Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Жаңы салык cаясаты: Кара-Сууда соодагерлер акцияга чыкты


Кара-Суу базарындагы 300дөн ашык соодагер 29-ноябрда кыргыз өкмөтүнүн салык саясатына нааразы болуп митингге чыкты. Алар көзөмөл-кассалык аппаратын иштетүүгө, электрондук эсеп-фактура толтурууга каршылыгын билдирип жатышат. Ишкерлер райондун акими менен жолугуп, бийликке үнүн жеткирүүнү талап кылышты.

Кара-Суу базарында иштеген соодагерлер жыл жаңырганда ишке кире турган салыктын жаңы системасына каршы чыгышты. Алар кассалык-көзөмөл аппаратын иштетүүгө, электрондук эсеп-фактураны толтурууга макул эместигин айтып, салык төлөөнүн патент системасы менен иштөө тууралуу талаптарын коюшту.

“ККМге, электрондук эсеп-фактурага каршы болуп жатабыз. ККМди жок болду деп жатат, бирок мен көрө элекмин, маалыматым жок. Эсеп-фактураны биз товар алган жердеги ишкерлер бербей, ортодо кыйналып жатабыз”, - деди соодагерлердин бири Гүлмира Муратова.

Нааразылык билдирип чыккан Дилмурат аттуу жаран салыктын жаңы системасы инспекторлорду коррупцияга түртүп, соодагерлерге ашыкча түйшүк жаратат деген кооптонуусун жашырбады:

“Айрым учурларда товар сатып, эсеп-фактура толтурбай калсак, салыкчылар келип, бизге айып пул салып кетет деп кооптонуп жатабыз. Мындай аракеттер соодагерлерди жүдөтөт деп ойлойм”.

Чогулгандар менен райондун акими Жакыпбек Субагожоев жолугуп, талаптарын укту. Ишкерлер буга чейин салык маселесине байланыштуу ачык пикирлерин басымдан улам билдире албай, үнү бийликке жетпей келгенин айтышты.

“Кара-Суу - эң чоң базарлардын бири. Азыр соодагерлер өз талаптарын коюшту. Биз эми аткаруучубуз да, жеткиребиз", - деди Субагожоев.

"Азаттык" соодагерлердин талабы боюнча акциядан кийин Кара-Суу райондук салык кызматынын башчысы Жанарбек Жусубалиевден комментарий алды.

Ал жаңы эрежеге ылайык, ишкерлер соодасына жараша гана салык төлөрүн, ККМ колдонулбай турганын түшүндүрдү. Анын айтымында, маселен соода жүгүртүүсү 4 миллион сомго чейинкилер жылына 18 миң сом салык төлөйт. Ал эми эсеп-фактура жазылышы керек деген маалымат берди:

“Булар эсеп-фактура жазышы керек. Анткени товары кайдан келгенин, уурдалбаганын, контрабанда эмес экенин көргөзүшү керек. Бул Кыргыз Республикасындагы бардык соода-сатык менен алектенген ишкерлерге коюлган талап. Бул бир эле Дордойго же Кара-Сууга эле тиешелүү эмес”, - деди Жусубалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 30-ноябрдагы жыйынында Кыргызстандагы чоң-чоң базарлар – “Дордой”, Кара-Суу, “Ош” базарларында иштеген соодагерлер салыкты кандай төлөй турганы тууралуу дагы деле маалыматы жок экенин билдирди.

“Киреше 8 миллиондон ашса эмне болот, 10 миллиондон ашса кандай болот, 20 миллиондон көп болсо эмне болот эч ким билбейт. Ушундан улам чатак чыгып атат. Өкмөт ушул чоң базарларга салык системасын жакшы билген адистерди жиберсеңер. Барып 10 күн түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Иштебесеңер айткыла да биз барып түшүндүрөлү”.

Депутат Мамлекеттик салык кызматын ишкерлерге салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын айтып сынга алды.

Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Кара-Суудагы акциядан кийин Мамлекеттик салык кызматы маалымат таратып, аталган базарда иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошотула турганын билдирди.

Маалыматка караганда, салык мыйзамдары боюнча Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алат. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу Кара-Суу базарлары кирет.


Алар 2024-жылы 1-январдан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулат.

Эсеп-фактура боюнча райондук башкы салыкчы менен Мамлекеттик салык кызматынын эки ача билдирүүсүнө байланышкан суроо азыр ачык бойдон турат.

Салык кызматынын маалыматы боюнча ишкерлерден алынчу салыктын баасы төмөнкүдөй тартипте аныкталат:

1) лотоктордо, күркөлөрдө, чатырларда, көчмө арабаларда, бастырмаларда 4 млн. сомго чейин соода кылгандарга – жылына 18 миң сом же айына 1,5 миң сом;

2) 8 млн. сомго чейин - жылына 42 миң сом же айына 3,5 миң сом;

3) 8 млн. сомдон 15 млн. сомго чейин – жылына 96 миң сом же айына 8 миң сом;

4) 15 млн. сомдон 22 млн. сомго чейин – жылына 168 миң сом же айына 14 миң сом;

5) 22 млн. сомдон 30 млн. сомго чейин – жылына 252 миң сом же айына 21 миң сом;

6) 30 млн. сомдон 50 млн. сомго чейин – жылына 360 миң сом же айына 30 миң сом;

7) 50 млн. сомдон 100 млн. сомго чейин – жылына 500 миң сом же айына 41,6 миң сом;

8) 100 млн. сомдон 150 млн. сомго чейин – жылына 800 миң сом же айына 66,6 миң сом;

9) 150 млн. сомдон 200 млн. сомго чейин – жылына 900 миң сом же айына 75 миң сом;

10) 200 миллион сом жана андан көп суммадагы соода кылгандар – жылына 1 млн. сом же айына 83,3 миң сомдон салык төлөөгө тийиш.

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттендирип жатат.

Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү жана электрондук эсеп-фактура да киргизилген.

Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG