Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Жаңы конуштар мыйзамдаштырылат


Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.
Бишкектин чет жакасы. 2010-жыл, апрель айы.

Президент "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.

"Өкмөттүн өгөй баласына айландык"

29 жаштагы Нурлан Шадыманов сегиз жылдан бери Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт. Убагында жер тилкени жети миң долларга сатып алган. Ал үйдү салып, тегерек четин ирээтке келтиргени менен, документтин жоктугунан бир катар көйгөйлөргө туш болууда. Жаңы конушта суу тартыш, газ түтүктөрү да чуркатыла элек. Мындан тышкары Ак-Ордонун бул бөлүгүнө "Тез жардам" кызматы такыр келбейт.

"Төрт балам бар. Алар ар кайсы жерден төрөлдү. Анткени бир дагы төрөткана албайт. Дарыгерлерге акча берип, же туугандардыкына каттоого туруп жаттык. Өзүң, же балаң ооруп калса Бишкектин ооруканасы кабыл албай "Сокулук районуна бар" дешет. Ал жак болсо "документиңер жок" деп кабыл албайт. Биз өзүнчө анклав болуп калдык. Балдарым чоңойгон сайын мектеп, бала бакча маселеси пайда боло баштады. Азыр трансформация боюнча мыйзам кабыл алынганын угуп жатабыз. Бирок бизге толук маалымат бериле элек".

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында аларга там салынып, калктуу конуштар пайда болгон. Алардын көбү 2010-жылдан кийин басып алынып, кийин ар кимге сатылып кеткен. Жыйынтыгында, ал жерде жашаган жарандардын жол, суу, мектеп, бала бакча сыяктуу инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөрү чечилбей турат.

Айдоого түшкөн жаңы конуш.
Айдоого түшкөн жаңы конуш.

Мыйзамдын мааниси, трансформациянын шарты

Президент Садыр Жапаров 13-августта Ак-Ордо жаңы конушу тараптагы ЖЭБ-2нин абалы менен таанышууга барган. Бийлик СССР кулагандан кийин иши токтоп, 47 гектар санитардык зонасына үй курулуп кеткен ЖЭБди кайра жандандырууну пландап жатат. Президент имаратты көрүп чыккандан кийин Ак-Ордонун тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Ушул эле күнү Садыр Жапаровдун "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгону белгилүү болду.

Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык мыйзам турак жай куруу пландалбаган жер тилкелерине үй салып алган адамдардын бир топ жылдан берки көйгөйүн чечүүгө багытталган. Жакын арада кыргыз өкмөтү мыйзамдын аткарылышы боюнча жобо кабыл алып, аны көзөмөлдөй турган органдарды аныктайт. Андан кийин жергиликтүү тургундарга маалымат бериле баштайт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жер-суу инспекциясынын директору Айнура Кенжебаева мындай деди:

Айнура Кенжебаева
Айнура Кенжебаева

“Мыйзамдын кабыл алынышы трансформация боло турган жерлерге жол ачып берди. Эми анын аткарууда жергиликтүү бийликтин милдети чоң. Алар элди убара кылбашы керек. Өкмөт кабыл ала турган жободо трансформация боло турган жерлердин тизмеси, иштин багыты так жазылат. Негизинен райондордогу жер комиссиясы иш алып барат. Аны райондун акиминин орун басары жетектейт. Андан кийин маселе облуста каралат. Акыркы чечимди өкмөт кабыл алат. Буга чейин иштеген жер комиссия ар бир тилкени тастыктап чыккан”.

Мыйзамга ылайык, өлкө боюнча 1650 гектар жер трансформацияланып, 10 миңден ашык үй-бүлөнүн социалдык көйгөйлөрү чечиле турганы айтылууда. Аталган жер тилкелердин басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда жана Ош шаары менен Кара-Суу районунда жайгашкан.

Айнура Кенжебаева жерди мыйзамдаштыруу менен социалдык маселелер толугу менен чечиле турганын кошумчалады.

“Ар бир жаран өздөрүнүн жерге болгон укугун пайдалана алат. Ошол жерден каттоого турат. Мындан тышкары алардын балдары бала бакча, мектепке бара алат. Мындан тышкары жер отчету ирээтке келтирилет. Анткени аталган аймактар юридикалык жактан айыл чарба багытындагы жерге кирсе, иш жүзүндө үйлөр курулуп кеткен да. Мындан тышкары салык системасы жөнгө келет. Анткени айдоо жердин бир гектарына 500 сом төлөнүп келген, ал эми калктуу конуштун салыгы алда канча жогору. Бул республикалык бюджетке кошумча каражат түшөт дегенди билдирет”.

Өкмөттүн маалыматына караганда, үч категориядагы жер тилке трансформация болот. Биринчиси - 2018-жылга чейин ар кандай жолдор менен үй курулуп калган айыл чарба багытындагы жерлер. Экинчиси – тиешелүү документтери бар, бирок үй курууга уруксат берилбей жаткан жер тилкелери. Үчүнчүсү – салынып калган үйлөрдүн арасында айыл чарба багытында иштеткенге мүмкүн болбогон, кайракы жерлер.

Мурдагы мыйзамдар эмнеге иштебей калган?

Ушуну менен айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоо боюнча үчүнчү мыйзам ишке киргени турат. Алгачкы мыйзам 2018-жылы кабыл алынган. Ал жерде 2009-жылга чейин курулган турак жайлар гана камтылган эле. Өкмөттүн планы боюнча 13 миң гектар жер трансформация боло турганы айтылган эле.

Бирок 200 гектарга жакын жерге гана документ берилген. Андан кийин Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда, 13-ноябрда экинчи мыйзамга кол койгон. Аталган документ 2009-жылдан кийин курулган үйлөргө тиешелүү болчу. Бирок ал дагы иштеген эмес. Анын себебин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

Нурбек Алимбеков
Нурбек Алимбеков

“2020-жылы кабыл алынган мыйзамда “айыл чарба жоготуусун үлүш ээлери төлөсүн” деп жазылып калган. Анткени жердин ээси бир гектар жерин 15-20 адамга сатып пайда көрүп жатат. Андыктан айыл чарба тармагына келтирилген чыгымды төлөтөлү деген ой болгон. Бирок мыйзам кабыл алынганы менен иштебей калды. Анткени жердин ээлеринин бир бөлүгү чет мамлекетке кетип калса, кээ бири өтүп кеткен. Ал жерде жашап жаткандар төлөй ала турган эмес. Ошон үчүн аталган мыйзамга кайра толуктоо киргизилип, тургундар айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотулду”.

Бишкектин чет жакасында эле 6 миңге жакын үйдүн документи жок экени айтылып келет. Айыл чарба категориясына кирген ал жерлерге үй салууга уруксат берилбегендиктен, турак жайлар мыйзамсыз деп саналат. Ал жерде жашагандар байма-бай митинг өткөрүп, жашап жаткан үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү талап кылып келишкен.

Жаңы мыйзамда жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет. Жергиликтүү тургундар буга да макул болуп, жолду өздөрү салып, электр жарыгын дагы тартып алганын айтышууда. Болгону өкмөт социалдык мекемелерди куруп берсе дешет.

Новопавловка жергиликтүү кеңешинин депутаты Сыргак Майрамбек уулу трансформация маселесинде коррупциялык көрүнүштөр орун алышы мүмкүн экенин айтууда.

Сыргак Майрамбек уулу
Сыргак Майрамбек уулу

“Өкмөт трансформация маселелси боюнча толук жоопкерчиликти албай жатат. Мисалы жердин ээси бир же беш гектар жерине бир эле кызыл китеп алат. Андан кийин алар документти ар бир үйгө өткөзүп берет. Ушул жерден “сен 2000 доллар, сен болсо 5000 доллар бересиң” деген шылуундар пайда болуп жатат. Сураганын бербесең “үйүңдү көчүрүп кет” дей башташат. Мамлекеттик кызматтар ушундай тобокелдиктерди эске алышы керек. Антпесе баягы эле карапайым адамдарга күч келет. Ансыз деле бир жерде эки жолу сатып алууга мажбур болгондор көп. Өзгөчө Сокулук районунда жер менен иштеген алдамчылар абдан көп”.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында аларга там салынып, калктуу конуштар пайда болгон. Бишкектин тегерек четиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Мындан улам трансформация маселесине айрым адистер каршы болуп жүрүшөт. Алар уруксаты жок салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштырып берүү жер басып алууга жол ача турганын айтып келишет.

Архитектор Улан Бейшенбаев Бишкектин тегерек четинде жаңы конуштардын көбөйүшү көп көйгөйлөрдү пайда кылганын айтып жатат.

"Шаардын айланасын жаңы конуштар басты. Бишкек шаар эмес, чоң айыл болуп калды. Албетте ар бир адам жер тамда жашагысы келет. Бирок андай үйлөр айыл жергесине мүнөздүү да. Биз жер үйлөрдү бузуп, анын ордуна көп кабаттуу батирлерди курганга аракет кылсак болмок. Жайнап кеткен жеке секторлордун кесепетин кышында көрүп жатабыз. Жагылган көмүрдөн улам шаарды ыш каптап, дем алууга мүмкүн эмес. Мындан тышкары айыл чарба багытындагы жерге тийбеш керек. Себеби азык-түлүк коопсуздугуна кедергисин тийгизет".

Айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган. Аталган документ азыр да күчүндө. Кабыл алынган мыйзам боюнча мындан кийин айдоо жерлерине курулуш жүргүзгөн адамды жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG