин башкы прокурорлукка дайындалышы Садыр Жапаровдун жеке бийлигин күчөткөн көрүнүш катары бааланган.
Башкы көзөмөл мекемесин жетектей баштаганда прокуратура органы саясаттан тышкары иш алып барарын жарыялаган. Ошондой эле ал коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүп, бирок саясий куугунтук менен алектенбей турганын айткан.
Зулушев күлүк таптап, өзү да улак тартып, ат үстүндө чапчаң жүрөт. "Обама" деген күлүгүн Европадан алдырып, таптап, " торпок улакка салам" деп коомчулукка көрсөткөн.
Кыргызстандын тарыхында башкы прокурорлордун саясий тирештин айынан кызматтан кеткен учурлары буга чейин да болгон.
- 2011-жылы башкы прокурор Кубатбек Байболов “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары менен болгон тирештен кийин кызматтан алынган.
- 2015-жылы башкы прокурор Аида Салянова "күйөөсү аралашты" делген көмүр чырынан кийин эмгек өргүүсүнө чыгып, кызматка кайтып келген эмес.
- Андан кийинки башкы прокурор Индира Жолдубаева Жээнбеков-Атамбаев мамилесинин бузулушунан кийин кызматтан кетсе, анын ордуна келген Өткүрбек Жамшитов Октябрь окуясынан кийин отставкага кеткен.